Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

ИРАКТЫН УЛУТТУК АССАМБЛЕЯСЫ БИРИНЧИ СЕССИЯСЫН ӨКТӨРДҮ


Шаршемби күнү Ирактын улуттук ассамблеясы биринчи сессиясына чогулду. АКШлык аскерлер баштаган күчтөр эки жыл мурда Иракка басып киргенден бери биринчи ирет өткөрүлгөн демократиялык шайлоодон бери алты жума өттү. Бирок шийит арабдар менен күрт партияларынын жетекчилиги жаңы өкмөттүн курамы боюнча мунасага келе элек. Андыктан көпчүлүк байкоочулар сессия ырасмий жөрөлгө катары өткөнүн айтышууда.

Ирактын жаңы шайланган Улуттук ассамблеясынын 275 мүчөсү шаршемби күнү салтанаттуу ант берүү менен гана чектелишти. Жыйында келерки сессиянын мөөнөтү такталбай калды.

Багдаддын ортосундагы катуу күзөтүлгөн «жашыл аймактагы» жыйындар борборуна чогулган депутаттар оболу намаз окушту. Андан соң Убактылуу улуттук ассамблеянын биринчи төрагаларынан болгон күрт саясатчысы Фауд Масум сөз алып, 16-март “Ирактын тарыхында улуу күн катары каларын” айтты.

Делегаттарды БУУнун атайын өкүлү Ашраф Казы куттуктады. Ирактын убактылуу президенти Газы Явер өз сөзүндө делегаттар алдындагы милдеттерге токтолду:

- Бардык ирактыктардын жана өзгөчө сиздердин милдетиңиздер чоң жана маанилүү. Баарынан мурда Ирак элинин бардык катмарларынын укуктары, ишеними жана адамдык арнамысы, көзкарашын эркин билдирүү укугу урматталган Конституция жазылыш керек. Башмыйзам демократиялуу, плюралисттик жана толук эгемендүү федералдуу Ирактын бардык жарандары ортосундагы теңдикке кепил болуш керек.

Ассамблеянын башкы милдети жаңы утурумдук өкмөттү бекитүү жана Ирактын туруктуу Конституциясын жазууга баш-көз болуу. Конституция бекитилген соң, декабрда жалпы элдик жаңы шайлоо өткөрүлүүгө тийиш.

Азыркы убактылуу өкмөттүн башчысы Аяд Алави болсо бардык жарандарды конституцияны даярдоого катышууга чакырды:

- Конституцияда жарандардын негизги укуктары, бийликтин үч бутагы жана алардын өз ара карым-катнашы, мамлекеттин жана өкмөттүн түзүмү, адамдар катышып иштелчү мыйзамдар аныкталыш керек. Бул заманбап, алдыңкы жана Ирактын өзгөчөлүгүн камтыган Конституция болот.

Аллави күрттөр Саддам Хусейндин режимине каршы күрөшкө чоң салым кошконун да белгилей өттү:

- Күрттөр Саддамга каршы күрөштө чоң курмандыктарга барышты. Ал улуттун келечек жолунда биригүүсүнө алып келди жана өбөлгө түзөт.

Күрт партиялары 30-январда өткөн шайлоодо Улуттук ассамблеядагы 75 орунга, ал эми шийитердин Ирак биримдиги альянсы 140 мандатты жеңип алган.

Президентти депутаттардын үчтөн экиси шайлайт. Андан кийин гана президент жаңы премьерди сунуш кылат. Бирок тараптар өкмөттүн курамын аныктай албагандыктан, ассамблея маселеге мындан ары дагы кайрылат.

Талдоочулар өкмөт курамы такталбаса да, Улуттук ассамблеянын ырасмий түрдө чогулганы өтө маанилүү экенин, шаршемби күнү мыйзамдуу өкмөттү түзүү багытында маанилүү кадам жасалганын белгилешүүдө.

Сессия өтүп жаткан кезде Жыйындар борборуна чукул жерде бир канча жардыруу болуп, элди этияттыкка чакырган сиренанын үнү кайра-кайра аба бузду. Андыктан террорчулукту жана эрегишчилерди тыйуу жаңы өкмөттүн башкы вазийпасы болуш керек деди Бириккен Ирак альянсынын төрагасы Абдел Азиз Хаким сессияда сүйлөп:

- Бизге терроризмдин тамырын кыркканга жараган, Саддамдын жана анын өкмөт мүчөлөрүнүн, ошондой эле алардын калдыктарынын сотун тездетчү өкмөт керек.

XS
SM
MD
LG