Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:16

АСКАР АКАЕВ ЖАНА АНЫН МӨӨНӨТҮ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Президент Аскар Акаев көпкө унчукпай атып, кечээ шейшембиде улуттук телеканалдар аркылуу элге кайрылды. Мамлекет башчысынын сөзүнөн кийин айрым байкоочулар президенттин бийлик алмашуу жаатындагы оппозициянын талаптарын уга турган түрү жок дешет. Аскар Акаев өз сөзүндө «менин бийликтен кетээр-кетпесимди азыркы оппозиция жана ар кандай нааразылык чаралар чечпейт» деп билдирди.

Аскар Акаев бир палаталуу парламенттин алгачкы отурумунда сүйлөгөн сөзүндө өлкөдөгү кырдалга учкай токтолуп, депутаттарды элди тынчтандырууга чакырган. Кечинде кайра улуттук телеканал аркылуу элге кайрылуу жасады.

Аскар Акаевдин айтымында, бийликтин күч колдоноюн деген ниети жок. Ал эми өкмөт башчы менен президенттик администрациянын сүйлөшүүлөргө баруу демилгесине оппозиция көңүл бурбай келатат. Аскар Акаев оппозициянын кимиси менен сүйлөшүү керектиги түшүнүксүз, алар эмдигиче кыргыз бийлигине койо турган талаптарын иретке келтире алышкан жок деп билдирди.

Аскар Акаев оппозиция талап кылып жаткан президенттин отставкасы жөнүндө талабын ыктымал сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинен алып таштады:

- Менин кызматтан кетүүм тууралуу маселени митингдер же айрым саясий күчтөр чечпейт. Бул деген калайык калк же парламент чече турган маселе.

Президенттин бул кайрылуусунан коомчулук кандайдыр бир чукул чечимдерди жана өлкөдөгү акыбалга байланыштуу өзгөчө бир билдирүү күткөн эле.

Көпчүлүк саясатчылар Аскар Акаев элди таң калтыра алган жок десе, кай бири ушундай кырдаалда өз кызматына карата мамилесинин өзгөрбөгөндүгүн көрсөтүү менен дагы бир жолу таң калтырды дешет.

Экс-элчи Мамбетжунус Абылов Аскар Акаевдин сөзүнөн бир гана кызматтан кетпегенге аракетин түшүндүм, башка эчтеке айта алган жок дейт.

Айрым саясатчылар Аскар Акаев өзү кетүүнү каалаган менен өз чөйрөсүнө алы жетпей атат деген ойлорун ачык айтып жатышат. Кыргызстан демократиялык кыймылынын лидери Жыпар Жекшеев Аскар Акаев азыр чөйрөсү тарабынан программаланып жаткан адам дейт:

- Аскар Акаев өз көкүрөгүндө бийликтен кетсем дегенде эки көзү төрт. Бирок чөйрөсү жана үйбүлөсү аны кармап турат. Азыр ал адам өзүн өзү биле албай калган. Бул киши азыр бирөөлөр тарабынан программаланып жаткан роботтой эле болуп калды.

Кыргызстанда кырдаал өтө жеткилең курч абалга жетти. Калайык калк мамлекет башчысынын сөзүн күтүп жаткан. Айрым байкоочулар мамлекет башчысы быйылкы октябрдагы шайлоого катышпастыгын, шайлоо демократиялуу болооорун айтканда кырдаал бир кыйла жумшармак дешет.

"Акыйкат жана прогресс" партиясынын лидерлеринин бири Ишенбай Абдуразаков президент эгер кызматтан кетпей турганын ишаара кылган сөздөрдү айтуудан өтө этият болушу керек деген ойдо. Мындай багыттагы кадамдар өлкөдөгү кыраалды ого бетер курчутат дейт:

- Парламент гана чечет деп туруп, кокус жаңы парламент чындап эле бул багытта иш алып бара турган болсо, өлкөдөгү кырдаал ого бетер курчуйт. Аскар Акаев өтө этият болгону оң. Элдин тынчтыгын ойлосо, анда президенттик шайлоонун демократиялуу өтүшү үчүн аракет кылышы керек.

XS
SM
MD
LG