Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:59

КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН ИРИ МАМЛЕКЕТТЕР КАРМАШУУСУ БАШТАЛДЫБЫ?


Ушул жуманын этегинде интернет аркылуу АКШнын элчилигинин Кыргызстандагы кырдаал боюнча маалымдамасы таратылды. Анда Кыргызстандагы абалга анализ берилип, Вашингтондун негизги максаты бийликти алмаштыруу деп айтылган. Бирок АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бул маалыматты төгүнгө чыгарууда.

АКШнын элчилигинин доклады деп таратылган документке элчи Стивен Янгдын колу коюлган. Документ өзү 2004-жылдын 30-декабрында жазылган деп дата коюлган. Маалымат Пакистандын Лахор шаарынан Пакистан ислам жамаатынын борбордук маалымат кызматы тарабынан таратылган.
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бул документ боюнча дароо маалымат таратып, анын кыргыз-америка мамилесине зыян келтирүү максатында чыгарылганын билдирди. Элчиликтин билдирүүсү боюнча, андагы Стивен Янгдын колу жасалма түрдө коюлган. Документте айтылгандардын АКШ өкмөтүнө эч кандай тиешеси жок.Анын баары фальсификацияланган документ деп жазылган, элчиликтин маалымдамасында.

Документте жазылгандарга келсек, анда Кыргызстандагы шайлоо алдындагы кырдаалга баа берилип, АКШнын Кыргызстандагы башкы максаты Акаевге басым жасап, аны кызматтан кетүүгө мажбур кылуу, деп айтылган. Документте Кытай, Россия жана АКШнын Кыргызстандагы, региондогу кызыкчылыктары жөнүндө да маалымат берилген. Андан сырткары кыргыз оппозиционерлери менен болгон кызматташуулар, оппозиция лидерлери катары таанылган Феликс Кулов, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева менен байланыштар, аларды шайлоого даярдоо жөнүндө жасалып жаткан иштер айтылган. Биздин негизги максат, коррупцияланган Акаевдин режимине урматты кетирип, демократиялык оппозиция лидерлеринин бийликке келүүсү камсыздоо, деп жазылган АКШнын элчилигинин атынан интернетте таратылган документте.

АКШнын элчилиги дароо төгүнгө чыгарган бул документти Кыргызстандын мамлекеттик “Кабар” агенттиги “Кыргызстандагы окуялар документтеги сценарийге дал келүүдө” деген ат менен өзүнүн интернет баракчасына илип койду.
Жергиликтүү талдоочулар, бул документтин чыгышы өлкөдөгү кырдаалдын өтө татаалдыгын жана өз кызыкчылыктары үчүн бул жерде ири державалар күрөш баштаганын көрсөтүүдө, деп белгилөөдө.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары, кезинде атайын кызматтарда иштеп келген Кубатбек Байболов, бул документтин чыгышы жөнүндө мындай пикирин билдирди:

- Америка элчилигинен ошондой олуттуу документтер жөн гана көзөмөлсүз ачыкка чыгып кетет деп айтыш кыйын. Андай болбойт го. Бул чалгындоо органдарынын арасындагы, ошолор тили менен айтканда “активка” болсо керек.

Кыргыз улуттук коопсуздук кызматы андай деңгээлдеги документти даярдоого жөндөмү күмөндүү дейт Кубатбек Байболов:

- Эми муну биздикинен квалификациясы жогорураак структуралар жасаган болушу мүмкүн.

Анын пикиринде, бул ири өлкөлөрдүн Кыргызстандагы кырдаалды оор жана татаал катары баалап жаткандыгынын белгиси.
Кыргызстандын бийлиги менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янгдын мамилеси жумшак айтканда түшүнбөстүк деңгээлинде турат. Шайлоо маалындагы мыйзам бузуулар, адилетсиздиктер боюнча элчинин билдирүүлөрүнө Кыргызстандын тышкы иштер министрилиги өз каяшасы менен үзгүлтүксүз чыгып жатты. Айрым талдоочулар, бул документтин чыгышы Стивен Янгдын мына ошол активдүүлүгүнө карата даярдалган жооп, деген пикирде.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG