Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө “Кыргызстан эли провокация чакырыктарына жана стабилдүүлүктү бузуп, элдер аралык араздашууну күчөтүүгө ашынган айтылуу “үчүнчү күчтөрдүн” аракеттерине жол бербейт деп ишенээрин” айткан.
Ал эми Өзбекстандагы “Эрк” демократиялык партиясынын лидери Мухаммад Солих соңку окуялар тууралуу буларды айтты.
- Бул окуяларда албетте, калктын деми да, күчү да чоң. Анын үстүнө, бийлик өзү ичинен чиригенин көрсөттү. Бул бир эле Кыргызстанга эмес, Өзбекстанга да тиешелүү. Өлкө калкында Акаевке карата бир да жылуу сезим калбаганын да бийлик көрдү. Эки-үч күн унчукпай калганы да ошондон. Булар баары обьективдүү себептер. Бийлик сырттан күчтүү көрүнгөнү менен ичи өтө эле бош, - деди Өзбекстандагы “Эрк” демократиялык партиясынын өкүлү Мухаммад Солих биздин радиого берген маегинде.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги да билдирүү таркаткан.
- Бул окуялар бизди көңүлкош калтыра албайт. Жакында эле ич ара согуштун түйшүгүн баштан кечирген Тажикстан бардык тараптарды маселени өз ара сүйлөшүп, тынч, Кыргыз Республикасынын Конституциянын чегинде чечүүгө чакырып келди жана чакырат. Саясый максат кандай гана асылзат иштерди көздөбөсүн, мыйзамга каршы зобундукка барууну жана радикалдуу саясый мүдөөнү эч нерсе актай албайт. Мунун аягы бир тууган Кыргызстан эмес, бүтүндөй региондогу тынчтык жана туруктуулук үчүн да опурталдуу - деп билдирди Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин ырасмий өкүлү Игорь Сатторов.
Андан сырткары, тажик жетекчилиги Кыргызстанда бийлик менен оппозиция ортосунда сүйлөшүү өткөрүүгө ортомчу болуп берүү сунушун билдирген эле.
Тажикстандын Демократиялык партиясынын өкүлү Додожон Атовуллоев бүгүн мындай деди.
- Кыргызстанда болуп жаткан окуялар, биринчи кезекте, Борбор Азия өлкөлөрү ичинде Тажикстан менен Өзбекстанга таасирин тийгизиши керек. Кыргыз президенти Аскар Акаевдин тагдыры азырынча өзүнүн гана уруусунун жыргалчылыгын ойлогон борбор азиялык башка лидерлерге элдин каалоолору менен эсептешүү керектигин түшүндүрүшү зарыл. Борбор азиялык президенттер өлкөнүн армиясы дайыма эле алардын каалаганын кылат деп эсептешет, бирок Кыргызстандын мисалы бул туура эмес экенин көрсөттү. Кыргызстанда Акаевдин үй-бүлөсү тарабынан көзөмөлгө алынып турган улуттук сыналгы жана үналгы каналдары да оппозицияны тааный турганын билдиришти. Менимче, келерки ыңкылап эми Тажикстанда болот, - деди Тажикстандагы Демократиялык партиянын лидери Додожон Атовуллоев.
Ал эми Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин шаршемби күнкү билдирүүсүндө Кыргызстандагы окуяларга “тынчсыздануу билдирип, жакынкы мезгилдерде өлкөдөгү кырдаал турукташат ко“ деген ишенээрин билдирген эле. Бул билдирүү кайсыл бир деңгээлде бүгүн да Казакстандын өкмөт башчысы Даниал Ахметов тарабынан кайталангандай болду. Ал Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Фрадков менен болгон жолугушуусунда “Кыргызстандагы кырдаал күч менен эмес, сүйлөшүүлөр аркылуу Конституциянын чегинде гана чечилиши керек” деп айткан.
Азырынча түркмөн бийликтери Кыргызстандагы окуяларга карата ырасмий билдирүүлөрдү жасаша элек. Бирок өлкөдөгү оппозициялык күчтөр “кыргыз жериндеги нааразылык демонстрацияларына чыгып жатышкандардын аракеттерин жылуу кабыл алышканын” билдиришти.
Мисалы, “Ватан” деп аталган оппозициялык маанайдагы коомдук кыймылдын лидери Худайберди Оразов “Кыргызстандагы окуялардын мисалы борбор азиялыктар үчүн үлгү болот” деп ишенет.
- Кыргызстанда болуп жаткан окуялар жалпы эле Борбордук Азия мамлекеттерине сөзсүз таасирин бериши керек. Мындан кийинки толкундоолор Казакстанда болушу мүмкүн. Кыргыз элинин учурдагы аракеттери өз укугун коргосо боло тургандыгын ачык көрсөтүп жатат. Демек, түркмөнстандыктар да аларга карап, өз тагдыры тууралуу ойлоно баштайт, - деди Түркмөнстандагы “Ватан” коомдук кыймылынын лидери Худайберди Оразов.
Кыргыз оппозициясынын аракеттерине Казакстандагы демократиялык күчтөрдүн “Адилет Казакстан үчүн” деп аталган блогу да тилектеш экендигин билдирди.
Ал шаршембиде жасаган билдирүүсүндө “Бүгүн биз Кыргызстан эли көчөгө чыгып, барган сайын авторитаризмге ооп бараткан үй-бүлө-уруктук режимдин ой келди саясатынан, паракордуктан жана жакырдыктан такыр чарчап бүткөнүн көрүп жатабыз. Кыргызстандын биргелешкен демократиялык күчтөрү ушул тапта өздөрүнүн мыкты уюштуруучулук сапаттарын даңазалап, нааразылык акцияларын уюштуруп жаткандардын аракеттерин өз көзөмөлүнө ала алат ко, кан төгүлүү болушуна жол бербейт ко деп ишенебиз” деп айтылат.
Эки-үч күн унчукпай калганы да ошондон. Булар баары обьективдүү себептер. Бийлик сырттан күчтүү көрүнгөнү менен ичи өтө эле бош, - деди Өзбекстандагы “Эрк” демократиялык партиясынын өкүлү Мухаммад Солих биздин радиого берген маегинде.

- Бул окуялар бизди көңүлкош калтыра албайт.