Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

БИШКЕКТЕ ДА МИТИНГ ӨТТҮ


19-мартта Бишкектин Көкжар кичи районунда “Социал- демократиялык ” партиянын лидери Алмазбек Атамбаев, Мелис Эшимканов, Акылбек Жапаров , Жогорку Кеңештин депутаты Кабай Карабеков митинг өткөрүштү. Жыйынга байкоочулардын пикири боюнча эки миңдей, ал эми митингди уюштургандардын айтымында ага төрт миңден ашуун адам катышты. Митингдин катышуучулары шайлоонун жыйынтыктарын кайра карап чыгууну талап кылышты жана кайрылуу кабыл алышты.

Бишкектеги Көкжар кичи районунда болгон митингде аткаруу бийлиги сынга алынып, өлкөдөгү шайлоо бийликтин кийлигишүүсү менен өттү деп билдирилди. Парламентке «үй бүлөнүн» гана жакын адамдары өткөнү айтылды. №6 Асанбай чөлкөмү боюнча депутаттыкка талапкер болгон Мелис Эшимканов элдин алдына чыгып сөз сүйлөдү:

- Шайлоо ыплас, бийликтин кийлигишүүсү менен өттү. Биз шайлоонун экинчи айлампасынын башталышында эле райондун акими, бардык мамлекеттик структуралар, шайлоо комиссиясы мени 61 добуш менен утуп алган Шарипа Садыбакасовага иштеп бергени белгилүү болгон. Тилекке каршы биз 13-марттагы башаламандыкты, элди аракка тойгузууну, массалык түрдөгү добуш сатып алууларды токтото алган жокпуз. Мен кечээ ушул сыяктуу мыйзам бузуу фактылары боюнча Октябрь райондук сотуна арыз жолдодум. Бизде Садыбакасовадан акча алган 25 адамдын, акча тараткан 4 адамдын түшүнүк каттары бар. Ошондой эле 13-март күнү каттосу боюнча биздин шайлоо чөлкөмүнө эч кандай тиешеси жок 8 адам кармалды, алар добуштарын биринчи жана экинчи айлампада Садыбакасовага берген.

Жыйынга катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Кабай Карабеков «Алга Кыргызстан!» партиясын сырга алды:

- Жаңы парламентке депутаттарды «Алга Кыргызстан!» партиясы алып келди. Кандай жол менен алып келгенин билип жатасыңар. Сол жагынан басып, оң жагынан басып, үстүнөн, астынан басып, административдик ресурс менен басып алып келишти.

Азыркы тапта башка облустардагыдай эле Кочкордо да кырдаал курч бойдон кала берүүдө. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров соттор сатылып кеткенин айтты да, Кочкордогу кырдаалга токтолду:

- 10 күн 10 миңдей киши турду, суукка карабай, бир да администрациядан бир да киши басып барган жок. Бул кандай бетпактык. Жолдун бары жабылып турду, өкмөттөн бирөө да барган жок. Мен сотко ишенбейм. Акаев өзү адилет шайлоого чакырды эле.

Митингде Бакайата айылынан келгендер да өз пикирлерин төмөндөгүдөй билдиришти:

- Мына мен Байтик айылында Тургунбек Кулмурзаевдин байкоочусу болдум. Кашкасуу жана башка айылдарды айтпаганда эле биздин айылда Момункуловдун атынан 18 кой, 2 жылкы союлду. 200 сомдон акча таратылды. Арчалы деген айылдан 480 кишиге тизме менен дагы бир нерселер таратылды. Кыскача айтканда бул шайлоонүн жүзү кара болду.

Ошондой эле жыйынга катышкандардын айрымдары өз пикирлерин, көз карштарын ыр аркылуу билдиришти.
Ал эми митингдин соңунда шайлоонун жыйынтыктарын кайра карап чыгууну талап кылган резолюция кабыл алынды.

Жыйындын соңунда Алмазбек Атамбаев президент Аскар Акаевдин кетүүсүн талап кылды, бирок бул талап кабыл алынган резолюцияга кирген жок.

Уюштуруучулардын билдирүүсүнө ылайык митингге 4 миңдей адам катышты, ал эми айрым байкоочулар митингде 2 миңдей митингчилер катышканын айтышты.

XS
SM
MD
LG