Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:13

БИШКЕКТЕ КЫРДААЛ КУРЧУЙ БАШТАДЫ


23-мартта жаштардын “Кел-Кел” жана “Бирге” аттуу уюмдары “Интербилим” өкмөттүк эмес уюму менен биргеликте “Биз билгибиз келет” аттуу акция өткөрдү. Бирок Бишкек милициясы топтолгон адамдарды күч колдонуу менен автобустарга салып кетти. Бул окуяга миңге чукул борбордун тургундары күбө болуп, нааразылыктарын жашырган жок. Кармалгандардын саны жүзгө чукул. Биринчи май райондук милициясында алардын сабалып жаткандыгы кабарланууда.

23-мартта түштөн кийин жаштар Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында чогулуп, “Биз билгибиз келет” аттуу акция өткөрүүгө аракет жасады. Алар минтип кыйкырып турушту:

“Келкел! Бирге! Келкел! Бирге!.

Аларды жүздөгөн милиция кызматкерлери дароо курчоого алышты. Жаштарга СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев кайрыла баштаган учурда 30-40 болуп топко бөлүнгөн милиция кызматкерлери жаштарды күч колдонуу менен булкуп-жулкуп автобустарга салып кете баштады. Зордук менен алынып кеткендер арасында Болот Шамшиев, “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын президенти Эдил Байсалов, №1 Университет шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Болот Марипов жана башкалар болду. Митингге катышкан адамдардын жалпы саны миңге чукул болду.

23-мартта Кыргызстан элдик биримдиги координациялык кеңештин жыйыны болуп, анда өлкөдөгү абал талкууланды. №55 Бакайата шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Равшан Жээнбеков өлкөдөгү абалды мындай баалады:

- Бул аябай кыйын абал. Азыр мамлекет башчысы тез арада сүйлөшүүгө отурбаса анда мамлекеттеги кырдаалды көзөмөлдөөнү колдон чыгарып алабыз. Менин оюмча, абал ич ара согушка жакындап келатат.

Анын айтымында, президент Кыргызстан элдик биримдиги координациялык кеңеши менен сүйлөшүүгө барыш керек. Ал эми Акылбек Жапаров Кыргызстан боюнча элдик бийлик орнош керек деп, буларга токтолду:

- Нарын облусунда он күн бою элдин баары суукта турушту. Бийликтегилер барбай коюшту. Демек буларга Нарын элинин да кереги жок экен. Мына ошентип керт башын сактайбыз деп, бүт кыргыз элин курмандыкка чалып жатышат. Мен ойлоп атам бул туура эмес. Жалпы Кыргызстанда элдик бийлик орнотулуш керек.

Оппозиция сүйлөшүүгө даяр эмес деген ырасмий бийликтин сөзүнө карата жана өлкөдөгү абал тууралуу Координациялык кеңештин төрагасы Курманбек Бакиев мындай пикирин билдирди:

- Абал оор. Бирок «талкалап жатышат, банктарды тоноп жатат» дегендери туура эмес. Калп. Сүйлөшүүгө болсо биздин сунуштар даяр. Бирок бийлик тарап сүйлөшөбүз деп эки күндөн бери айткандан бери эч кандай иш жасай элек. Сүйлөшөбүз дегенден кийин жолугуш керек, отуруш керек.

23-мартта ырасмий бийлик атынан Ош шаарына Жогорку Кеңештин депутаты Ташкул Керексизов, коргоо министри Эсен Топоев келип, Ош облустук элдик кеңештин төрагасы Анвар Артыков, штаб башчысы Дүйшөн Чотонов менен сүйлөшүүлөр баштады.

Айрым маалыматтар боюнча Талас, Кочкор, Ош, Жалалалбаттан оппозиция тарапкерлери Бишкекке чогула баштады. Ал эми Кыргызстан элдик конгрессинин төрагасынын орун басары Алмаз Атамбаев 24-мартта Бишкектин Алматы жана Ахунбаев көчөсүндө митинг өткөрүүгө даярданууда.

23-мартта президент Аскар Акаев өлкөнүн күч структураларында кескин өзгөртүүлөрдү жасады. Анын жардыгы менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев вице премьер министр - ички иштер министри болуп дайындалды.

Бул күнү өлкөнүн башкы прокурору Мыктыбек Абдылдаев да кызматынан бошотулуп, анын ордуна Муратбек Суталинов дайындалды. Алар 23-мартта “Кабар” агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, Жалалабат, Оштогу окуяларга байланыштуу Курманбек Бакиев баш болгон жүздөгөн адамдарга каршы кылмыш ишин козгоо максатында, материалдар топтолуп жаткандыгын билдиришти.

Шаршемби күнү түштөн кийин белгилүү саясатчылар Кубатбек Байболов жана Адахан Мадумаров оппозиция лидерлерин “Хаят” мейманканасына чогултуп, бийлик менен сүйлөшүүгө платформа түзүүгө киришти.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG