Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

ОШ ЭЛДИК БАШКАРУУ КЕҢЕШИНИН КОЛУНА ӨТТҮ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 22-марттан баштап Ош шаарындагы жалпы абалга көзөмөл жүргүзүү Элдик башкаруу кеңешинин колуна өттү. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы эртең мененки саат он экиден баштап элдик кошуундун адамдары менен бирге шаардагы коопсуздук жана коомдук тартипке көзөмөл жүргүзүү чараларын күчөтө баштады. Ал эми президент Акаевдин бийликтен кетүүсүн талап кылышкан нааразылык акциясынын катышуучулары жакынкы убакта Бишкекке сапар тартыша тургандыктарын жарыя кылышты.

Президент Акаевдин бийликтен кетүүсүн талап кылышкан жана 20-марттын таңында ырасмий бийлик тарабынан жасалган адилетсиздикке кыжырданган адамдардын топтору өз демилгелери менен шаардагы коомдук тартипке жана коопсуздукка көзөмөл жүргүзүү максатында Элдик кошуун уюштурушуп, жергиликтүү милициянын ишине көмөктөшө баштады. Элдик кошуундун жетекчиси Базарбай Сөлпиев учурда жүздөн ашуун уландар өз ыктыяры менен жергиликтүү милицияга өткөндүгүн кабарлады:

- Биз өзүбүздүн ыктыярыбыз менен элдик милиция менен бирге шаардын, элдин коопсуздугун сактоо үчүн чыгып атабыз. Себеби ушундай учурдан пайдаланып, өз кызыкчылыгын көздөгөн кээ бир тартипсиз балдар, мородерлор чыгып, элди бийликке сатып койушу мүмкүн. Башка жердеги эл айтып атышы мүмкүн - Ош мындай-тигиндей болуп калыптыр деп. Жок, Ош бүгүн иштеп атат, бардык мекеме-ишканалар өзүнүн мурдагы калыбына түштү. Биздин милиция элге келип кошулгандыгы эл менен милициянын бир экендигинин белгиси болуп атат.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Урайым Ташиев учурда элдик кошуундун мүчөлөрүнүн арасында коопсуздукка жана коомдук тартипке көзөмөл жүргүзүү боюнча көрсөтмөлөр берилип жаткандыгын билдирди:

- Бүгүнкү күндө биздин Ош шаардык ички иштер башкармасынын кызматкерлери өз милдетин аткарып жатат. Кылмыш болгон жерлерге оперативдүү топторду чыгарып атабыз. Анда тергөө кызматкерлери, кылмышкерлерди издөө мекемесинин кызматкерлери бар. Алардын бардыгына инструктаж өткөргөнбүз. Биздин негизги максат Ош шаарында тынчтыкты, коопсуздукту сактоо.

Президент Акаевдин бийликтен кетүүсүн талап кылып чыгышып, 20-марттын таңында каардуу жазалоого дуушар болушкан айрым адамдардын тобу облустук акимчиликтин алдындагы нааразылык акциясына келип кошулушту. Алардын бири операция учурунда колу сынган Нурийла Жээнбекова артка кайтпай тургандыктарын билдирди:

- Колумду гипстетип алып кайра ушул жерге кайтып келдим. Көп болсо атаар мени, ат дедим. Врачтар акча сурашып, таңбай көпкө кармашты. УВДда иштеген капитан эки колу оюлуп, буту күйүптүр. Жанталашып ошону карап атышат. Мага окшогон буту-колу сынган, башы жарылгандар турат бери жакта.

Ал эми президент Акаевди бийликтен кетирүү боюнча Ош облустук штабынын башчысы Дүйшөнкул Чотонов Каракулжа, Карасуу, Өзгөн, Ноокат жана Алай райондорунан келишкен нааразылык акциясынын катышуучулары жакынкы аралыкта Бишкекке сапар тартыша тургандыктарын билдирди. Анын пикиринде башында Анвар Артыков турган Элдик башкаруу кеңешинин шаарда коомдук тартипти жана коопсуздукту кармап турууга толук мүмкүнчүлүгү бар:

- Шаарда биринчи пайда болгон ызы-чууну Кыргыз телекөрсөтүүсүнөн президенттин пресс катчысы Абдил Сегизбаев жарым саат сайын чыгып “Ошто күйүп, талкаланып, өрттөнүп атат” деп жатты. Шаардын турмушун калыбына келтирүүнүн үстүндө иштедик түнү менен. Бүгүн университтерди жаап коюптур деп атат. Студенттерди чакырткыла, окуткула, өзүңөрдүн жашооңор менен жашай бергиле шаар, ал эми саясатчылар пикетке чыккан адамдарды аянттан чыкпагыла деп атабыз. Өзүбүздүн талаптарыбызды улантуунун үстүнөн иштеп атабыз.

XS
SM
MD
LG