Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

БИЙЛИК БАР, БИРОК ДАЙЫНЫ ЖОК, ЖЕҢИШКЕ ЖЕТҮҮ - ЭЛ ЭРКИНДЕГИ ИШ, НООРУЗ МАЙРАМЫ


Кыргызстанда президент А.Акаевдин кызматтан кетишин талап кылган элдин нааразылыгы күчөгөндөн-күчөп баратат. Президент шайлоочулардын өзгөчө нааразылыгын пайда кылган жерлердеги добуш берүүнүн жыйынтыгын кылдат текшерип, ким күнөөлүү, ким ак экенин элге ачык айтыша тургандыгын билдирди.

Бул ирет Нооруз майрамы ырасмий шаан-шөкөтсүз өттү, башкалаанын чоң аянтына чогулган элдин алдында өнөрпоздор чыгышып, ыр-күү тартууланды, деп кабарлады шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити.

Президент А.Акаев Борбордук шайлоо комиссиясы менен Жогорку сот төрагалары менен жолугушуп, айрым жерлердеги шайлоо жыйынтыгы кандай чыкканын калкка бурмалабай, ачык айтууга тапшырма бергенин да ушул эле гезит маалымдады.

Ал эми «Агым» гезитинде Эркин Пиримов:

«Кечиктиңер, төрөлөр! Депутаттыкка талапкерлер бир гана нерсени – мыйзамдын аткарылышын, бийлик шайлоо процессине кийлигишпөөсүн кайра-кайра какшап суранганда, жүздөгөн энелер Ошто, Жалалабатта мамлекеттик администрацияны ээлеп, бийлик качан биз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт деп күтүп атканда кайда элеңер? Митингге чыккандарды кылмыш жоопкерчилигине тартабыз, камайбыз деп Бишкекте жатып алып опузалагандан көрө, барып сүйлөшсөңөр болмок. Анткендин ордуна мамкатчы КТРдан кайра-кайра ток-шоу уюштуруп, президенттин үй-бүлөсү ээлеп алган менчиктер жөнүндөгү маалыматтарды төгүндөө менен алек болду», деп жазат шаршембидеги «Агым» гезитинде Эркин Пиримов.

Автордун ырасташынча, «МСН» гезити үй-бүлөмдү сындап койду деп элге кайрылуу жасаган президент А.Акаев бүт республика козголоңдун кучагында калып, облустарда, райондордо мамлекеттик бийлик жоюлуп, эл бийлиги орноп атса унчкпай отурганы таңкалыштуу. Айтса, Оштогу толкуган аламан А.Акаевдин президенттик мөөнөтүн узартыш демилгесин көтөрүп, кол топтоп аткан А.Сатыбаевдин иштеген жерин издеп таап, офисин талкалап салышканын ушул эле автор маалымдады.

«Президент көшөгө артына жашынды. Түштүккө баргандан коркту. Телевизордон чыкканга эрки жетпеди. Өлкөсүн Нооруз майрамы менен куттуктаганга жарабады. Алсыздыгын көрсөттү. Калкын соороткондун ордуна, «Алатоо» жаңылыктарынан «жылт» этип, Иманбаев менен Осмоновго көрсөтмө беримиш болуп күлүп койгону мекендештерин шылдыңдаганыбы?», дейт Максат Калыков ушул эле гезиттеги «Көшөгөдө жашынган Акаев. Шымын булгаган жан-жөкөрлөрү. Бишкекти көтөрүүгө даярданган оппозиция» аттуу макаласында.

Бийлик эл менен сүйлөшүүга барбаганын «Аалам» гезитинде жарыяланган маегинде Кыргызстан элдик кыймылынын жетекчиси Курманбек Бакиев да белгилейт. Басылманын шаршембидеги санында Эл биримдиги координациялык кеңешинин коомчулукка кайрылуусу жарыяланууда. Анда чирип бүткөн А.Акаевдин режими өз элине карата күч колдонгону айтылат. Гезитте «Ошто Казакстандын ОМОНдору жүрөбү?» деген Кенжебек Арыкбаевдин макаласына да орун берилген.

Журналист Семетей Талас уулу жаңы шайланган парламент депутаттарынын биринчи жыйыны кандай өткөнүн «Жашырынган жаңы кеңеш» аттуу макаласында талдоого алган.

«Элди эми А.Акаевди кызматтан кетирмейин токтотуу мүмкүн болбой калды», деп жазды шейшембидеги «МСН» гезити. Журналист Рина Приживойттун ырасташынча, А.Акаев көжөлүп бийликтен кетпей, баарына кайыл болуп калды окшойт. «Азыр ал капкара айнектүү машиненин, бийик коргон менен курчалган мамлекеттик үйдүн, тегерек-чети бекем тосулган «Акүйдүн» ичинде элдин жаалынан коркуп отурат. Бирок бул - алдамчы тосмолор. Айласы түгөнгөн калк мындан бийик ташдубалдар менен курчалган аксарайларды алган. Элди алдагыдай абалга жеткирбеш керек болчу – мындайда абийириң болбосо да өмүрүңдү сактап каласың», деп жазат журналист Рина Приживойт.

«Сиз, өзү, үй-бүлөсү бир боор элинин колунан набыт болгон Чаушескунун же Эларалык сот жазасына кириптер болгон президент Милошевичтин тагдырын кайталап калышыңыз ыктымал. Калган сөз Сизде!», деп жазат президент А.Акаевге кайрылуу жолдогон айтылуу дарыгер Жеңишбек Назаралиев.

Кыргызстан элдик кыймылынын жетекчиси Курманбек Бакиев гезитте жарыяланган интервьюсунда президент А.Акаев кыйын кезеңде көрүнбөй отуруп, кийин айыпты өкмөткө жүктөп коет, деген пикирин билдирген.
XS
SM
MD
LG