Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

АРАП ӨЛКӨЛӨРҮ ЖАНА ДЕМОКРАТИЯ


Бирикен Улуттар Уюмунун апрелдин башында арап өлкөлөрүндөгү демократиянын абалы жөнүндө доклад жарыялайт. Анда саясый эркиндикке жана региондун өнүгүүсүнө жолто болгон жагдайларга көңүл бурулат деп күтүлүүдө. Жакында БУУда өткөн жыйында, ошол докладдын жетекчилери арап өлкөлөрүнүн калкын өкмөттү башкарууга тартуу үчүн саясый реформа жүргүзүү жана эларалык мыйзамдардын аткарылышы зарыл экенин белгилешти.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасы - ЮНДПнын доклады апрелдин башында жарыяланат. Докладда Ирак согушу менен Израилдин оторчулугуна берилген баага АКШ макул болбогондон улам аны жарыялоо кечеңдөөдө.

Программанын арап мамлекеттери боюнча башчысы Нада Нашиф айымдын демократияны өнүктүрүү боюнча ушу күндөрү Улуттар Уюмунда болгон конференцияда билдиришинче, саясый эркиндиктин абалын изилдеген докладда арап өкмөттөрү мурдакыдай эле сынга алынат:

–Арап өлкөлөрүндө жарандардын саясатка катышуусу, жарандык эркиндик, саясый укуктар жана көз карандысыз медианын абалы дүйнөнүн башка бөлүктөрүнө караганда начар өнүккөнүн аныктадык. Бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү жөнсүз кысмакка алынып, чечим кабыл алуу бүтүндөй өкмөттүн колунда.

Нашиф айым эларалык коомчулук тарабынан ар кандай чектөөлөр киргизилсе, арап өлкөлөрүндө саясый эркиндиктин жана демократиянын өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлмөк деген ойдо. Региондо демократиянын өнүүгүсү үчүн докладда кандай сунуштар айтылат? Нашиф айым “Азаттыкка” берген интервьюда мындай деди:

- Биз парламентте аялдардын көбүрөөк болушуна, соттордун көз карандысыздыгына, башкаруу органдарынын ачык иштөөсүнө, коомдук секторду реформалап, укугун кеңейтүүгө жана алардын жарандык коом алдындагы жоопкерчилигин күчөтүүгө көңүл бурдук.

Улуттар Уюмунун Хартиясы демократияга артыкчылык берүүгө чакырбайт. Бирок БУУнун Башкатчысынын улук жардамчысы Мэллок Браундун семинарда айтышынча, ЮНДП соңку жылдары улуттук өкмөттөргө демократияны өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө көп көңүл бурууда:

–Биз келишимдердин, демократия эмес, адам укуктарынын, мыйзамдуулуктун жана демократиянын башка көптөгөн элементтерин көпчүлүк өкмөттөр кол койгон эларалык мыйзамдардын алкагында сакталышына байкоо жүргүзүүдөбүз. Биз эларалык келишимдердин сакталышын жана жазбай аткарылышын текшеребиз.

Улуттар Уюмунда өткөн семинардын башка бир докладчысы Абдулкарим Эрияни демократия региондо эми гана “жандана баштады” деп санайт. Анын мисалы катары Палестинада жана Иракта өткөн жалпы элдик шайлоолорду, Мисирдеги жана Ливандагы демократиялык өзгөрүүнү талап кылган күчтөрдүн жандануусун айтса болот. Анткен менен демократия арап дүйнөсү үчүн кадыресе көрүнүш эмес, кокустук дейт Эрияни мырза.

– Демократия региондо азыр түптөлүп калды деп айта албайм. Демократия “бүчүр байлоодо”, эми гана көз жарып жатат, азырынча демократия деле жок. Региондо болуп жаткан жышаандар көптөн үмүттөндүрөт.

Абдулкарим Эрияни - Йемендин мурдакы премьер-министри. Анын айтмында, арап өлкөлөрүнүн эли шайлоого катышканы менен башка маанилүү саясый жараяндардан четте турат. Андыктан эларалык коомчулук Жакынкы Чыгышта демократиянын телчигишине жардам көрсөтүп, саясый реформаны жүргүзүүгө үйрөтүшү шарт.

XS
SM
MD
LG