Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:00

ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫ ЖЕТЕКТӨӨГӨ АКШнын КОРГОО МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ КӨРСӨТҮЛДҮ


Нарын АЙЫП, Прага Дүйнөлүк банктын президенти болуп эки мөөнөт иштеген Жеймс Вулфенсон үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тартып кызматынан кетүүгө тийиш. АКШ президенти Жорж Буш 16-мартта анын ордуна талапкер кылып коргоо министринин биринчи орун басары Пол Вулфовицти көрсөттү. Америкалык чечимди Токио дароо колдоого алды, бирок европалык мамлекеттердин мамилеси анчалык жылуу эмес.

Илгерки салт боюнча Дүйнөлүк банкты америкалык жаран, ал эми Эл аралык валюта корун европалык адис жетектейт. Мындан он жыл мурда Дүйнөлүк банкты башкарууга австралиялык адис Жеймс Вулфенсон корсөтүлгөндө, ал атайын америкалык жарандыкка өткөн. Анын ордуна коргоо министринин биринчи орун басары Пол Вулфовиц көрсөтүлүшү мүмкүн деп март айынын башында алгач "Уолл стрит жорнал" гезити жазып чыккан, бирок Вулфовиц өзү азыркы кызматынан кетүүгө ниети жок экендиги тууралуу билдиргенден кийин америкалык адистер ал кызматка - "Хюллет паккард" компаниясынын мурдагы башчысы Карли Фиорина көрсөтүлүшү мүмкүн деп боолгой баштаган.

Бирок 16-мартта президент Жорж Буш Вулфовицти талапкер деп расми түрдө атады:

- Пол жаңы кызматка даяр. Ал абдан кайрымдуу жана абийирдүү адам, Дүйнөлүк банкта ал жакшы жумуш жасай алат.

Вулфовиц өзү дагы жаңы кызматка даяр экенин билдирди:

- Бул мен үчүн ардак кана эмес, бул маанилүү кызматка менин көрсөтүлүшүмдү мен жаңы жоопкерчилик деп эсептейм. Дүйнөлүк банктын жогорку максатын мен жакшы түшүнөм. Күнүнө бир доллардан кем каражат тапкан жана ошого жакын шартта жашаган миллиарддаган адамды жакырчылыктан чыгаруу ишине катышуу мүмкүнчүлүгү мен үчүн сыймык жана жогорку жоопкерчилик.

Анткен менен европалык саясатчылар Вулфовицти - Ирак согушунун идеологу катары тааныйт жана бул согуш менен байланыштуу Алмания, Франция менен АКШ ортосунда бир топ терең пикир келишпестиктер чыккан. Франциянын Эл аралык байланыштар институтунун деректиринин орун басары Доминик Моизинин пикиринде, Вулфовицтин жаңы кызматка дайындалышын европалыктар гана эмес, көптөгөн америкалыктар дагы жактырбайт:

- Бул чечимге европалыктар көңүлсүз деп айтуу - эч нерсе айтпаганга барабар. Көптөгөн америкалык эмес жарандар жана көптөгөн амрикалыктар үчүн дагы ал азыркы неоконсерватизм жана Ирак согушу үчүн жооптуу адам. Ошондуктан алар - ушундай адам кантип дүйнө элдерине жардам көрсөтүү ишин башкарсын деп ойлойт.

Азыр Бириккен Улуттардын баш катчысынын кеңешчиси болуп иштеген белгилүү америкалык профессор Жеффри Сакс дагы чечимди жактырган жок:

- Дүйнөлүк банк сыяктуу өтө маанилүү эл аралык уюмдарды адистер башкарууга тийиш. Алар кабыл алган чечимдерге миллиондогон адам көз каранды болот. Кызматты аткарууга, менин билишимче, эч тажрыйбасы жок бир талапкер көрсөтүлдү. Эми башка, тажрыйбасы бар талапкерлердин ысымдарын дагы атоого убакыт жетти.

Алмания менен Франциянын өкмөт мүчөлөрү - дагы кандай башка талапкерлер көрсөтүлөөрүн карап көрүш керек деп билдирди. Британия өкмөтүнүн өкүлү болсо бул маселе - Дүйнөлүк банктын өзүнүн иши деп айтты. Бирок адистердин пикиринде, Вашингтон көрсөткөн талапкер бул кызматка дайындалаары бышык. Дүйнөлүк банкка азыр 184 мамлекет мүчө, чечимди - анын 24 мүчөдөн турган башкармалыгы кабыл алууга тийиш.

XS
SM
MD
LG