Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:50

КУРШАБДАГЫ КЫРДААЛ


Замира Кожобаева, Куршаб 15-март күнү Өзгөн районунда депутаттыкка талапкер Адахан Мадумаровдун жана Мамат Орозбаевдин шайлоочулары нааразылык акцияларын жарыша өткөрүштү. Мамат Орозбаевди жактаган эки жүздөй адам Куршаб айылында Бишкек-Ош кан жолун бууп, акыйкаттык талап кылышты. Ал эми Адахан Мадумаровдун жактоочулары 14-мартта кабыл алынган токтом чындыктын күчү менен кабыл алынгандыгын айтышып, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевди Мадумаровдун жеңишин ырасмий бекитүүсүн талап кылышты.

Депутаттыкка талапкер Мамат Орозбаевдин жактоочулары күндүзгү саат бир жарымда Бишкек-Ош жолун Куршаб айылынан тосушту. «Биз акыйкаттыкты талап кылабыз» деген жазуулары бар ураандарды кармашкан эки жүздөй адам бийликтин №39 Куршаб шайлоо аймагы боюнча адилет жыйынтык чыгарып берүүсүн талап кылып жатышты:

- Атым Нуркан, Куршабдын тургунумун. Биз чындыкты каалайбыз. Элдин тынчтыгы үчүн күрөшөбүз, тополоңду каалабайбыз. Жол тосконубуздун себеби бизге акыйкат керек.

Нааразылык акциясынын катышуучулары 14-мартта №39 Куршаб аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан №58, №59, №62 участокторунун жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жана №39 Куршаб шайлоо аймагынын шайлоо жыйынтыгын калган 27 участок боюнча чыгаруу тууралуу кабыл алынган токтомун элдин кысымы алдында кабыл алынгандыгын айтып, талапкер Мамат Орозбаевдин ишенимдүү адамы Аттокур Бусурманкулов билдирди:

- Орозбаев Мамат менен Мадумаров Адахан экинчи турга өткөн. Экинчи тур 13-мартта өттү. Шайлоо негизинен толук туура өткөн. Экинчи турдун жыйынтыгы боюнча 2,5 миң ашык добуш менен Орозбаев Мамат жеңип чыкты. Бирок мурунтан берки даярдалып аткан өзүнүн ишин турмушка ашыруу үчүн элди көтөрүп, Өзгөндөгү акимиятты басып алышып, Мадумаровдун эки миңден ашуун жактоочулары окружкомду күчкө салып, бардыгын эшикке алып чыгып бирден көндүрдү. Өзгөндөгү жакшы өткөн Орозбаевдин жеңишин камсыз кылган үч участканы зордук менен жокко чыгарып, туура эмес чечимди кабыл алышты.

Бишкек-Ош жолундагы кыймыл токтоп, жолго автоунаалар толуп кетти. Буга жүргүнчүлөр нааразы болуп жатышты. Өзүн Асылбек деп тааныштырган жүргүнчү:

- Бул жерде каракулжалык киши жолду ачышын сурап атат. Себеби анын оорукчан атасы Ошко ооруканага барышы керек экен. Карасуулуктар бир автобус болуп элге жол бербей жолдо турат. Бул туура эмес.

Ушул эле убакта Адахан Мадумаровдун эки жүз чамалуу жактоочулары талапкердин штабына чогулушту. Алар 14-март күнү №39 аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынган токтом чындыктын күчү менен кабыл алынгандыгын айтып, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевден токтомду тез арада ырасмий бекитип берүүсүн талап кылышты:

- Ушул жерде кечээ эл көп болду. Өзүбүздүн талапкерибизди тандап алалы деп турдук. Бирок акыйкаттыкты мыйзам чегинде чече элек. Ошону күтүп турабыз. Эл үчүн күрөшкөн Адахан Мадумаровдой жигитти биз тандап депутаттыкка койгонбуз. Мадумаров мандатын алмайынча кетпейбиз.

Нааразылык акциясынын катышуучулары талаптары ишке ашмайын таркабай тургандыктарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG