Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

АКАЕВ ДЕПУТАТТАРДЫ ӨЛКӨНҮ ТЫНЧТАНДЫРУУГА ЧАКЫРДЫ


Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттарынын эң биринчи милдети - аймактардагы кырдаалды жөнгө салып, элди тынчытуу. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Жогорку Кеңештин алгачкы жыйынында сөз сүйлөп, депутаттарга ушундай мазмунда кайрылуу жолдоду.

Президент Аскар Акаев парламентке жана Кыргызстан калкына жакынкы күндөрү кайрылуу жасай тургандыгын жарыя кылды. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары ант берген алгачкы жыйынында Акаев негизинен Кыргызстандын аймагындагы жагдайга токтолуп, депутаттарды элди тынчытууга чакырды. Президенттин баамында:

- Айрым оппозициялык саясатчылар ар кандай ойдон чыгарылган шылтоолорго жамынып, жеке саясий кызыкчылыктарын көздөө менен, өлкөдөгү шайлоолордон кийинки ички кырдаалды курчутууга аракет кылууда. Алар күч колдонуу менен мамлекеттик мекемелерди ээлеп алышып, жолдорду бууп, элди бийликке жана мыйзамдарга баш ийбөөгө чакырып жатышат.

Президенттин ишениминде чет өлкөлүк айрым күчтөр оппозицияны колдоп жатат:

- Ал эми ушундай саясий тополоң Кыргызстанда болуп жатса айрым чет жактагы айрым күчтөр эки жүздүү стандартты жетекчиликке алуу менен, биздеги оппозицияны далыга таптап турат.


Президенттин парламентте билдирген ушул өңдүү дооматтарын оппозициялык саясатчылар дароо четке кагышты. Маселен, Кыргызстан элдик кыймылынын төрага орун басары Ишенгүл Болжурованын пикиринде оппозиция учурда нааразы элди тынчытып, стабилдүүлүктү сактоого баарынан мурда кызыкдар болууда. Эл болсо Конституциялык укуктарын пайдаланып жатышат:

- Калп. Кайсы жерде мыйзамсыздык болуп атыптыр. Бийликтин булагы эл болот деген Конституциянын биринчи преамбуласы. Эларалык мыйзамдар боюнча беренелерде карама-каршылыктар болгондо преамбула биринчи болот. Ошондуктан, преамбулада бийликтин булагы бул – эл деп айтылган. Элдин өзүнүн чечими болуп атат. Муну элдик бийлик десек болот.

Анткен менен Акаев сөзүндө оппозициянын аракеттерин опурталдуу деп санап, алар бул аркылуу калган-каткан баркын кетирип атканын белгиледи.

Президенттин пикиринде кырдаал татаал бойдон калууда, ошондуктан, жаңы шайланган депутаттардын учурдагы башкы милдети –өз округдарында шайлоочулар менен бирге болушу керек:

- Азыркы шарттарда депутаттын орду эл ичинде болушу керек. Региондогу абалды жөнгө салуу эң биринчи милдетиңиздер болот деп ойлойм.

Бирок бир палаталуу Жогорку Кеңештин алгачкы отурумуна президенттин кызматтан кетишин талап кылып жаткан саясий күчтөр форумунун мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаев, Дооронбек Садырбаев, Болот Шерниязов, Муратбек Мукашев, Искак Масалиев, Баяман Эркинбаев, көз карандысыз саясатчы Кубатбек Байболов катышкан жок. Маселен, Өмүрбек Текебаев өзүнүн катышпай тургандыгын отурум башталаардан мурда билидирип, анын себебин Ош облусундагы кырдаалдан улам эл менен бирге болуу зарылдыгы менен байланыштырган:

- Тилекке каршы парламенттин бул жыйыны дагы каршылык процесстерди басаңдатканга күчү жетпейт го деп ойлойм. Анткени, бүгүн бул жетишсиз болуп калды. Себеби бүгүн президент эл өкүлдөрүнүн алдында, жалпы эле элдин алдында өзүнө тиешелүү болгон милдеттерди алышы керек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG