Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Барымтага алынган тележурналист бошотулду


НАРЫН. 20-мартта Кочкор районундагы нааразылык билдирген атуулдар тарабынан барымтага алынган Нарын облустук телекорпорациясынын журналисти Эсенгул Жунушев 23-мартта Нарын шаарына бошонуп келди. Атайын кабарчынын айтымында 20-март күнү түшкү саат он эки чамасында алар турган райондук rеңештин имаратына бир аял жана эки жигит келишкен. Арадан аз убакыт өткөндө бир нече ондогон адамдар каптап киришип, коопсуздук кызматкерлери жана кабарчыны сыртка чыгарышпай, журналисттин видеокамерасын тартып алышкан. Ал күнү түнкү саат он бирден кийин Эсенгул Жунушовду өзүнчө бөлүшүп барчу жерине жеткирип коюшкан. Нааразычылык акцияны бир катар жарандары облустук теле акыйкат көрсөтүүнү элге жеткиришпейт, бир жактуу маалымат берет деп кабарчыга ыдык жасашып, коркутууга чейин барышкан. Видеокамераны болсо 23-мартта беришип, бирок кассетасын алып калышты деген журналист үч күнгө чейин компания жетекчилиги тарабынан эч кандай тынчсыздануу чарасы болгон жок деп кошумчалады.

XS
SM
MD
LG