Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:02

ФЕЛИКС КУЛОВ: «АЗЫР БИЙЛИК БӨЛҮШТҮРЧҮ УЧУР ЭМЕС»


Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны менен жаңы парламенттин депутаттары 24-марттын түнүндө биргелешип өткөргөн жыйынында Кыргызстан элдик конгрессинин төрагасы, «Арнамыс» саясий партиясынын төрагасы Феликс Куловду ички иштер министрине дайындап, бардык күч структураларын көзөмөлгө алуу тапшырылды. Бул жыйындын алдында Кулов журналисттердин айрым суроолоруна жооп берген эле. Суроолордун басымдуу бөлүгү учурда Бишкекте жүрүп жаткан талап-тоноолор менен байланыштуу болду.

- Азыркы шартта кырдаалды көзөмөлгө алуу мүмкүнбү?

- Колубуздан келгенди жасайбыз. Силер да мени түшүнгүлө, беш жыл ичинде конкреттүү иштерден, кызматкерлерден, кайсы жерде кандай күчтөр бар экенинен бир аз окчундап калдым. Ошондуктан бул иштерди чукул жүргүзүүгө туура келип атат. Чагымчыларды биз билебиз. Биз аларды териштиребиз. Аларды мен телеберүү аркылуу мындай иш кылбагыла деп ачык кайрылдым. Бирок тилекке каршы, өзүңөр билесиңер, көпчүлүгү жакыр жашашат, муну жакшы түшүнөсүңөр.

- Кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетет деп корккон жоксуңарбы?

- Кырдаал көзөмөлдөн чыкпайт. Мен таңга чейин тартипке келтиребиз деп ойлойм.

- Эларалык чөйрө эмне деп атат? Америкалыктар, орустар тынчсызданып атышабы?

- Сөзсүз. Мен айтып коеюн, бардык КМШ өлкөлөрү тынчсызданып турушат. Мен билем, мага Казакстандын, Өзбекстандын, Орусиянын, Америка Кошмо Штаттарынын элчиликтери чалып атышат. Бардыгы учурда болуп жаткандарга тынчсызданышууда. Алардан азыркы чыр-чатакты басыш үчүн кандайдыр бир жардам болот деп ойлоп атам.

- Талап-тоноолорду токтотуу иштерин ким көзөмөлгө алат?

- Азырынча белгисиз. Мен, маселен, обьектилерде болдум. Мага чейин Курманбек Салиевич (Бакиев) болгон, алар да кандайдыр бир тапшырмаларды беришти. Мен дагы бул системаны билген адам катары кырдаал жайында болуш үчүн эмне кылуу керектигин айттым. Ички иштер министрлигин азыр жетектеп тургандарга моралдык колдоо көрсөттүк. Коопсуздук кызматынын, ички иштер министрлигинин башында тургандарга моралдык колдоо жасадык. Маселе бийлик бөлүштүрүүдө эмес, маселе тартип орнотууда.

- Сиз азыркы өткөөл учурда оппозицияны башкара аласызбы, чамаңыз келеби?

- Мен башкаруу үчүн чыккан жокмун. Мен тартипсиздикке жол бербеш үчүн чыктым. Бул менин башкы милдетим. Мен эмне үчүн чыктым? Мыйзам боюнча мен чыгышым керек эмес болчу. Ага соттун чечими керек. Бирок жоон топ кишилер мени бошотуу үчүн жөнөгөндө, Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын башчысы келип, бул түрмөнү талкалап кетишет, чыгарыш керек деди. Кылмыш мыйзамында өзгөчө зарылдык деген бар. Мыйзам чегинде дал ушул өзгөчө зарылдыкка байланыштуу мени чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынды. Башка чечим болсо мен кайра ордума барам.

- Президенттикке барасызбы?

- Азыр президенттик жөнүндө сөз кылуунун кереги жок. Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек. Парламент өкмөткө, убактылуу өкмөткө байланыштуу тиешелүү чечим чыгарышы керек. Бул талкуунун өзөгүн түзөт. Бүгүн портфель бөлүштүрчү учур эмес. Бул эң башкысы.

- Сизде президент болуу мүмкүнчүлүгү барбы?

- Бул менин максатым эмес. Менин өзгөчө деле каалоом жок. Себеби, бул өтө оор жумуш экенин мен билем.

- Сиздин оюңузча, ага ким татыктуу?

- Муну эл тандайт деп ойлойм.

- Акаев кайда экенин билесизби?

- Мен билбейм. Мен деле Москвага учуп кеткен имиш дегенди угуп атам.

Сүрөттө: Феликс Кулов Ак үйдүн алдында элге кайрылып, сөз сүйлөп жатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG