Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

БИЙЛИК МЕНЕН ОППОЗИЦИЯ СҮЙЛӨШҮҮГӨ БАРАБЫ?


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандагы саясий кырдаалды жөнгө салуу үчүн бийлик менен оппозициянын өкүлдөрү тез арада сүйлөшүүгө барууга тийиш. Мындай билдирүүлөрдү Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, АКШнын мамлекеттик департаменти таратты. Кыргызстандагы оппозициялык жана прогрессивдүү күчтөрдүн Эл биримдиги координациялык кеңеши жана бийлик өкүлдөрү да сүйлөшүүнүн зарылдыгы жөнүндө айтышууда.

Кыргызстанда түзүлгөн саясий кырдаалды жумшартыш үчүн бийлик менен оппозициянын ортосундагы саясий диалогду жүргүзүүнүн зарылдыгын эларалык укук коргоо уюмдары, ошондой эле бийлик менен оппозициянын өзү дагы айтууда. Бирок азырынча сүйлөшүүлөр качан, кандай деңгээлде, кимдердин катышуусу менен өтөөрү белгисиз.

Эл биримдиги координациялык кеңешинин төрагасы Курманбек Бакиевдин айтымында, бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүдөн баш тартып жатышат:

- Жалалабатта 4-марттан бери нааразылык билдирип отурган эл милицияны күткөн эмес. Президент Аскар Акаевди, премьер-министрди күткөн. Ал эми Акаев болсо Жалалабатка эки генералды – Калмурат Садиевди жана Бакирдин Субанбековду жибериптир. Биз булар кандай генералдар экенин жакшы билебиз – шапкесин алып кел десе, башын алып келе турган генералдар. Аксы окуясында да Калмурат Садиев жиберилген. Биз канча ирет бийликке кайрылдык: «келгиле, жолугушалы, сүйлөшөлү» деп. Бирок алар сүйлөшүүгө баруудан баш тартып жатышат. Азыркы окуяларга президент өлкөдө жоктой мамиле жасап атат. Ал дагы эгерде кудай сактасын, кан төгүлүп кетсе, Аксы окуясындай, мен өлкөдө жок элем, элим мени кечирип кой деп, анан бардык жоопкерчиликти өкмөткө жүктөп коем деп ойлоп жатса керек. Бирок андай болбойт. Азыркы окуяларга Акаев жооп бериши керек.

Курманбек Бакиевдин пикиринде, эгерде президент Аскар Акаев сүйлөшүүгө барууга ниети болбосо да ал эларалык уюмдардын таасири менен жолугушууга барууга аргасыз болот.

Ал эми президенттик администрация жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков 21-мартта «Азаттыктын» кабарчысына бийлик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр, бирок ал үчүн өлкөдө тиешелүү шарт түзүлүшү керек деген пикирин билдирди:

- Бийлик, анын ичинде президент да, премьер-министр да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр. Бирок ушундай талкалап, өрттөп жаткан учурда кандай сүйлөшүүнү жүргүзүү мүмкүн? Ким сүйлөшөт? Сүйлөшүүнү жүргүзүү үчүн тиешелүү жагдай керек. Тынчтык болушу керек. Ошол пикеттерди уюштуруп жактандар башаламандыкты токтотушу керек.

Болот Жанузаковдун маалыматына караганда, 20-мартта АКШнын Кыргызстандагы элчиси президент менен өлкөдөгү кырдаал боюнча сүйлөшүүнү өтүнүп кайрылды, бирок Ак үйдөн президенттин аны менен жолугушууга убактысы жок деген жоопту алды. Бул жөнүндө Болот Жанузаков мындай деди:

- АКШнын Кыргызстандагы элчиси президент Аскар Акаев менен жолугушуу жөнүндө өтүнүп кайрылды. Бирок мен ал кишинин жолугушууга убактысы жок деп айттым.

Кыргызстандын белгилүү саясатчысы Медеткан Шеримкуловдун көз карашында учурда өлкөдө түзүлгөн оор саясий кырдаалдын шартында тараптар саясий диалог курууга тез арада барууга тийиш:

- Кыргызстанда азыр түзүлгөн курч саясий кырдаалды жөнгө салуу үчүн көпкө созбой, бүгүн-эртең бийлик оппозиция менен бир столго олтуруп, кырдаалды талкуулап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек. Анткени элдин бир бөлүгү оппозицияны угат. Ошондуктан оппозиция менен эсептешпей коюуга болбойт. Экинчиден, бийлик эл менен жолугуп, мүдөө-талабын угушу керек. Ал эми ушунча күндөн бери эл нааразылык билдирип көчөдө турса, аны байкамаксан болгон президент президент эмес.

Ал эми ушул күндөрү Ош шаарында жүргөн «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюумунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова, өлкөдөгү оор саясий абалды жумшартуу үчүн президент Аскар Акаев тез арада кызматынан чегинүүгө тийиш деген оюн ортого салды:

-Мына мен азыр Ошто аэропорттун жанында турам. Бул жерге кечээ өкмөт түнкү саат 2.30да Канттан аскерлерди самолет менен алып келип таштаптыр. Азыр алардын маңдайында пикетке чыккан 500гө жакын жаш жигиттер колдоруна таяк, таштарды кармап турушат. Жалпысынан кырдаал азыр өтө опурталдуу. Мындай кырдаалда бийлик элге каршы милицияны, акскерлерди жиберип, элдин кыжырына тийбеши керек. Бул кырдаал мындан ары курчуп, өрчүп кетпеши үчүн, президент Аскар Акаев тез аранын ичинде элдин талабын аткарып, бийликтен кетиши керек.

Кыргызстандын оппозициялык жана прогрессивдүү күчтөрүнүн Эл биримдиги координациялык кеңеши 20-мартта Аскар Акаевге өлкөдөгү кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырган кайрылуусун жолдогон. Координациялык кеңештин төрагасы Курманбек Бакиев кандай болгон учурда да, өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн саясий диалог зарыл деп билдирди.

20-21-мартта АКШнын Мамлекеттик департаменти жана Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өлкөдө түзүлгөн курч кырдаалга карата тынсызданууларын билдиришип, бийлик менен оппозицияны саясий диалогко чакырышты.

XS
SM
MD
LG