Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

ЖАЛАЛАБАТТА КЫРДААЛ КУРЧ БОЙДОН


Жалалабад облустук бийлигинин имаратын ээлегендер ички иштер аскерлери менен милициянын өзгөчө отряддары тарабынан 20-мартта таң заарда күч колдонуу менен бошотулган болчу. Бийлик менен күч органдарынын мындай мамилесине кыжырланган калк түштөн кийин кайрадан шаарга кирии, айрым имараттарды өрттөп, талкалашты.

Таң заарда облустук бийликтин имаратын 4-марттан бери ээлеп турган 150 адамды милициянын өзгөчө отрядынын күжүрмөндөрү күч менен чыгарышты. Президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылган эки жүзгө жакын адам аеосуз сабалгандыгын, ОМОНдордон запкы тапкан адамдардын пикири төмөнкүчө болду:

- Экинчи катарга, бизге келгенде токтогула балдар, энелериңерди урбагыла десек эле шарт кармап эки аялды катуу токмоктошту. Мени экөө кармашты. Алдыбыздан эки адам келди эле ыргытты бирден-бирден, - деди Адина Султанова

Желим союл менен сабалган экинчи бир митингчи Уулкан Тажыбаева:

- Ооздорунан буркурап арактын жыты келди. Допинг да алгандай. Эч аябады баарыбызбы. Башка, көзгө койгулап, тээп, уруп, сүйрөп чыгарышты. Элдер болсо «Азыр акыйкат жок»,. «Акаев кетсин». «Кыргызстан тик тургула» деп чыгып кетишти. Эч ким кайрылган жок. Аялды аялдай, кызды кыздардай аябады.

Бийлик менен күч органдарынын мындай мамилесине кыжырланган отуз миңден ашык адам облус борборуна жөө жүрүш менен келди. Ага чейин элдин алдына келген Сузак райондук акими Шарап Жакыпов элдин талабына ылайык кызматтан кетүү арызын жазып берди.

- Мен өзүм келдим, эл топтолуп жаткан экен. Элге түшүндүрмө бергени. Мага эл биз менен бол деп жатат, - деди Шарап Жакыпов

Депутат Бектур Асанов кырдаалдын курчушуна бийлик менен оппозициянын айыбы бар экенин белгиледи.

- Бийлик дагы бир жолу акмакчылык кылды. Зордук менен элди уруп согуп, камады. Биздин жетекчиликтин дагы оппозициянын дагы эки жүздүүлүгүнөн көп нерсе болуп кетти.

Бектур Асанов ээрчиткен эл жол бою президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылуу менен ураан чакырышты.Жалалабатка жөө жүрүш жасаган элдин жолун торогон эки жүздөй омончу элдин айбатына туруштук бере албай туш келди качып жөнөдү.

Облустук күч органдары жаш агызуучу газ жиберип, эскертүү окторун атканына жооп иретинде эл ички иштер башкармасы менен облбийликтин имаратынын терезелерин талкалап салышты. Үч унаа жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн кеңсеси өрттөндү. Эл эми Аскар Акаевдин жана облбийликтин, башкы чек арачы К. Садиевдин тез арадан кызматтан кетүүсүн жана Садиевдин жоопко тартылышын, 21-мартта Мыйзам чыгаруу жыйыны чакырылып, өлкөдөгү саясий кырдаал талкуулануусун талап кылышууда.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG