Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

ЭЛ БИРИМДИГИ КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШИ БИЙЛИКТИН ЭЛГЕ КАРАТА КҮЧ КОЛДОНУУ АРАКЕТИН КЕСКИН СЫНГА АЛДЫ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандын оппозициялык жана патриоттук күчтөрүнүн Эл биримдиги Координациялык кеңеши өлкөдө түзүлгөн оор саясий кырдаалдын шартында элдин кыймыл-аракеттерин координациялоо милдетин улантат. Координациялык Кеңеш президент Аскар Акаевге Кайрылуу жолдоп, жолугушууну талап кылды. Ал эми Кыргызстан элине жасаган Кайрылуусунда Координациялык Кеңеш бийиликтин элге карата күч колдонуусун кескин сынга алып, өлкө атуулдарын биримдикке чакырды.

10 мартта түзүлгөн Кыргызстандын оппозициялык жана патриоттук күчтөрүнүн Эл биримдиги Координациялык кеңеши жер-жерлерде нааразылык акцияга чыккан элдин кыймыл аракетин координациялоо жоопкерчилигин өзүнө алгандыгы жөнүндө расмий жарыялаган. Координациялык кеңеш 20-мартта Кыргызстан элине тараткан билдирүүсүндө Жалалабат жана Ош облусунда бийлик тарабынан элге карата күч колдонууну кескин сынга алды. Кеңештин төрагасы Курманбек Бакиев буга байланыштуу мындай деди:

- Эл Биримдиги Координациялык Кеңеши өзүнүн координациялоочу милдеттерин аткарууну улантып жатат. Буга чейин Жалалабат, Ош облустарында курултайларды өткөрдүк. Эми Таласта өткөргөнү турганбыз. Тилекке каршы, мына бүгүн бийлик Ош жана Жалалабат облустарында кайрадан элге каршы күч, курал-жарак колдонушту. Көрсө, бийлик Аксы окуясынан эч кандай сабак алган эмес экен. Канчалаган биздин апалар, эжелер, карындаштар, ини-агалар токмок жеп, милициянын ур-токмогуна кабылышты. Биз бийликтин мындай аракеттерин кескин сынга алабыз. Эгерде президент Аскар Акаев милициянын, ички иштер органдарынын мындай кыймыл-аракеттерин токтотпосо, мындан ары окуя кандай багытта өнүгүп кетиши белгисиз. Кандай болгон учурда да, президент ушул окуяларга өзү жооп берет. Аксы окуясындагыдай, баарын өкмөткө жүктөп койо албайт. Андай болбойт. Азыр президент Москвага кеткен деген да маалыматтар да болуп жатат. Андай да болушу мүмкүн.

Координациялык Кеңештин Билдирүүсүндө президент Аскар Акаевдин кандуу кыймыл-аракеттери өзүнүн элине карата согуш ачкандыкка тете деп айтылган.

Ушул эле күнү Эл Биримдиги Координациялык Кеңеши АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы кеңсе башчысы Маркус Мюллер менен жолугуп, өлкөдөгү саясий кырдаалды жөнгө салуу маселелерин талкуулашты. Кеңеш элчилерге бийликти сүйлөшүүгө чакырууну үндөгөндүгү тууралуу Курманбек Бакиев:

- Бүгүн эрте мененден бери биз, Координациялык Кеңештин мүчөлөрү АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен, ЕККУнун Бишкектеги кеңсе жетекчиси менен сүйлөштүк. Аларды биз өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу өзүбүздүн штабыбызга чакырдык. Элчилерге бийлик биз менен сүйлөшүүгө барсын деп өтүнүүгө мажбур болдук. Анткени, буга чейин, ошол 4-марттан бери, Жалалабатта нааразылык акция башталгандан бери, биз нечен ирет бийликке кайрылдык: сүйлөшөлү, элдин алдына барып, сүйлөшкүлө, алардын талаптарын уккула деп. Буга же президент, же премьер-министр кулак салышпады. Эми минтип, күч колдонууга өтүштү. Натыйжада элдин кыжырын андан бетер күчөтүштү. Биз элчилерден бийлик Эл Биримдиги Конгрессинин өкүлдөрү менен тез арада сүйлөшүүлөрдү жүргузсүн деп. Алар президентке бул жөнүндө айтабыз деп кетишти. Эми билдбейбиз, кандай жооп болот.

Курманбек Бакиев билдиргендей, Эл Биримдиги Координациялык Кеңешинин башкы максаты президент Аскар Акаевди кызматынан кетирүү:

- Биздин башкы максат - өзүнүн эли менен сүйлөшө албаган, сүйлөшкүсү келбеген президент кызматынан кетиши керек. Бүгүнкү күндө Аскар Акаев өлкөнү башкара албай калды. Бул бир жагынан. Экинчи жагынан – элдин президентке болгон ишеничи кетти. Ошондуктан, ал кызматынан чегиниши керек, - деди Курманбек Бакиев.

Ал эми өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Кубанычбек Жумалиев 20-мартта «Азаттыктын» кабарчысына өлкөдөгү саясий кырдаалды жөнгө салуу үчүн бийликтин, оппозициянын өкүлдөрүнүн жана элдин ортосунда сүйлөшүүлөрдү жургүзүү керек деген пикирин билдирди:

- Менин пикиримде, сүйлөшүү жүргүзүү керек. Эл менен да, оппозия менен да.

XS
SM
MD
LG