Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

ДЕМОНСТРАНТТАР ФЕЛИКС КУЛОВДУ БОШОТУШТУ ДЕГЕН МААЛЫМАТ ТАРАДЫ


Ак үйдү алгандан кийин демонстранттар "Арнамыс" партиясынын лидери Феликс Куловду бошотуу үчүн №19 түрмөгө бат алышты. www. akaevu.net аттуу сайттын маалыматы боюнча Феликс Кулов бошотулду. Жарым сааттан кийин ал Кыргыз телекөрсөтүүсү аркылуу сөз сүйлөйт деп айтылат ал интернет-сайтта.

Мурдагы вице-президент Феликс Кулов экономикалык кылмыш жасаган деген күнөө менен 2001-жылдын 22-январынан бери камакта жатат. 2002-жылы ал 10 жылга соттолгон.

Төмөндө биз 2003-жылы 19-апрелдеги Феликс Кулов тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы Кыяс Молдокасымовдун макаласын сунуш кылабыз:

ФЕЛИКС КУЛОВ: «ЭРТЕБИ КЕЧПИ БИЙЛИККЕ ДУРУС АДАМДАР КЕЛЕТ, ОШОНДО МЕН ТОЛУК АКТАЛАМ»
Он күн илгери «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу абагынан Юстиция министрлигине караштуу №19-түзөтүү жайына которулган эле. Эки жылдан ашуун мезгилден бери сырткы дүйнө менен дээрлик байланышта болбой келген партия лидерине эми аздыр-көптүр тууган-уруктары, жакын санаалаштары менен көрүшүп, пикир алышып турууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бирок азырынча анын абактан чыгышы тууралуу сөз козголо элек.


Кыргызстанда буга чейин саясатчылардын арасынан Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу абагында Феликс Куловдой узак мезгилге кармалган эч ким болгон эмес. Партиялаштарынын айтуусуна караганда, ал 947 күн аталган кызматтын жертөлөсүндө кармалып келди. Бул жерде Куловго москвалык журналисттер менен америкалык атайын өкүлдөр гана кирип жолукпаса, жакын туугандары менен партиялаштарын киргизишкен жок.
Бишкектен анча алыс эмес “Жаңыжер” айылына жуук түзөтүү жайына которулгандан бери жакын туугандары менен айрым санаалаштары жолугуп, анын ал-ахывалын көрүп кайтышты. Жолуккан адамдардын айтуусуна караганда, Куловдун абалы дурус. Анын сураган китептерин, спорттук эмеректерин жеткирип беришкен. Бирок, ага каалаган адамдар эле кире бербейт. Атүгүл алгачкы күндөрү жоопкерчиликти мойнуна алып ага кирүүгө уруксат берген түрмө жетекчилери тил укканын айтышат. Куловго жолуккан адамдар көргөн-билгенин «Азаттыкка» кеңири айтып берүүдөн айбыгып жатышат.

Ф.Куловдун акталып же мунапыска туш келип абактан чыгуусу тууралуу ушу тапта аркыл божомолдор айтылууда. Көпчүлүк эксперттер Куловдун түзөтүү жайына которулушун анын эркиндикке чыгышына карата дагы бир кадам катары баалашууда. Анын түрмөгө которулушун Ирактагы согуштун жеңиштүү аякташы менен байланыштырышкандар да бар.

Американын чечкиндүү аракети менен Саддам Хусейндин диктатордук режиминин жер менен жексен болушу дүйнөдөгү авторитардык башкарууга умтулган мамлекет башчыларын бир топ сестентип койгонун кыргыз саясатчылары да кеп кыла баштады. Кулов Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу абагында жатып Американын аракетин ачык колдоп чыгышы өз жемишин бербей койбойт деп эсептешет айрым байкоочулар.

Акүй азырынча Кулов тууралуу эч сөз айта элек. Айрым эксперттер Акүй анын эл арасындагы таасирин биротоло жок кылып, унуттурганга дейре «айкөлдүгүн» көрсөтпөйт деп эсептешет. Алардын айтканында да чындыктын үлүшү бар сыяктуу. Анткени өткөн жылы Азимбек Бекназаров камакка алынгандан кийин Акүйдүн идеологдорунун бири: «Бекназаровду 2 айда эл унута тургандай кылабыз. Мына, эбегейсиз байлыгы бар Данияр Үсөнов элдин эсинен чыгып эле калбадыбы. Мыкчыгерленген «Асаба» гезитин эл коргоп алдыбы?» - деп опурулганы али эсимде.

Бирок, канткен менен Кулов акыр аягына чейин чыдап, бийликтин алдына бүгүлүп кечирим сураган жок. Ал бийликке жаңы адамдар келсе толук акталаарына бөркүндөй ишенет. Ал тууралуу 2002-жылы 11-октябрда Бишкек шаардык соту 7 жылга эркинен ажыратаар алдында Кулов минтип айткан эле:

«Мени түрмө менен коркуталбайт. Мен 2 жыл бою бир кишилик камерада отуруп эч кандай коркунучту сезбедим. Башкалар менден да оор запкы тартышат. Ал жерде жатып мен ындыным өчүп, майтарылганым жок. Аны ошол жердеги сакчылардан сурасаңар да айтып берет. Мен ар дайым жакшы маанайда жүрдүм. Анткени мен кандай максаттар үчүн күрөшүп жатканымды жакшы билем. Мен сөзсүз чындыкка жетишим керек. Мен эртеби же кечпи, сөзсүз эркиндикке чыгам. Анткени эртеби-кечпи бийликке дурус адамдар келет. Жаңы шайлоо болгондо жаңы адамдар келет. Мен ошондо толук акталам. Эң башкысы, бийликке келген жаңы адамдар соттун жардамы менен кимдир-бирөөдөн өч алып, жазалабашы керектигин түшүнүшү керек».

Феликс Кулов ушул принцибин тайбай карманып келет. Чындыгында анын эркин 947 күндүк үй-бүлөсүз, жакын санаалаштарсыз жертөлөөдө өткөргөн жалгыздыгы майтаралган жок. Анын башынан өткөргөн оор күндөрү эгемен өлкөнүн күнгөй-тескейин чагылдырган окуя катары тарыхтан өз ордун табаары шексиз, дешет жергиликтүү укук коргоочулар.

XS
SM
MD
LG