Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

ДЕПУТАТТАРДЫ ПРЕЗИДЕНТ КАБЫЛ АЛГАН ЖОК


23-марттын кечинде Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов, “Атажурт” кыймылынын лидери Адахан Мадумаров жаңы Жогорку Кеңештин депутаттарын, оппозиция лидерлерин, ишкерлерди чогултуп, өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу боюнча сунуштарды иштеп чыкты. Анда президент Аскар Акаевге өкмөттү, Борбордук шайлоо комиссиясын, Жогорку сотту кызматтан кетирүү жана үч айдын ичинде президенттик шайлоо өткөрүү сунушталган. Аларды айтууга Өкмөт үйүнө барган Жогорку Кеңештин депутаттары Аскар Салымбеков, Жантөрө Сатыбалдиев, Акматбек Келдибековду, Өмүрбек Бабанов жана башка депутаттарды президент кабыл албай койду. Мына ушул сүйлөшүүнүн тагдыры боюнча Адахан Мадумаровго кайрылдык. Назарыңыздарга мына ошол суроо-жооп.

- Адахан мырза, бир топ депутаттар президент Акаев менен жолугабыз деп сунуштар менен Ак үйгө барып келишты. Ал жактан кандай жооп болуптур?

-Тилекке каршы, жиберилген кишилер премьер-министр, администрация башчысы менен гана жолугушуптур. Президент болсо мен азыр шашылыш кеңешме өткөрөм, убактым жок, эртең жолугушалы дегендей сөзүн айтыптыр.

-Бул эмнени билдирет?

-Бул деген Кыргызстандагы абал президентти таптакыр кызыктырбайт. Же болбосо бул абалды жөнгө салуу боюнча эч кандай чаралар көрүлбөйт дегенди билдирет.

-24-мартта митингдер башталса, анда 23-мартта башталган кагылышуулар уланат экен да.

-Эми кудай буйурса таң атканча аман болсок, эртеңки күн кандай болорун көрөбүз.

-Жогорку Кеңештин депутаттары сиздердин чакыруу менен келдиби? Алардын өздөрүндө кандайдыр бир сунуштар бар бекен?

-Биз бүгүнкү күндө Кыргызстанда түзүлгөн жагдайга таасирин тийгизе алчу депутаттарды Кубатбек Байболов экөөбүз демилге көтөрүп чакырган элек.

-Бул жерде Жантөрө Сатыбалдиев, Өмүрбек Бабанов, Келдибеков жүрөт. Булардын абалдан чыгуу боюнча сунушу болдубу?

-Сунуштарын айтты. Абдан көп талаш-тартыштар болуп жатты. Натыйжада бир пикирге келип, ошол пикирди президентке түздөн-түз жеткирип коюу маселеси боюнча барышты. Тилекке каршы, ал киши азыр эч кимди кабыл албай калыптыр. Президент атыбызды укканда кыжырданган депутаттар, саясатчылар өз демилгебиз менен бул жерде калып, лоялдуу, президент менен кечээ эле иштешип жүргөн депутаттарды жөнөттүк. Мүмкүн буларга кулак төшөйт деп ойлогонбуз. Бирок андай болбой калды.

- Бул депутаттар өзүнүн көңүл калгандыгын билдириштиби, алардын абалы кандай болуп жатат?

- Алар биз 10 жылдан бери кандай абалда жүргөнүбүздү бүгүн түбүнө чейин түшүнүштү. Алардын пикири биздики менен дал келди.

-Демек, алардын эл тарапка өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү бар?

-Көкүрөгүндө, жүрөгүндө Кыргыз мамлекети, кыргыз эли деген ар бир адамдын өтпөй койгондон башка аргасы жок.

-Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG