Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

КОНДОЛИЗА РАЙС АЗИЯ САПАРЫН УЛАНТУУДА


АКШнын мамлекеттик катчысы Кондилиза Райс Азия сапарын улантып жекшембиде түштүк Кореядан Кытайга жөнөп кетти. Бээжинге аттанаардын алдында Райс Европа биримдиги Кытайга курал-жарак сатуу пландарын ишке ашырса, региондогу аскерий баланс бузулат деп эскертти. Мамкатчы бул жолку визити учурунда Түндүк Кореянын өзөктүк долбоору боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү жандантуу аракетин да көрүп жатат.

Сеулда сүйлөгөн сөзүндө Райс Евробиримдик Кытайга курал-жарак сатуу пландарын ишке ашырса, Тынч океан аймагындагы тең салмактуулук бузулат деп эскертти:

- Европа биримдиги Кытайдын аскерий модернизация процессинде европалык технологиялардын пайдаланылышына өбөлгө түзбөөгө тийиш.

Мамлекеттик катчы Бээжиндин аскерий чыгымдарын көбөйтүп жатышына байланыштуу камтамачылыгын билдирди. Өткөн аптада Кытайдын парламенти Тайвань көз карандылыгын расмий түрдө жарыялоого аракет көрсө, аралга каршы аскерий чара колдонууга жол ачкан мыйзам кабыл алаган эле.
Америкалык министр Кытайдын армиясын бекемдөө аракеттери региондогу аскерий балансты бузат деп:

- Чөлкөмдөгү тең салмактуулукту бузуу аракеттери бизди тынчсыздантканы түшүнүктүү. Албетте, Кошмо Штаттары Азия-Тынч океан аймагындагы аскерий балансты сактап калуу үчүн өз куралдуу күчтөрүн модернизациялайт. Биз муну региондогу бейпилдикти камсыздоо үчүн, демократия менен экономиканын өнүгүшү үзгүлтүккө учурабасын деген ниет менен жасайбыз.

Бир аптага созулган Азия турнеси маалында мамлекеттик катчы ошондой эле Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жандантуу аркеттерин көрүүдө.
Алты мамлекеттин ичине Кытай, Япония, эки Корея, Россия жана АКШ кирет.

Жекшембиде Сеулдан жол тартаардын алдында Райс :

- Биз Түндүк Кореяга алты тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу аларга керектүү жардам берилет деген сунушубузду киргизебиз.Бул маселени чечип алышыбыз керек. Анын түбөлүккө созулушу мүмкүн эмес.

Түндүк Кореянын бийлиги Райс Пхеньянды “зулумдуктун очогу” деп атаган сөздөрүн артка алмайынча, АКШ менен сүйлөшүүлөргө барбай турганын жарыялаган. Вашингтон мындай кадамы менен Пхеньянды душман катары эмес, шерик катары кабыл алгандыгын тастыктайт, деп ырастайт Түндүк Кореянын өкмөтү.

АКШ администрациясы эки тараптуу сүйлөшүүлөр идеясын четке кагып, диалогго алты мамлекеттин тең өкүлдөрү катышууга тийиш деген турумду ээлеп келатат.

XS
SM
MD
LG