Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:05

КУРМАНБЕК БАКИЕВ ӨКМӨТТҮ ӨЗҮ ТҮЗӨ БАШТАДЫ


25-мартта Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны өлкөдөгү абалды талкуулап, президенттин жана өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге өкмөттү тезирек түзүп, өлкөдөгү, өзгөчө борбордогу кырдаалды көзөмөлгө алууга чакырды.

Мыйзам чыгаруу жыйыны 25-марттагы отурумунда эски жана жаңы Жогорку Кеңеш кабылган чиелешкен абалдан чыгуунун укуктук жолун издеп, тийиштүү мыйзам кабыл алды.Кабыл алынган мыйзам тууралуу депутат Орозбек Дүйшеев буларды билдирди:

- Мыйзам чыгаруу бийлиги болуп, Жогорку Кеңештин эки палатасы биригип иштейт. Кабыл алынган мыйзамдын негизгиси ушул. Жаңы президент шайлангандан кийин жаңы парламенттик шайлоо дайындалат. Кийинки шайланган депутаттардын ыйгарым - укуктары чектелди.

Өкмөт башчысынын жана президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев бул күнү Эл өкүлдөр жыйынына келип, жаңы өкмөттүн курамын бекитип берүүнү сунуштады.

Ага ылайык вице-премьер-министрликке Адахан Мадумаров, каржы министрлигине Акылбек Жапаров, Улуттук банктын төрагалыгына Муратбек Мукашев, тышкы иштер министрлигине Роза Отунбаева, башкы прокурорлукка Азимбек Бекназаров, ички иштер министрлигине Мыктыбек Абдылдаев, экономика министрлигине Амангелди Муралиев, коргоо министрлигине Исмаил Исаковду дайындоо сунушталды.

Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары жогорку кызматка дайындоого сунушталган талапкерлерди комитеттерде талкуулоого кетти.

Бул мезгилде Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары мамлекет башчысынын милдетин аткаруучуну палатага чакырып, өлкөдө түзүлгөн абалга карата кандай чаралар көрүлүп жатканын сурады. Бакиев өкмөттү тезирээк куроо, чогулган элди таратуу негизги маселе деп белгиледи:

- Ушул абалдан чыгалычы. Эки-үч күн жок дегенде биргелешип иштеп, элди токтотуп, жер-жерлерине кайтарып, туруктуулукту орнотсок. Анан кызматы болобу, башкасы болобу - баары жетерлик болоор.

Жыйында сөз сүйлөгөн Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова президент Аскар Акаев өлкөнү таштап кеткенден кийин мыйзамдуу жол менен Курманбек Бакиев мамлекет, өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу болоорун айтты:

- Президенттин милдетин аткаруучудан өз милдетин аткарууну талап кылсак. Ал президенттей эле жардыктарды чыгарып, жоопкерчиликтүү кишилерди дайындоого тийиш.

Депутаттар Курманбек Бакиевди тезирээк аракеттенип, кырдаалды колго алууга чакырды. Маселен, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Кубатбек Байболов мындай деди:

Курманбек Салиевич, чечим кабыл ала бериңиз. Чечкиндүү чечим кабыл алыңыз.

Курманбек Бакиев депутаттардын мындай колдоосунан кийин дароо министрлердин милдетин аткаруучуларды дайындоо жөнүндө жардыктарга кол коерун, ал эми Бишкек шаарына коменданттык саат киргизүү маселеси жакын арада каралаарын билдирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG