Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:55

КУРМАНБЕК БАКИЕВ МИТИНГДЕ АНТ БЕРИП, “АЯЛЫМ САЯСАТКА КИРИШПЕЙТ” ДЕДИ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Бүгүн башкалаанын Алатоо аянтында 3 миңге чукул эл чогулду. Ал эми ошол учурда жалган маалымат угуп алып ачууланган жаштар парламенттин имаратына кол сала жаздашты. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев аянтта чогулгандарга ант берди жана дубандардан келгендерден үйлөрүнө кайтууну өтүндү.

Жогорку Кеңеште түшкө жакын эски парламенттин эки палатасы тең иштеп жаткан. Аңгыча парламентти талкалаганы жоон топ эл келатат деген кабар угулду. Жогорку Кеңештин аппаратында иштегендер жана журналисттер ызы-чуу түшүп эле калышты. Залда нары-бери чуркап сыртка чыгыш үчүн эшикти издеп, кайсалаган адамдар.
Мындай маалыматтан кийин депутаттар сессияны токтотуп сыртка чыгууга мажбур болушту. Депутаттар ошол кезде тыныгууга чыккан болчу. Алар иштеп аткан залга жаңы шайланган парламенттин 15 чакты депутаттары кирип алып өз тагдырын талкуулап жатышкан. Жогорку Кеңешке кол салганы жооп топ эл келатат дегенди укканда жаңы шайланган депутаттар сыртты көздөй чуркашты. Депутаттар журналисттерден ашып өтүп, эшикке биринчи чыгышты да машинелерени жетип, дароо жок болушту.
Журналисттер парламенттин жанында бир аз дендароо болуп турдук дагы, каяктан келаткан топ, кандай талабы бар эл деп сураштырганга өттүк. Көрсө Алатоо аянтында турган митингчилердин бир бөлүгү жаңы шайланган парламент көтөрүлгөн элди күч менен таратуу маселесин талкуулап жатыптыр деген жалган маалыматты уккандан кийин ачууланып келишиптир. Парламенттин имаратынын борбордук эшигинде 1000ге жакын жалаң жаштардан турган топ Жогорку Кеңештин ичине жулунуп атышыптыр. Кайсы бир бөлүгү имараттын экинчи кабатына көтөрүлүп бараткан жеринен артка кайтарылды.
Жаштарды оппозициялык маанайдагы депутаттар тосуп чыгып, жаңы парламент күчүн жоготконун, эски парламент иштеп атканын айтышкандан кийин жаштардын деми бир аз сууду. Алар бир топко чейин парламенттин алдында ураан чакырып турушту.
Ошол кезде Алатоо аянтында митинг уланып жатты. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев элди тартипке чакырып, мамлекеттик деңгээлдеги шашылыш иштерди чечкенге тоскоол болбоону өтүндү. Ал чогулган элди, айрыкча региондордон келгендерди үйлөрүнө тарашын өтүндү:
- Урматтуу агайын- туугандар! Оштон, Жалалабаттан, Кочкордон жана башка аймактардан келгендерди өтүнөм. Эми үйлөргө кайталы, бала-чаканын маңдайына баралы. Колго кетмен алып, жер айдай турган маал келип калды, балдардын тамак- ашына кам көрбөсөңөр болбойт.
Митингде спикер Ишенбай Кадырбеков чукул мыйзамга кол койгону белгилүү болду. Ага ылайык жаңы шайланган парламент биротоло жокко чыгарылат. Аны уккан эл кол чаап жиберди. Бирок жаңы шайланган депутаттар өз мандатын сактап калуу аракеттери күч.
Парламенттин ичиндеги акыбалды жаңы шайланган депутаттар да оорлотуп жатышат. Жогорку сот жана Конституциялык сот да алардын мандатын жокко чыгарганы менен, алар өздөрүнчө чогулуш өткөрүп, мандатын сактап калуунун жолдорун талкуулап жатышат. Вице-спикер Кубатбек Байболов эски жана жаңы депутаттар ортосунда бул маселе оор чечилгени калды окшойт дейт:
- Эски жана кийинки келген депутаттар ортосунда мамиле оор болуп жатат. Менимче, депутаттар ушул оор кырдаалдагы жоопкерчиликти жеткилең түшүнбөй жатышат окшойт.
Алатоо аянтындагы митингде Курманбек Бакиев элге убадаларды берип, аларды өз анты катары кабыл алууну өтүндү:
- Мен кудай алдында силерге ант берем. Биринчиден, элге ак кызмат кылам. Экинчиден, коррупцияга жана башаламандыкка каршы күрөшөм. Өлкөнүн түштүк менен түндүккө бөлүнүшүнө жол бербегенге кудай алдында убада берем. Биз деген алакандай элбиз.
Курманбек Бакиев митингдин катышуучуларына дагы бир убада берди:
- Менин аялым бала-чаканын камын көрүп үйдө. Мага тамак жасап, киримди жууп үйдө отурат. Кандай кызматта болсом да, ал эч качан менин ишиме кийлигишкен эмес, кийлигипейт дагы. Менин аялым саясатка аралашпайт.
Митингде Дооронбек Садырбаев, Роза Отунбаева, Акылбек Жапаров жана Азимбек Бекназаров сүйлөп, элди тартипке жана биримдикке чакырышты.

XS
SM
MD
LG