Пакистандын аскерий жетекчилиги бүгүн - өлкөдө алыска жетүүчү жаңы ракета сыналганы тууралуу жарыялады, ал эки миң чакырым алыстыктагы бутага жете алат. Сыноо болоору тууралуу кошуна мамлекеттер эскертилген. Өлкө президенти Первез Мушарраф болсо бүгүн - Пакистан өзүнүн өзөктүк куралын дагы өнүктүрө турганын билдирди, бирок өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин дагы шарттарын бузбайт.