Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

КЫТАЙ ТАЙВАНГА СЕС КӨРСӨТҮҮДӨ


Дүйшөмбүдө Кытайдын парламенти сепаратизмге каршы мыйзамды жактырды. Ага ылайык эгер Тайвань эгемендүүлүгүн жарыялоого аракет көрсө, Бейжин аралга каршы аскерий күч колдонушу ыктымал. Алдыңкы күнү Кытайдын президенти Ху Цзинтао Элдик армиянын делегаттарынын алдында сүйлөп, жоокерлерди согушка даяр турууга чакырган эле. Тайпей өкмөтү болсо Бейжиндин мындай демилгесин сындап, муну менен региондогу кырдаал ого бетер курчуйт деген кооптонуусун билдирди.

Элдик конгресстин кезектеги сессиясына чогулган делегаттар жаңы мыйзамды кол чаап, кубаттоо менен кабыл алышты. Премьер-министр Вен Жибао мыйзам согушту эмес, тынчтыкты көздөйт деп ырастады:

- Бул мыйзам Тайвандын элине каршы багытталган жок.Ал Тайвандын эгемендүүлүгү үчүн чыгып жаткандарды ооздуктоону көздөйт. Бул документ уруш үчүн эмес, өлкөнүн тынчтык жолу менен кайра биригүүсү үчүн зарыл.

Кытайда, адатта, коммунисттик партиянын лидери сунуш эткен жоболордун бардыгы эле мыйзамгерлердин колдоосун табат. Андыктан аталган документ парламентте колго салынганда 2 миң 896 киши аны колдоп добуш бергени таңгалычтуу эмес. Дагы эки делегат добуш берүүдөн карманды.

Тайвань Кытайдан 1949-жылы жарандык согуштун натыйжасында бөлүнүп кеткен. Арал өзүн өзү башкарып, иш жүзүндө көз карандысыз. Бирок Бейжин аны Кытайдын бир бөлүгү деп санап, Тайпей тынч биригүүгө көнбөсө, күч колдонобуз деп опузалап келатат. Жаңы жобо болсо Тайванга каршы чабуул коюуга мыйзам түрүндө уруксат берүүдө.

Жекшембиде мамлекет башчы Ху Цзинтао армияны согушка даяр болууга чакырып, улутту коргоо - эң негизги маселе деп айткан. Ошол эле 13-марттан тарта Цзинтао борбордук аскерий комиссиясына төрагалык кыла баштады.

Аралдын бийлиги жаңы мыйзамды сындап, анын кабыл алынышы менен региондогу кырдаал ого бетер курчуп, Бейжин менен Тайпей ортосундагы мамилелелерге залака тийет деп билдирди. Тайвандын президенти Чен Шуй-бьян: “Жаңы мыйзам Кытайга Тайвандын келечегин бир тараптуу аныктоого жол ачат. Ал Тайван эли демократиялык жана эркин жашоону тандоого укуктуу экенин эске албайт”, - деп комментариялады.

Кытайдын премьер-министри болсо дүйшөмбүдө АКШ менен Япониянын биргелешкен коопсуздук декларациясын сындады. Токио менен Вашингтон Тайвань кысыгындагы бейпилдик бардыгыбыздын максатыбыз деп билдиришкен эле. Ырасмий Бейжин мындай позицияны сырттан кийлигишүү катары баалады.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс жекшембиде америкалык каналдардын бирине интервью берип, мыйзамдын кабыл алынышы дестабилизацияга алып келет деп эскерткен эле:

-Чыңалуу сөзсүз өсөт. Чыңалуу эч качан оң натыйжага алып келген эмес. АКШ бирдиктүү Кытай саясатын карманат. Аны бардыгы эле түшүнөт. Тараптар азыркы статус квону бузууга аракет көрбөшү керек. Бул – эң негизгиси, - деген Райс.

Тайвандык бийликтер Кытайдын жаңы мыйзамына каршылык иретинде 26-мартта демонстрация өткөргөнү жатышат.

XS
SM
MD
LG