Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:12

БАТЫШТАГЫ ГЕЗИТТЕР КЫРГЫЗСТАНДА КҮЧ КОЛДОНУЛГАНЫНА КАБАТЫР


Бул күндөрү Кыргызстандагы окуяларды жазбаган же чагылдырбаган чет элдик маалымат каражаты дээрлик калган жок. Батыштык маалымат каражаттары акыркы 17 ай ичинде КМШ аймагында үчүнчү ыңкылап башталганына басым жасашууда. Шаршембидеги макалаларда – кыргыз бийлигинин түштүктөгү кырдаал тууралуу айткандары менен ал жердеги чыныгы абалдын ортосундагы айырмачылыктар да сөз болду.

"Постсоветтик аймакта дагы бир ыңкылап", "Түштүк Кыргызстан оппозициянын көзөмөлүнө өттү", "Кыргызстанда кошбийлик орноду" деген өңдүү аталыш алдындагы макалалар шаршембиде Батыштын алдыңкы гезиттеринин дээрлик баарында жарык көрдү. Алардын көбү Кыргызстандагы окуяларды Украина, Грузиядагы ыңкылаптар менен салыштырууга да аракет кылган.


"Файнэншл таймс" басылмасы, маселен, Украина менен Грузиядан айырмаланып, Кыргызстандагы ыңкылап башкалаа Бишкекте эмес, алыскы облустарда башталды, бу да болсо кыргыз оппозициясы арасындагы биримдик ынтымактын жоктугу, өлкөнүн эки географиялык бөлүккө ажырап калганынын белгиси деп жазат.

Көпчүлүк макалаларда Украина менен Грузиядан айырмаланып, Кыргызстанда элдин баары ээрчип кетчү көрүнүктүү оппозициячы жок, андыктан Ош, Жалалабадда демонстранттар курал-жаракка ээ болгону кооптондурбай койбойт деген тынчсыздануу айтылат. "Киев менен Тбилисидеги окуялар тынч өнүксө, Кыргызстанда нааразылык акцияларына чыккан эл да, бийлик тарап да бири-бирине жок дегенде таш ыргытып, союл көтөрүп, күч колдонууга үлгүрдү. Эгерде бийликтегилер мындан ары да куралдын күчүнө ишенсе, опурталдуу чөлкөмдөгү окуялар анык алааматка айланып кетиши ажеп эмес", - деп эскертет "Индепенденттин" редакциялык макаласы. "Азаттыктын" аналитиги Жереми Бранштейн Батыштык прессадагы жалпы маанайды төмөндөгүдөй мүнөздөйт.

- Негизинен пресса, ошондой эле Батыштык саясатчылардын билдирүүлөрүн карап көрсөк, алар Украина менен Грузиядагыдай кыргыз оппозициячыларын ачык колдогон жок. Анткени, менимче, Кыргызстанда демонстрацияга чыккан элдин башында турган көзгө басар көрүнүктүү лидер ким экени белгисиз, ошондой эле ал жерде күч колдонуу, кол салуулар болуп кетти. Эл аралык коомчулук кырдаал дагы кыйындап кетпесин деп эки тарапты сүйлөшүү баштоого үндөп жатат.



"Индепендент" жумалыгында жарык көргөн макала "Кыргыз президенти "мандалак ыңкылапка" моюн сунчу түрү жок" деп аталат. Макалада кечээ кыргыз президенти эч нерсе болбогондой, өз уулу менен кызы шайланган жаңы парламенттин сессиясын өткөргөнү баяндалат.


Батыштык басылмаларды окуп чыккан соң, алар Ош, Жалалабаддагы кырдаалды жалгыз кыргыз бийлигинин айткан-дегенине ишенип кабылдабаары айкын болот. Алсак, "кыргыз президентинин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев улам-улам "түштүктө элди көтөрүп, башкы имараттарды басып алгандар экстремисттер, террористтер, баңги аткезчилери, дагы бир үчүнчү тарап" деп канчалык коркутуп опузалабасын, иш жүзүндө Ош, Жалалабадда көчөлөрдө тынч, жашоо кадимкидей уланып жатканы байкалат", - деп белгилейт Eurasia View интернет-басылмасы. "Вашингтон пост" гезити да түштүк облустарда оппозиция өкүлдөрү милиция, коопсуздук күчтөрү менен бирге күзөт кошундарын түзүп, аймактагы бейкуттукту көзөмөлдөп жатканына көңүл бурат. "Вашингтон пост" жана "Гардиан" гезиттери кыргыз президентинин Кыргызстандагы ыңкылапчыларга чет мамлекеттер акча берип-козутуп жатат деп айткандарын төгүндөп, чет элдик уюмдар шайлоону адилет, таза өткөрүүгө өбөлгө болсун, добуш берүүгө байкоо салып, шайлоочулардын сабатын жогоруталууга жардам болсун деп бейөкмөт уюмдарга каражат бөлөт деп белгилей кеткен.


Эң башкысы, бардык Батыштык басылмалар кыргыз президенти өз өлкөсүнө жакшылык кылгысы келсе, бийликтин тынч жол менен алмашуусуна шарт түзүп, эч убакта элине каршы курал колдонбошу керек деп басым жасашууда. "Гардиан" гезити стратегиялык маанидеги өлкөдөгү окуяларга Кытай, Орусия, АКШ кийлигишпей эле койгону оң, Борбор Азиядагы жаңы "Улуу оюн" эч кимге пайда алып келбейт деген корутунду оюн кошумчалайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG