Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:16

А.ЭРКЕБАЕВДИН ПИКИРИНДЕ, КҮЧ КОЛДОНУУ АЛСЫЗДЫН ИШИ


16-марттагы маалымат жыйынында парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев өлкөдөгү саясий кырдаал, парламенттик шайлоо тууралуу пикирин билдирди. Төрага ишкерлердин арбын шайланышынан парламент утуш албасын айтып, депутаттар арасында оппозиция өкүлдөрү өтөле аз экенин белгиледи.

Палатадагы айрым кесиптештеринин маалынан эрте президенттик шайлоо өткөрүп, парламенттик шайлоону кийинкиге жылдыруу демилгесин Абдыганы Эркебаев колдобостугун айтты:

- Алардын маалынан эрте президенттик шайлоо өткөрүүнү жарыя кылуу, парламент шайлоону кийинкиге жылдыруу жөнүндөгү каалоосу иштеп аткан Конституцияга туура келбейт. Эч кандай укуктук негизге ээ эмес. Мен бул жерде болсом деле ушуну айтмакмын.

Шайлоо курч атаандаштыкта өтөрүн мурда эле боолгологонбуз, деп белгиледи төрага. Калк кандай болсо парламенти деле ошондой:

- Эң алгач баамга урунганы - бул ирет мурдагы Мыйзам чыгаруу жыйынына салыштырмалуу оппозиция кыйла эле аз. Менин эсебимде 5-6 кишинин тегерегинде чыкты. Мүмкүн айрым бир өзгөрүүлөр болор, бирок ал жалпы жагдайды өзгөртө албайт. Көңүлдү дагы эки фактор өзүнө бурат. Айтып коеюн, ишкерлердин парламентке пайдасы аз. Алар өздөрүнүн жеке иштери менен алек болушат. Ошонун айынан бизде дайыма кворум болбой калчу.

Төрага жалпы эле шайлоонун жыйынтыктары, өзү депутаттыкка талапкер катары катышып аткан №44 Алай округундагы абалды мындайча мүнөздөдү:

- Жеке оюм, колдон келишинче, мыйзам чегинде соттошуу жолу менен же шайлоо комиссиясы менен чечиш керек, укук жагынан. Анан жанагинтип көчө-көчөдө, айрыкча акимчиликтерге кирип алып, ал мамлекеттик мекеме да билесиңер, жол тоскон – ушунун баары туура эмес. Кыйын болсоң далил менен күрөш, элди кыйнабай. Алай округунда болсо жанагындай шайлоо комиссиянын деңгээлинде талаш жүрүп атат. Алгачкы маалымат боюнча 1,5 миң добуш ашык алгам. Акыркы алынган маалымат боюнча 1 миң үч жүздөн ашуун добуш. Менимче, мунун өзү чоң көрсөткүч, туурабы? 200-300 болсо бир кеп эле. Андан кийин ушул Чоң-Алай районундагы 4 участкасын күч менен акимчиликке, округдук шайлоо комиссиясына кирип алышып менин атаандашымдын талапкерлери же тарапкерлери дейбизби мажбурлашкан . Билесиңер, андай мыйзамга жатпайт.

Абдыганы Эркебаевдин шайлоо жарышындагы атаандашы Марат Султановдун да пикирин угуп көрөлү:

- Биздин ондон ашуун участкага дооматыбыз бар. Бирок биз азырынча 4 гана участка боюнча бердик. Бул - азырынча жетиштүү. Биз айтып атабыз: «Мейли эми, мынабул участкаларда мындай-мындай фактылар болуптур, ошону үчүн муну чыгаргыла». Жок, ага макул болбой, биз андайга-мындайга барабыз десе, биз башка участкаларды да беребиз. Биз мыйзам чегинде гана иш жасайбыз. Бардыгын актылардын негизинде гана жасап атабыз. Мамлекеттик мекемелерде иштегендер эки-үч жума жалаң ушу шайлоого үгүттөп жүрүштү. Өзгөчө Чоң-Алайда.

XS
SM
MD
LG