Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

АДАХАН МАДУМАРОВ: «МЕН ЭЛДИ ЭМИ ТАРАТПАЙМ»


Бакыт Аманбаев, Бишкек «Азаттыктан» мурда кабарлангандай, №39 Куршаб шайлоо округунан депутаттыкка ат салышып жаткан талапкер Адахан Мадумаровду колдоп 20 миңдей адам Өзгөн районунун борборуна 14-мартта нааразылык иш чараларына чыгышкан. Округдук шайлоо комиссиясы Мадумаровга депутаттык мандат бериле тургандыгын айтып, топтолгон элди тараткан. Ал эми кийинки күнү Борбордук шайлоо комиссиясы округдук шайлоо комиссиясынын жогорудагыдай чечимин жокко чыгарды. Ага нааразы болгон шайлоочулар эки күндөн бери кайрадан Өзгөн райакимчилигинин имаратын ээлеп турушат.

- Адахан мырза, сиздин депутаттыкка өтүп-өтпөшүңүз тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы менен округдук шайлоо комиссиясы түрдүүчө маалымат таратууда. Эмне үчүн БШК менен округдук шайлоо комиссияларынын айткандары эки башка чыгып атат?

-Биринчиден, 14-марттагы окуяга округдук шайлоо комиссиянын мүчөлөрү эле эмес, Борбордук шайлоо комиссиясынын жана областык шайлоо комиссиясынын төрагасы, Өзгөн районунун прокурору, райондун ички иштер бөлүмүнүн башчысы катышкан. Ошондой эле ал жыйында райондун акими, Ош обласынын губернаторунун орун басары Өмүрбек Алманбетов жана башкалар болушту. Алар үч шайлоо участогунда көз көрүнөө одоно мыйзам бузуулар болгондугун толугу менен мойнуна алышты. Тагыраак айтканда, бул шайлоо участокторунда Өзбекстандын паспорту менен келип добуш беришкендер, мындан бир нече жыл илгери көзү өтүп кеткен атуулдар үчүн добуш берилген фактылар катталган. Ошондой эле шайлоого эки күн калганда шайлоочулардын саны төрт жарым миңге көбөйүп кеткендигин мойнуна алышты. Ошентип бул шайлоо округунда өтө ыпылас, мыйзамсыз аракеттер орун алгандыгын ошол жерде отургандардын баардыгы мойнуна алышты.

- Сөзүңүзгө аралжы, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү элдин алдында Адахан Мадумаровго мандат бериле тургандыгын айтышып, көпчүлүктү таратышкан. Ал эми кийинки күнү БШК Куршаб шайлоо округундагы мыйзам бузулган участоктордо кайрадан добуш бериле тургандыгын коомчулукка маалымдады. Эмне үчүн БШК менен округдук шайлоо комиссиясы коомчулукка эки башка маалымат беришүүдө?

- Окуяны жеринде көрүшкөн БШКнын мүчөсү жана округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү округдук шайлоо комиссиясынын ошол чечимине кол коюшкан. Бишкекке келишкенден кийин алар башкача маалымат бере башташты. Демек алардын көз-карашынын кескин өзгөрүшү - Акүйдүн жана жогорку бийлик өкүлдөрүнүн көрсөтмөсү менен болгондугун айгинеледи. Бул - Акүйдүн шайлоого кийлигишкендигине дагы бир ачык далил.

-Адахан мырза, сизге ишенип добуш берген жактоочулар кайрадан Өзгөн райондук админстрация имаратын 17-мартта ээлеп алышты. Демек нааразылык акциясы кайрадан уланабы?

- Наарызычылык мындан күчөсө күчөйт. Анткени бийлик өтө арамдык жол менен өздөрүнүн ишин улантып жатышат. Областык губернатор, аким, түздөн-түз Акүйдүн бийлиги, буйругу менен ушуну жасап жатышат. Элди кагыштыргысы келип жатат. Мен ага жоопкерчиликти албайм. Ошондуктан эми эл эмне десе, мен эл менен биргемин.

- Демек 14-марттагыдай болуп элди таратпайсызбы?

- Мен ачык айтайын - бул ирет элди таратпайм. Бийлик «сотко кайрыл» дейт. Акаевдин доорунда эркин сот жок. Себеби Аскар Акаевдин өзү элдин сексен пайызы сотко ишенбейт деп айткан. Ал эми мен сотко жүз пайызга ишенбейм.

- Менин эмдиги суроом өлкөдөгү соңку кырдаалга байланыштуу болмокчу. Төртүнчү марттан тартып эле Кыргызстандын бир нече аймактарында карапайым эл облус жана райондук мамлекеттик бийликтин имараттарын ээлеп алышып, элдик бийлик түзүп жатышат. Мына ушундай аракеттерге кандайча баа бересиз?

- Бул өтө кубанычтуу нерсе. Анткени бул кыргыз элинин саясий аң сезиминин өскөндүгүнүн белгиси. Бул жакшы нерсе, колдоого алаарлык көрүнүш.

- Адахан мырза мына ушундай кырдаалдан чыгыш үчүн эмне кылуу керек?

- Кырдаалдан чыгуу үчүн көздөрүн май баскан бийлик эл менен сүйлөшүүгө барышы керек. Элди угушу зарыл. Алар ага эрдиги жетпей, жер төлөгө жамынып алышып, өздөрүнүн арам ойлорун, ишке ашырышууда. Ошондуктан эгерде кокусунан бир нерсе боло турган болсо, азыркы бийлик өзү жооп берет. Мындан башка айтар сөзүм жок.

- Адахан мырза, кырдаалдан чыгыш үчүн оппозиционерлер дагы, борборчул саясатчылар дагы Аскар Акаевди кызматтан кетирип, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуш кылышууда. Мындай демилгени сиз колдойсузбу?

- Мен ошондой талапка кошулам. Себеби Аскар Акаев кетмейинче Кыргызстанда эч бир бийлик таза болбойт. Мен дагы бир нерсени айта кетейин: ушундай талаш-тартыштан улам айтып жатат деп ойлобоңуз. Мен кудай буюрса, депутат болуп келем. Мен дайыма элди колдоп добуш берем. Ал эми азыркы парламент бандиттик парламент болуп калды. Ал кыргыз өлкөсүнө эч убакта аброй алып келбейт. Ошондуктан эртеби-кечпи биз бары бир тазалыкка жетебиз.

XS
SM
MD
LG