Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

ОРУС-УКРАИН СҮЙЛӨШҮҮЛӨРҮ


Төрөкул Дооров, Прага Ишембиде Киевке Орусиянын президенти Владимир Путин сапар менен келип, жаңы президент жана өкмөт башчы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул - орус президентинин Украинадагы ыңкылаптын жеңүүчүсү Виктор Ющенко президент болуп шайлангандан берки алгачкы сапары. Орусия менен Украина ушул тапта ич-ара саясий башкаруучулук ишинде татаал сүйлөшүүлөрдү баштан кечирип жатышканы менен, мунун өзү ортодогу экономикалык карым-катнашка таасирин тийгизбесе экен дешет.

Орус президенти Владимир Путин Украинанын президенттигине экс-премьер-министр Виктор Януковичтин талапкердигин ачык эле колдогон. Шайлоо алдында ал эки ирет Киевке барып, Януковичке колдоосун ачыктан-ачык билдирип, шайлоо жыйынтыктарын кайра кароо талабы коюлуп жатканына карабай өкмөт башчыны жеңиши менен куттуктап салганга да үлгүрдү.

Украиналыктар Путиндин активдүүлүгүн алардын жеке турмушуна сырттан кийлигишүү катарында кабыл алышты. Кайсыл бир деңгээлде ыңкылаптын лидери Виктор Ющенко да кырдаалды өзүнө ыңгайлуу нукка буруп, андан пайдалана алгандай болду.

Татьяна Становая – Москвадагы Саясий технологиялар борборунун анализчиси. Анын айтымында, Путин-Ющенко саммити психологиялык жактан оор болушу мүмкүн:

- Менимче, азыр ортодо калган негативдүү сезимдер өтө күчтүү. Ошентсе да Орусия азыр бул кемтиктерди жашырып, Украинанын жаңы президенти менен иштөөгө даяр экендигин көрсөткөнгө аракет кылып жатат.

Ал эми Киевдеги Евро-Атлантика биргелешкен институтунун аналитиги Володимир Хорбачтын пикиринде, көпчүлүк украиналыктар Путиндин бул сапары учурунда андан тынчтыкка жетишүү максатындагы саясий каалоону күтүшөт.

- Путин алгачкы кадамды жасашы керек. Ал Орусия менен Украина ортосундагы мамилелерде улам тоңо баштаган музду сындырууга символикалык кыймыл жасашы зарыл, - деп эсептейт украиналык эксперт Володимир Хорбач.

Негизи ишембидеги жолугушуу бул эки президент ортосундагы алгачкы жолугушуу эмес. Январда украин президенти Ющенко өзүнүн алгачкы чет-элдик сапарын Москвадан баштаган.

Хорбач мырзанын айтымында, бул жолу Путин Украинага келип, бүгүнкү Украина менен шайлоого чейинки өлкө ортосундагы айырмачылыкты даана байкай алат. Кремль буга чейин ырасмий Киевди Орусиянын көлөкөсү астындагы мамлекет катарында эсептечү. Ишембидеги Киев саммитинен кийин ал бул көз-караштарын кайра карап чыгууга мажбур болот дейт Хорбач.

- Украинанын бүгүнкү жетекчилиги “Бул ишти кылсак, Орусия эмне дейт?” деген ойдон улам алыстап, негизги көңүлдү өзүнүн жеке улуттук кызыкчылыктарын коргоого буруп жатат.

Орусия үчүн башкы өзгөрүү – Украинанын Еврошаркетке жасап жаткан кадамдары. Москвалык эксперт Становаянын айтымында, ырасмий Москва Украина менен болгон ири экономикалык жана саясий долбоорлордон куру калуудан коркот.

- Орусияда Украинаны ичине алган көптөгөн экономикалык жана саясий ири долбоорлор бар эле. Алардын аткарылуусу Украинанын Батышка ык алган аракетине каршы келет. Орусия үчүн бүгүнкү проблема дал ушул маселе болуп жатат, - дейт Становая айым.

Өз кезегинде, орус президенти Путин жума күнү Парижге болгон сапары учурунда ишембидеги жолугушуунун алдында Украина менен “ортодогу музду” эриткенге аракет кылгандай болду.

Француз президенти Жак Ширак, немец канцлери Герхард Шрөдер жана испан өкмөт башчысы Жозе Луис Родригес Запатеро менен өткөн маалымат жыйынында Путин Украинаны кандай гана машакаттардан болбосун коргогонго аракет кылаарын айтты.

- Баардык маселелер учурда үчүндөгү мыйзамдардын чегинде каралышы керек. Ошондо гана мамлекеттин бөлүнүшүнөн качканга болот. Биз Украинанын азыркы жетекчилигин колдоп, өлкөнү кандайдыр бир саясий кризистерден сактоого колубуздан келген мүмкүнчүлүгүбүздү пайдаланабыз, - деди орус президенти Владимир Путин.

Сүйлөшүүлөрдөгү негизги басым мындан ары кандай форматта сүйлөшүп, кантип кызматташуу маселесине коюлаары айтылды.

XS
SM
MD
LG