Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

БИЙЛИК БИШКЕКТЕ МИТИНГ ӨТКӨРДҮ


22-мартта Бишкектин борбордук Алатоо аянтында Жогорку окуу жайлардын студенттеринин жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин катышуусунда митинг болуп өттү. 10 миңден ашуун адам катышкан бул митингде оппозициялык маанайдагы саясатчыларга карата курч сын айтылып, бүгүнкү бийликтин саясатын колдоого чакырыктар айтылды. Митингге келген көпчүлүк студенттер окуу жайдын мугалимдери аларды күчтөп алып келгендигин жашырышкан жок.

Борбордук Алатоо аянтына түшкү саат 13төн баштап Бишкектеги Жогорку окуу жайлардын студенттери чогула баштады. Аларды мугалимдер тизме аркылуу текшерүүдөн өткөрүп турушту. Студенттер «Биз Акаевди колдойбуз!», «Бишкек - тынчтыктын шаары!», «Жаштар тынчтык үчүн!» жана башка ураан жазылган плакаттарды көтөрүп турушту. Саат 14тө митинг башталып, аны Тоо-металлургия жогорку окуу жайынын ректору Имил Акказиев алып барды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев митинг өкмөт тарбынан өлкөнүн коопсуздугу үчүн өткөрүлүп жатканын билдирди:

- Түштүктө болгон окуялар элибиздин арасында жик келтирип, бөлүнүп- жарылууга алып барууда. Ошондуктан бир нече күн мурда жогорку окуу жайлардын жетекчилери шаар бийлигинен, ички иштер башкармалыгынан уруксат алышып, элди биримдикке, тынчтыкка үндөө максатында азыркы иш чара өткөрүлүүдө.

Митингдин 10 миңден ашуун катышуучуларына жогорку окуу жайдын жетекчилери, коомчулуктун өкүлдөрү, муфтий Мураталы ажы кайрылышты. Ишеналы Арабаев атындагы университеттин ректору Аблабек Асанканов учурдагы окуяларга оппозициячыл саясатчылар күнөөлү деген пикирин билдирди.

- Ушул коомдук абалдын татаалданышына эң биринчи иретте биздин кээ бир саясий оюнду баштаган адамдар күнөөлүү деп мен ачык айта алам.

Аблабек Асанкановдун пикиринде ар бир нерсе мыйзамдын чегинде чечилиши керек. Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын башчысы Мураталы ажы Жуманов калайык калкты сабырдуулукка, тынчтыкты сактоого үндөдү:

- Жараткан кудай-таала сиз менен биздин көңүлүбүздү тынчтыкка, ислам дининин биримдигине чакырган. Ошондуктан калайык журт биз тынчтыкты сакташыбыз керек. «Ислам» деген сөз, бул - тынчтык деген сөз.

Ал эми Улуттук гвардиянын башчысы Абдыгул Чотбаев Ооганстан, Тоолуу Карабах, Тажикстандагы ич ара согуштарга күбө болгонун, кагылышуудан кан төгүлүп, бейкүнөө адамдар набыт болуп, тарыхка кара так калтырганын билдирди. Ал айрым оппозициячыл саясатчыларды жана Ош, Жалалабатта митинг, пикет уюштургандарды чет элдик уюмдарды акча каражаты менен каржылап жатканын айтып айыптады.

Митингдин катышуучулары митинг соңунда жалпы кыргыз элине кайрылуу жолдошту. Анда өлкөнүн бейпилдиги үчүн элди сабырдуулукка чакырып, тынчтыкты камсыз кылууга үндөштү. Митингге өз каалосуу менен келген шаар тургуну Абдулла Рысалиев пикирин мындайча билдирди.

- Бул бийликтин айласы түгөнгөндөгү митинги болуп калды. Ушул жерге келген жаштардын 90% Акаевдин бийлигин колдобойт. Бул жерге мугалимдердин айдоосу менен эле келишти. Кыргызстандын жарымы кетти. Анан кайдагы бийлик. Азыр сүйлөп жаткандар бул жерде кыйын болушпай, Ош, Жалалабатка барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшпөйбү.

Ал эми студент Сулайман Картаев митингге «Акүйгө ишеним жок» деген плакатты көтөрүп келди. Тартип коргоо кызматкерлери анын колундагы плакатты күчтөп алып айырып салышты. Сулайман Картаевдин айткандары:

- Бизге деканаттан «саат 14тө Алатоо аянтында Акаевди колдоо боюнча митинг болот» деп айтышты. Анан мен өз пикиримди билдирүү максатында «Акүйгө ишеним жок» деген плакат жазып алып келгем. Мага милиция кызматкерлери кандай кысым кылганын көрдүңөр.

Көпчүлүк студенттер митингге айласы жоктугунан, мугалимдердин көзөмөлүндө келгендигин билдиришти. Айрым жаштар Сулайман Каратаевди курчап, тартип коргоо кызматкерлеринин колуна бербөөгө аракеттенишип, топту жарып аянттан чыгып кетишти.

XS
SM
MD
LG