Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

ЧОЛПОН БАЕКОВА КУРМАНБЕК БАКИЕВДИ ПРЕЗИДЕНТТИН МИЛДЕТИН ТАРТЫНБАЙ АТКАРУУГА ЧАКЫРДЫ


Бүгүн Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова Мыйзам чыгаруу жыйынында мыйзамдарга түшүндүрмө берген убакта, Курманбек Бакиевди президенттин милдетин тартынбай аткарууга чакырды. Ошол эле убакта Аскар Акаев президенттиктен кеткени тууралуу арызын жаза элек. Айрым маалыматтар боюнча ал Казакстанда.

Чолпон Баекованын айтымында Аскар Акаев Кыргызстанда эмес. Депутат Акбөкөн Таштанбеков Аскар Акаев Кант аркылуу учуп кеткенин билдирди.

Топчубек Тургуналиевдин маалыматы боюнча Аскар Акаев Алматага жакын Капчыгай деген жердеги аскердик базада экен.

Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Дооронбек Садырбаев, Акылбек Жапаров бүгүн эртең менен эл алдында "Алатоо" аянтында сөз сүйлөштү. Бакиев эл алдында ант берип, эл үчүн иштейм деди. Ал "өлкөнү аялым башкарбайт" деп сөз берди. Бакиев элди тарагыла, эгин-тегин эккиле, үйүңөргө баргыла деди.

Ушул саатта Мыйзам чыгаруу жыйыны өзүнчө, Эл өкүлдөр жыйыны өзүнчө жыйын өткөрүп жатат. Мыйзам чыгаруу жыйыны Борбордук шайлоо комиссиясын отставкага кетирүүнү да айтып жатат. Ал эми эл өкүлдөр жыйыны өкмөттүн курамын карап жатат деген маалымат бар.

Мыйзам чыгаруу жыйынында айрым депутаттар коменданттык саат киргизиш керек деген сунуш айтышты. Айрымдары болсо жаңы шайланган парламентти легитимсиз деген чечим кабыл алалы деп жатышат. Жогорку сот кийинки шайланган депутаттардын каттоосун жокко чыгарды, бирок шайлоону легитимсиз деп тапкан жок.

Жаңы шайланган депутаттар да чогулууга аракет кылышты. Бирок жыйнала алышкан жок. Жаңы депутаттар чогулуп жатат дегенди уккан эл парламенттин ичине кирүүгө аракет жасашты.

Түнү менен "Бета сторес", "Дордой плаза", "Силку вей", "Айчүрөк" сыяктуу дүкөндөр таланды. Негизинен Акаевдики деген "Народный" деген магазиндердин баары талкаланып, тонолду. Учурда 60 адам таланып-тоноо үчүн камалды, аларды кармаган учурда колдорунда буюм-тайымдар болгон. "Дордойдогу" ишкерлер акча чогултуп, Казакстандан курал сатып алып жатат деген сөз бар. Феликс Кулов эртең менен КТР телекөрсөтүүсү аркылуу сөз сүйлөп, элди сабырдуулукка, тартипке чакырды.

Акыркы маалыматтар боюнча Алевтина Проненконун айтымында "Дордойдо" ишкерлер менен талап-тоноочулардын ортосунда атышуу болуп жатат.

Курманбек Бакиев азыр Мыйзам чыгаруу жыйынынын алдында сүйлөп, өкмөттү түзүүгө киришээрин, жакынкы сааттарда и. о. кылып, министрлерди дайындай турганын айтты. Ошол эле учурда Бакиев, белгилей турган нерсе, жаңы шайланган парламент менен эски парламенттин кимиси легитимдүү деген маселени азыркы коопсуздук жагдайдан улам карабай туруш керек деген сөз айтты. Муну Акбөкөн Таштанбеков туура эмес деп, Бакиев башында турган Кыргызстан элдик кыймылынын башкы бир максаты - жаңы шайланган парламентти легитимсиз деп табуу эле деди.

Конституциялык соттун судьясы Чолпон Баекова эки палаталуу парламент мыйзамдуу экенин ушул сааттарда Мыйзам чыгаруу жыйынында сүйлөгөн сөзүндө бекемдеди. Анын айтымында аткаруу бийлиги алсыз болуп турган убакта сот бийлиги менен эки палатадан турган парламент жоопкерчиликти өзүнө алышы керек. Баекова ошондой эле Бакиевди президенттин милдетине кылчактабай киришүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG