Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

ЖАЛАЛАБАТТА ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ӨТТҮ


: Ырысбай Абдыраимов, Жалалабат Жалалабат облусунда Кыргызстан элдик кыймылы уюштурган элдик курултай болуп өттү. Анда өлкөдөгү азыркы кырдаалга, парламенттик шайлоонун мыйзам бузуулар менен коштолгондугуна баа берилди. Курултай президент Аскар Акаевдин токтоосуз отставкасын талап кылуу менен Жалалабат облустук биримдигинин координациялык кеңеши түзүлүп, элге жана чет элдик уюмдарга кайрылуу кабыл алынды.

Өлкөдөгү саясий абалга баа берүү, облуста эл бийлигине өтүү жана Эл биримдигинин коомдук кеңешин түзүү, Кыргызстан калкы менен эларалык уюмдарга кайрылуу маселесин талкуулаган Элдик курултайга 701 делегат катышты. Жыйынды Кыргызстан элдик кыймылынын төрагасы Курманбек Бакиев ачты. Республикадагы саясий абал шайлоодогу мыйзам бузуулардан улам курчуганын белгилеген Курманбек Бакиев президент Аскар Акаев бийликтен кеткенде гана шайлоо таза өтөөрүн билдирди:

- Негизги биздин талабыбыз бүгүнкү күнү бул президент өз мөөнөтүнөн мурда отставкага кетиш керек, ошондо гана таза шайлоо болушу мүмкүн.

Карыя делегат Макамбай Өмүралиевдин баасы боюнча айып шайлоодо добушун акча менен аракка саткан жарандардын өзүндө турат:

- Бар болосуңбу, бай болосуңбу, кедей болосуңбу, өзүңдү байларга сатпай, тебеленбей адам боюнча туулуп, адам боюнча өлүш керек эле. Биз ошого жарабадык. Эң негизги кемчилик өзүбүздө.

«Атажурт» кыймылынын төрайымы Роза Отунбаеванын аныктамасы боюнча парламентке туура эмес адамдар тандалды:

- Адамкерчилиги,түшүнүгү болсо, макул бир бүлөдөн бир бала өтсүн, жок аларга аз экен, эки бала өтүш керек экен. Мына ошентип жанындагы адамдардын фамилялары да, аттары да жок, аттары кошелек, экинчиси авторитет, орустардын сөзү бар, уруулардын бир тобун ачкөз деп коет. Биздики парламент эмес, ачкөз болду.

Элдик кыймылдын төрага орунбасары Ишенгүл Болжурова Париж клубу кечкен карызга сүйүнүүгө эрте экендигин жана ар бир адамдын мойнунда азыр 400 доллардан карыз тургандыгына токтолду:

- Биздин экономикабыз байып атат дейт. Кана байыганы? Байыган кишиден алган карызды кечпейт. Начар, байкуш өлкөдөн кечет. Азыр Кыргызстанда төрөлүп аткан балабыз дагы 400 доллар карыз. Ушул дагы өмүрбү, ушул дагы мамлекетби? Акаев 15 жылдын ичинде татынакай гүлдөп аткан Кыргызстанды жокко чыгарды.

Курултайда Элдик биримдиктин облустук координациялык кеңеши түзүлүп, кеңештин төрагалыгына Жусупбек Жээнбеков шайланды. Элдик кошун уюштурулуп, район, шаарларда Элдик биримдиктин бөлүмдөрүн ачуу жагы каралды. Курултайдын чечими менен облустук бийлигинин имаратынын маңдайында турган бийиктиги 3 метр, туурасы 3 метр тактайдагы президент Аскар Акаевдин түстүү сүрөтү алынып ташталды.

Курултайдын өлкө калкы менен чет элдик уюмдарга кайрылуусун «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев «Аскар Акаев кызматтан кетсин!» деген ураан чакыруу менен окуп берди:

- Акаев кетсин! 10-жылдын ичиндеги референдумдарды, президенттик, парламенттик жана жергиликтүү шайлоолорду бурмалоо, добуштарды сатып алуу, мамлекеттик бийликтин бардык күчүн өз балдарынын, үй-бүлөлүк талапкерлеринин пайдасына колдонуп, элдин оор жүгүн көтөрүүгө жөндөмдү чыгаан бир катар уул-кыздарыбызды шайлоого жолотпой, шайлатпай койгон кыргыз улутунун, өлкө элинин ынтымагын ыдыратып, тууганчылыкка, жердешчиликке, катышчуулукка, кызмат орундарын сатууга негиз берген саясатты жүргүзгөн Акаев жана анын жан-жөкөрлөрү эбактан бери элге каршы иш кылып келе жатат, - деп окуду Топчубек Тургуналиев.

Курултайга уюштуруучулардын маалыматы боюнча республиканын бардык аймактарынан 20 миң, ал эми байкоочулардын маалыматы боюнча 12 миң адам жана саясатчылар Курманбек Бакиев, Азимбек Бекназаров, Роза Отунбаева, Ишенгүл Болжурова, Үсөн Сыдыков, Бектур Асанов, Топчубек Тургуналиев жана Равшан Жээнбековдор катышты. Курултай соңунда журналисттер үчүн пресс-конференция уюштурулду.

XS
SM
MD
LG