Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

КОЧКОРДО ШАЙЛООЧУНУН УКУГУН КОРГОО КОМИТЕТИ ТҮЗҮЛДҮ


16-марттан бери Кочкор эли пикетке чыгып, райондук мамлекеттик администрациясын ээлеп турушат. Анын себеби 14-мартта Бишкектеги биринчи май райондук сотунун судьясы Бекболот Жаналиевдин чечими менен 14 миң 691 шайлоочунун үнү жокко чыгарылган. 20-март күнү Кочкор райондук акимиятында жыйналыш болуп, ага катышкан эки жүзгө чукул адам добушу жокко чыгарылган 14 миң 691 шайлоочунун укугун коргоо комитетин түзүштү. Ага укук коргоочу Турсунбек Акун катышты.

Жыйналыштын катышуучулары Ош, Жалалабаттагы окуяларга бийликтин күч колдонгондугу айыпташты. Кочкордо бийлик элдин колунда дешти сөз сүйлөгөндөр:

- Кээ бир адамдар бар алар чоочуп жаткандыр. Бирок чочуу уже өттү. Кочкор району боюнча бийлик элдин колуна өттү.

25-мартка чейин добушубузду кайрып беришпесе өрттөнүп өлөбүз деген аялдар:

- Мына биз ушу күнгө чейин Акаев дедикпи. Акылбек Жапаровду да айткан жокпуз. Өзүбүздүн гана 15 миң адамдын укугун тебелегенден кийин ошону кайра ордуна коюп бербесе, биз өлүмгө даярбыз. Бизде өлүм ак.

Жыйналыштын жүрүшүн 14 миң 691 шайлоочунун укугун коргоо комитети түзүлүп, анын төрайымы болуп Бермет Шаршенова дайындалды.

- Биздин эң биринчи маселебиз адамдарыбыздын укугун коргоо.. Ошолордун кайра каршы деп чийип койгондорду биз өзүбүз кайрадан тирилтип алуу. Экинчиси, урматтуу Аскар Акаевден суранарыбыз ушул иштерге тезинен жооп берсин. Эгерде жооп бербей кыйшык басса, Аскар Акаевди кет дегенге аргасыз болобуз. Биз бийликке ишенебиз, себеби аларда да ар кандай коррупция дейбизби, тартипсиздик болуп жатат.Бийлик туура чечип берет деген ой менен Кочкор райондук администрациясында турабыз. Биз ишенебиз бирок,таза шайлап алган биздин укук тебеленип калды.

Айыл өкмөттөрүн эл шайлаган андыктан алар эл менен бирге болушу керек, дейт Аккыя айыл өкмөт башчысы Талант Калчаев:

- Азыр бул жерде эч кандай кызмат жок. Биз айыл өкмөттөрү элдин арасында жүрөбүз. Өткөндө дагы бир жолку ушундай нааразычылык акциясына катыштык. Себеби айыл өкмөтүнүн милдети эл шайлагандан кийин элдин арыз муңун угушубуз керек. Эртең менен эл кайда чубаса биз да ошол жакка келип,алардын ынтымагын, тартибин трибунага чыгып, айтып, түшүндүрүп алардын талабын талашканга даярбыз.

Сот өз билгенин кылбай мыйзамдуу болушу зарыл эле. Бул комитет өз ишин мыйзамдуу алып барышы керек деди «Дээр аяны» эркин гезитинин баш редактору Кабылбек Жумабаев

- Бул жерде баарын эле сот чечип коюп жатат. Сот өз эрки менен 62 пайыз элдин каршы добуш бергенин жокко чыгаруунун өзү элдин нааразычылыгын ого бетер күчөтүп жатат. Аскар Акаевдин айткан элдин 80 пайызы бүгүнкү күндөгү сотторго ишенбей калды деген сөзү чындык экендиги дагы көрсөтүп турат.

Добушу жок болгон 14 миң 691 шайлоочулардын өкүлдөрүбүз дейт жыйналышка катышкандар. Бизге бийлик күч колдонсо, бизди алар колдоого даяр. Элдик бийлик Нооруз майрамын өткөрүүгө даярдык көрө башташты деп кошумчалашты пикетчилер.

XS
SM
MD
LG