17-мартта нааразылык акциялары болгон жерлердин баарында мындан үч жыл мурун болгон кандуу Аксы окуясын эскерилип, куран окутулду. Коогалаң болгон Аксы районундагы Боспиек айылында окко учкан жигиттерди эскерүү митингиси болуп өттү.
Бирок оппозициянын 17-мартта Таласта өткөрүүгө белгиленген курултайы үзгүлтүккө учурады. Кыргызстан элдик кыймылынын штабынан алынган маалыматка караганда, оппозиция лидерлеринин 17-мартта Таласка келүүсүнө тоскоолдуктар жасалды. Ош-Бишкек жолу тартип коргоо органдары тарабынан тосулуп, алардын өтүүсүнө мүмкүнчүлүк берилген жок. Бишкектен Таласка барууга аракет жасагандарга да жол берилбеди. Таластагы курултайга баратканда Карабуура районунда токтотулушканын Интерньюс борборунун кабарчысы Алтынай Арстанбекова кабарлады:
- Жүзгө жакын адам жолду тосуп өткөрбөй койду. Алар бийликтин адамдары окшойт. Силер эларалык уюмсуңар, демек силер оппозициясыңар. Ошондуктан силерди киргизбейбиз дешти.
Буга карабай Таласта 4-5 миң эл чогулуп, бийлик менен сүйлөшүүгө Бишкекке кеткен Равшан Жээнбековду күтүп турду деп кабарлады Таластан «Кылым шамы» уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова:
- Равшан Жээнбеков Бишкекке кетиптир. Келе элек. Ишенимдүү адамдарынын айтымына караганда, саат 11де Танаев менен жолугушуптур. Андан кийин Жогорку сотко барат экен. Андан соң жолго чыгат экен.
17-мартта Кочкордо элдин нааразылык акциясы уланды.2-3 миңдей адам райондук администрацияны ээлеп турушат. Алардын өкүлү Токтобек Ысмаилов өз талаптары тууралуу буларды билдирди:
- Бийлик алдындагы биринчи талабыбыз, биздин атуулдук укугубузду ордуна койсун. Тактап айтканда, 14 690 кишинин добушун калыбына келтиришсин. Биздин укукту жокко чыгарган Биринчи май райондук соту кызматтан кетсин. Андай соттун бизге кереги жок.
Бейшембиде Жалалабатта, Ошто нааразылык акциясы улантылды. Депутат Дүйшөн Чотоновдун Оштон маалымдоосуна караганда, миңден ашуун адам түштүк борбордун көчөлөрүн кыдырып, президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылып жүрдү. Кыргызстан элдик биримдигинин Жалалабат облустук бөлүмүнүн башчысы Жусуп Жээнбековдун маалымдоосуна караганда, облус борборунда эки миңге чукул адам нааразылык акциясын улантышты.
№5 Асанбай шайлоо округу боюнча ат салышкан Мелис Эшимкановдун тарапкерлери 17-мартта Бишкектеги Октябрь районунун алдында митинг өткөрүүгө аракет жасашты. Бирок чогулган жүзгө чукул элди Эшимканов 18-мартка Максим Горький эстелигинин алдына митингге чогулууга чакырды.
Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Борис Полуэктов өлкөдөгү кырдаалды мындайча баалады:
- Жалпысынан кырдаал көзөмөлдө турат деп ойлоймун. Кээ бир жерлерде гана жакшы эмес иштер болуп жатат. Бул массалык мүнөзгө ээ болбойт. Анткени шайлоо ачык жана мыйзам чегинде өттү. Оппозиция бийликти мыйзамсыз ээлеп алууга аракет кылууда. Алардын баары каттого алынууда. Тийиштүү фактылар топтолгондон кийин кылмыш иш козголот.
Ал эми Ош облусунун мурунку губернатору, “Элет” партиясынын лидери Накен Касиев өлкөдөгү кырдаалга мындай баасын берди:
- Жалпы өлкө боюнча абалды шайлоонун кризиси деп атасак болот. Дагы эки-үч күндүн ичинде тагыраак баа берүүгө болот. Азырынча шайлоо кризиси деп эсептейм.
Акыркы маалыматтар боюнча, “Арнамыс” партиясы 18-марттан тарта Бишкектеги Максим Горкий эстелигинин алдында мөөнөтсүз митинг баштаарын жарыялады. Талаптары: бийликти элге берүү, азыркы президенттин кызматтан кетиши.
17-марттагы дагы бир өзөчөлүк - өлкөдөгү саясий күчтөрдүн жекече да, өз ара да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү болду. Ошондуктан бул күндү күч топтоо, күтүү жана такташуу күнү деп атоого болот, деп белгилешүүдө жергиликтүү талдоочулар.