Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

ОШ ЖАНА ЖАЛАЛАБАТ ОБЛАКИМЧИЛИКТЕРИ КАЙРАДАН ЭЛДИН КОЛУНА ӨТТҮ


21-мартта нааразылык акциясына чыккан эл Ош облустук администрациясын ээлешти. Оштогу күч колдонуу структуралары эл менен болорун билдирип, ант беришти. Ал эми Жалалабатта 10 миңдеген адамдардын катышуусу менен митинг болду. Таласта шайлоочулар облустук акимиятты ээлеген бойдон турат.

21-мартта Ош шаарындагы кырдаал 20-марттагы Жалалабаттагы кырдаалга окшош болду. Бул жерде да эртең менен нааразыланган эл чогулуп, андан кийин облустук акимчиликти кайрадан ээлеп алышты. Бирок Оштогу тартип коргоо органдары дароо эл тарапка өтүп, эч кандай имараттар бузулган, өрттөнгөн жок деп кабарланууда. Андан кийин нааразылык акциясына чыккандар “Ош –3000” мамлекеттик телеканалын, аба майданын көзөмөлгө алышты. Ал эми Талас облусунда Равшан Жээнбековдун шайлоочулары облустук акимиятты ээлеген бойдон турат.
Эларалык уюмдар, АКШнын элчилиги Кыргызстандагы абалды жөнгө салуу үчүн оппозиция менен бийлик сүйлөшүүгө барыш керек деп, ага шарт түзүп берүүгө даярдыгын билдирүүдө.

21-мартта Кыргызстан элдик биримдиги координациялык кеңешинин төрагасы Курманбек Бакиев маалымат жыйынын өткөрүп, оппозиция президент менен сүйлөшүү жүргүзүүгө даярдыгын билдирди. Бирок президенттин азыр кайда экендиги белгисиз болууда дейт Курманбек Бакиев:

- Кечээ биз АКШ, Германия жана ЕККУнун элчилери менен телефон аркылуу сүйлөштүк. Алар Акаев менен сүйлөшүүгө аракет жасашыптыр. Бирок Жанузаков «Акаев силер менен жолугушууга даяр эмес» дептир. Бүгүн бийлик бул маселени чечүү боюнча эларалык уюмдар менен да сүйлөшүүгө барбай турат. Демек бийлик азыркы абалдын ушул бойдон калуусуна кызыкдар болууда.

Мына ушул маалымат жыйынынын алдында Кыргызстан элдик биримдигинин жыйыны болуп, анда Кочкор шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан Акылбек Жапаров координациялык кеңештин төрагасы Бакиевдин орун басары болуп шайланды.

Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев Кыргыз телекөрсөтүүсү аркылуу чыгып сүйлөгөн сөзүндө, оппозиция тараптан сүйлөшүүгө даярдык жоктугун билдирип, президент Бишкекте деди:

- Президент азыр Бишкекте. Ал Жогорку соттун, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы менен жолугушуп жатат. Аскар Акаев Кыргызстанда жок деп атайын ушак таратышууда жана ал кимдер тарабынан жасалып жаткандыгы белгилүү.

Жалалабатта 21-мартта 50 миң адамдын катышуусу митинг уланды. Анын катышуучулары президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылууда. Оппозиция лидерлеринен Жалалабатта Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов болду. Оштогу митингге 15 миң адам катышканы кабарланууда. Түштүк борбордо Роза Отунбаева, Дүйшөн Чотонов, Анвар Артыков, Өмүрбек Текебаев митингчилерди башкарып, башаламандыкка жол бербөөгө аракеттенүүдө. Эртең менен Ошто митингинин башталышы тууралуу оппозиция лидерлеринин бири Дүйшөн Чотонов буларды билдирди:

-Бүгүн эртең менен Каракулжа, Өзгөндөн, Карасуудан, шаардан эл топтолуп, милиция кызматкерлеринин аталарыбызга, апаларыбызга жасаган кордугуна чыдабай облустук администрациянын алдына келсек, анын алдында турган милиция полку качып кетти. Эч ким аларга тийишкен жок.

Анын айтымында, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери эл тарапка өтүү тууралуу өздөрү чечим кабыл алган:

- Кечээ түнкүсүн облустук башкармалыктын кызматкерлери өздөрү чогулуп, эл тарапка өтүү жөнүндө чечим кабыл алып, бизге чыгышты.

“Атажурт” кыймылынын лидери Роза Отунбаева эл талабы президенттин кетиши экендигин билдирип, оппозиция Ош жана Жалалабат облусун өз көзөмөлүнө алганын жарыялады:

- Биз мына алып жатабыз. Жалалабатта элдин бийлиги бар. Ошто кайрадан бир жолу элдин бийлигин аныктап, Анвар Артыков менен Дүйшөн Чотоновдун колуна бердик. Демек биз кырдаалды көзөмөлдөп жатабыз.

Сүрөттө: Ошто 19-мартта өткөн элдик курултайдан көрүнүш.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG