Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:04

ОШ ОБЛУСТУК АКИМЧИЛИГИНИН ИМАРАТЫ ЭЭЛЕНДИ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Президент Аскар Акаевдин бийликтен кетүүсүн талап кылышкан нааразылык акциясынын катышуучулары 18-март күнү облустук акимчиликтин имаратын ээлеп алышты. Облустук акимчиликти кайтарып турушкан милиция кызматкерлери жана ички аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери алгач бир аз каршылык көрсөтүштү, бирок кийин алар имаратты бошотуп беришти. Облустук акимчиликти ээлөө учурунда эки тараптан тең жабыркагандар болгон жок.

Алгач губернатор Кубанычбек Жолдошевдин элге чыгышын талап кылышкан нааразылык акциясынын катышуучулары аны эки саат бою чыдамсыздык менен күтүп турушту. Губернатор сыртка чыкпаган соң, түшкү саат экилерден өтүп нааразылык акциясынын катышуучулары имаратты көздөй катар менен жабыла жөнөштү.

Ош облустук мамлекеттик акимчилигин тогуз күн бою кайтарып турушкан милиция кызматкерлери жана ички аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери бир аз убакыт коргонгондон кийин, каршылык көрсөтпөй эле элге жол ачты. Окуянын мындай өнүгүшүн нааразылык акциясынын катышуучулары тогуз күндөн берки алгачкы жеңиш катары баалашты:

- Эл деген көл, сел экен. Карапайым калк бүгүн келип көркөмдүү, ордолуу Кыргызстанга аты чыккан, Сулаймандай тоосу бар акимиятты келип ээлеп алды. Мен ушул элди, эмгекчилерди жеңиши менен куттуктайм! Себеби Акаевдин бийлиги карапайым калкка жаккан жок - деди Жыпара Арзымаматова.

Бул окуянын күбөсү болгон «Атажурт» кыймылынын мүчөсү Анвар Артыков тогуз күндөн бери нааразылык акциясында тургандардын коюлган талаптарына көңүл бурулбагандыктан, чыдамы кеткен эл облустук акимчиликти ээлеп алууга мажбур болгондугун айтып, учурда алар акимчиликтин ичиндеги тартипти колго алышкандыгын билдирди:

- Эл акимчиликти басып алды, эч нерсесине тийген жок, баардыгы
жайында. Бийликтегилер элди укпай койду. Он күндөн бери суукта, жамгырда турушат. Эми эл түз сүйлөшөбүз деп атышат.


Президент Акаевдин бийликтен кетүүсүн талап кылышкан нааразылык акциясынын катышуучуларынын облустук акимчиликти ээлеп алышын Ош облусунун губернаторунун кеңешчиси Айдар Бакыев мыйзамсыздык катары баалады:

- Азыр Ош облустук админситрациясында болуп жаткан тополоң бул Конституциянын рамкасынан чыккан нерсе.

Ал эми Акаевди бийликтен кетирүү боюнча нааразылык акциясынын катышуучулары алардын саны күндөн күнгө көбөйүп жаткандыгын жана облустук акимчиликти колго алуу алардын акыркы максаты эмес экендигин жарыялашты:

- Мына көптөн бери күткөн ийгилигибизге жеттик. Чыркыраган чындыктын үстүнөн чыктык. Акаевдин кетишин гана каалайбыз. Акүйдү сөзсүз алабыз, аягына чейин чыгабыз - деди Эшмамбет Исаев.

Андан соң нааразылык акциясынын катышуучулары облустук акимчиликтин дарбазасын тынчтык жолу менен беришкен милиция кызматкерлерин жана жоокерлерди алар менен тилектеш болууга чакырышты.

Сүрөттө Жалалабаттагы нааразылык Ошко да ооду. ("Азаттыктын" архивинен).

XS
SM
MD
LG