Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

ИРАН ЖАНА ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ ТЕРРОРДУК УЮМДАР


Нарын АЙЫП, Прага Израил жана АКШ жетекчилиги бир топ мезгилден бери Иран менен Сирияны күнөөлөп, алар эл аралык террорчуларды колдойт деп келет. Дамаск менен Тегеран андай күнөөнү такай четке кагат, бирок акыркы айларда Вашингтон тараптан Иранга каршы айтылган күнөөлөр бир топ катуу боло баштады.

1979-жылы Ирандагы бийликке исламчыл күчтөр келгенге чейин Иран шахы менен Израил жана АКШ ортосундагы байланыштар бир топ жакшы болчу. Бирок шахты бийликтен кулатып, Иранда исламдык тартип орноткон аятолла Рухолла Хомейни бийликке келээри менен Палестинада басылып алынган араб жерлерин Израил арабдарга кайтарып берүүгө тийиш деп, АКШ менен Израилди болсо душман катары жарыялаган. Иран эмгиче Израилди мамлекет катары тааныбайт, ал эми Вашингтон менен Тегеран ортосунда 26 жылдан бери дипломатиялык мамиле жок.

Иранда исламдык тартип орногондон кийин, ал кезде Израилге каршы террордук ыкмалар менен согушуп келген Ясир Арафат дароо Тегеранга конокко чакырылган жана ал жылдарда Иранда төрөлгөн балдар Ясир деп атала баштаган, кийин дагы Арафаттын уюмуна Иран такай колдоо көрсөтүп келген.

2002-жылдын январында деңизде курал жүктөлгөн кеме кармалган жана ал Палестина автономиясына келатканын Арафат мойнуна алган. Иликтөө көрсөткөндөй, кеме Ирандан чыккан, бирок Тегеран андай маалыматты четке каккан. Анткен менен Арафат акыркы жылдарда Израил менен сүйлөшүү жүргүзө баштагандыктан, Палестина менен Иран ортосундагы мамилелер сууй баштаган.

1982-жылы Израил кошуна Ливанга аскер киргизгенде болсо Иран өлкөдөгү экстремисттик топторду дароо колдоого алып, кээ бир уюмдарды өзү түзгөн. Лондон шаарында жашаган эксперт Хаир Теймуряндын айтымында, "Хезболла" уюму Иран тарабынан түзүлгөн:

- Ирандан жардам алган негизги уюм - 'Хезболла', бул уюмду 1982-жылы Ливандагы Ирандын элчиси Али Акбар Мохташамипур түзгөн. Журналисттер тапкан маалыматтарга караганда, жыл сайын бул уюм Ирандан ондогон миллион доллар жардам алып турат. Он эки жыл бою 'Хезболла' Батыш өлкөлөрүнүн Ливандагы жарандарын барымтага алып келген жана анын айынан дүйнөлүк коомчулук Иран өкмөтүн обочого чыгарды, натыйжада өлкө экономикасы миллиарддаган доллар чыгым тартты. Менин оюмча, 'Хамас' жана 'Исламдык жихад' деген уюмдар дагы Ирандан жардам алып турганынан эч ким күмөн санабайт, - дейт Теймурян.

Дагы бир эксперт Нима Рашедандын айтымында, Иран Босния мусулмандарына дагы аскерий жардам көрсөткөн:

- Дэйтон келишими түзүлүп, Боснияга америкалык жана НАТО аскерлери келер алдында өлкөдө Ирандан келген бир топ аскерий топ иштеген, алардын арасында - Мухаммед Реза Шамс Накди жетектеген Революциялык Кодс жоокерлери да болгон. Анын орун басары Хосейн Аллакарам болсо Сарай-Босна шаарынын алдында атайын машыгуу базасын түзүп, анда Алия Изетбеговичтин Демократиялык партиясынын жоокерлерин машыктырган, - дейт Рашедан.

Акыркы мезгилде болсо Иран кошуна Ирактагы куралдуу топторго колдоо көрсөтүүдө деген күнөөлөр көп айтыла баштады жана ал тууралуу АКШ президенти Жорж Буш ачык айтып, Иран менен кошо Сирияны күнөөгө алууда жана эл аралык коомчулуктун басымы астында Ливандагы сириялык аскерлер өлкөдөн чыгарыла баштады. Сирия менен Иран болсо 16-февралда атайын келишим түзүп, сырттан чыккан коркунучтарга биргелешип күрөшүү тууралуу макулдашты.

XS
SM
MD
LG