Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

КАБАЙ КАРАБЕКОВДУН АРЫЗЫ СОТТО КАРАЛЫП ЖАТАТ


Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда № 11 Курулуш округунан депутаттыкка талапкер болгон Кабай Карабековдун арызы каралып жатат. Карабеков мырза өз арызында 27-февралда жана 13-мартта өткөн шайлоолор учурунда бийликтин «Алга Кыргызстан!» партиясынын атынан чыккан атаандашы мыйзамдарды бузганын айтып, бул округ боюнча шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну соттон суранган.

Өлкөдө нааразылык акциялары күчөп, эл Ош, Жалалабат, Талас облакимчиликтеринин имараттарын ээлеп алган убакта соттон адилеттик издеп жаткан Кабай Карабеков өзүнүн журналист кесиптеши Ольга Безбородова менен атаандашкан. «Вечерний Бишкек» гезитинин башкы редактору катары иштеп келген Ольга Безбородова айым буга чейин Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. Бул ирет ал «Алга, Кыргызстан!» партиясынын атынан чыкты. Кабай Карабеков ошондон улам өзүн Ольга айым менен эмес, «Алга, Кыргызстан!» партиясы менен күрөштүм деп эсептейт:

- Баардык күчтөр жана каражаттар «Алга Кыргызстан!» партиясынын атынан салынды, - дейт Кабай Карабеков. Анын айтымында, шайлоочулардын добуштары акчага сатылып алынды:

- Дээрлик баардык участкага, ар бир үйгө алар белек-бечкек, акча таратышты.

Эми анын арызын бүгүн Свердлов райондук соту акыйкат чечип береби – кеп ушунда. Президент Аскар Акаев дагы соттор чыр-чатактарды адилет карап, туура чечим кабыл алышы керектигин Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновго 21-мартта болгон аны менен жолугушуусунда айтты:

- Сиздин өз оозуңуздан эл коомдук чоң резонанс жараткан округдар боюнча ынанымдуу, аргументтүү түшүндүрмөлөрдү угушса жаман болбос эле, - деди президент Акаев.

Бирок ошол эле маалда президенттин өзү эл сотторго 80 процент ишенбейт деген эле. Муну талдоочулардын айтымында Кочкордогу 15 миң шайлоочунун добушун жокко чыгарып койгон соттор жакшы далилдешти дешет. Кызыгы ушундан кийин Кабай Карабековдун сотко кайрылып жатканы болду дешет аналитиктер.

XS
SM
MD
LG