Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

БАЗАРКОРГОНДО ЭЛ АКИМЧИЛИКТИ ЭЭЛЕП АЛДЫ


Замира Кожобаева, Базаркоргон 16-март күнү болжол менен беш жүзгө жакын киши Базаркоргондо райондук администрациянын имаратын ээлеп алышты. Алар шайлоонун адилетсиз өткөндүгүнө нааразылык билдиришип, азыркы бийликтин отставкасын талап кылышты жана район жетекчисин кое бербей кармап отурушту. Кечки саат беш жарымда милициянын атайын түзүлгөн отрядынын кызматкерлери имараттын арт жагындагы терезесин талкалап акимди алып кетишти.

Базаркоргон райондук администрациясынын имаратын ээлеп алгандар мындай кадамга 13-мартта болуп өткөн шайлоонун адилетсиз өткөндүгүнөн жана жашоонун кыйындап кеткендигинен улам барып жатышкандыгын айтышты:

- Атым Матисакова Майрамкан. Биз бийлике каршыбыз. Шайлоо жакшы өткөн жок. Ачкачылыктан келдик. Бизге Акаевдин кереги жок. Беш жүздөй адам Акаевди отставкага чыгып кетишин сурап келдик.

- Мирбекова Назира, Талдыбулак айылынан келдим. Биз бул жерге акыйкат издеп келдик. Биздин акимибиздин келгенине төрт ай болуптур, жүзүн бүгүн көрдүк, элге таанышканы барган жок. Шайлоодо аким тарабынан аябай кысым болду.

Нааразы болгон эл имаратка аким менен сүйлөшү үчүн келишкендигин, бирок аким аларды кабыл алуудан баш тартып, чыгып кеткендигин айтышты. Өзүн Назира Чойбекова деп тааныштырган аялдын айтымында:

- Акимияттын алдына бир жарым миң адам акыйкатты билели деп келдик. Саат он экилерде келсек булар акимияттын эшигин жаап коюп, аппараттын кызматкерлери сыртта тосуп турушуптур. Элге аким керек, акимди чакыр десек ынашпады. Ошондон кийин эшикти ачып акимиятка кирип келдик. Аким жок, сыртка качып чыгып кетиптир. Кийин эки-үч аял барып бас десе, болбойт. Мен ушул жерде турам дейт. Биз болбой ичке алып кирдик.

Акциянын катышуучулары район жетекчиси Мамарасул Чороевди кетирбей, өздөрү менен кармап отурушкан. Аким жана башка кызматкерлер бул окуя тууралуу кандайдыр бир сөз айтуудан баш тартышты. Саат беш жарымдарда милициянын атайын түзүлгөн отрядынын элүүдөн ашуун кызматкерлери акимчиликтин имаратынын арт жагындагы терезесин талкалап, акимди алып кетишти.

- Өкмөт адамдары милициянын балдарын топтоп келип айнекти талкалашып, акимди алып чыгып кетишти. Бул жерде элдин эч кандай күнөөсү жок. Тынч отурган элдин тынчтыгын бузду, элдин кыжырына тийди.

Бул окуя турган элдин кыжырдануусун туудурду. Алар бийлик кандай аракеттерди жасап, күч колдонбосун баары бир азыркы бийлик отставкага кетмейинче, эч жакка таркабай тургандыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG