Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

БЕЙӨКМӨТ УЮМ ЭЛГЕ КЫРДААЛДЫ ТҮШҮНДҮРҮҮНҮ КӨЗДӨӨДӨ


Бүгүн саат 3тө Бишкекте жарандык коомдун айрым өкүлдөрү «Биз чындыкты билгибиз келет» аттуу тынч митинг өткөрүшөт.

Митингдин башкы максаты - бишкектиктерге өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу маалымат берүү. Уюштуруучу тарап - «Интербилим» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаеванын билдиргенине караганда, мындай демилгенин көтөрүлүшүнө элге өлкөдө түзүлгөн жагдай тууралуу так маалымат жетпей, ырасмий бийликтин бир жактуу маалымат менен чектелиши себеп болду:

- Кечээ маселен, Осмонакун Ибраимов кайра элди чогултуп, жыйын өткөрдү. Коркутуп атпайбы элди: мына Таластан келатышат, Оштон келатышат, Жалалабаттан келатышат деп. Эл ошентип ойлойт да. Элди бири-бирине каршылаштырып атпайбы.

Асия Сасыкбаеванын айтымында, чогулгандарга маалыматтар жер-жерлердеги окуяларга катышкандардын, байкоочулардын билдирүүлөрүнүн негизинде түшүндүрүлөт жана ушул эле маалыматтар жазуу жүзүндө да таратылат. Митингге бейөкмөт, укук коргоочу уюмдар, жергиликтүү тургундар чакырылган. Борбордук аянтка жакын жердеги Уркуя Салиеванын эстелиги орнотулган жерге 500дөн ашык киши чогулары болжолдонууда.

Белгилеп койчу жагы, кечээ Бишкектин Борбордук аянтында ырасмий бийликтин демилгеси менен Ош, Жалалабат облустарында болуп жаткан окуяларга тынчсыздануусун билдирген митинг өткөн. Андан бир күн мурда мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов ушул маселеге байланыштуу көпчүлүктүн катышуусу менен түз эфирде талкуу уюштурган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG