Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:59

ЖАҢЫ БИЙЛИК ӨЛКӨДӨГҮ КЫРДААЛДЫ ЖӨНГӨ САЛУУ АРАКЕТИНДЕ


Кыргызстандын бийликке келген жаңы өкмөтү өлкөдө түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууну эң башкы максат катары кароодо. Ошондуктан, кызматтан четтетилген президент Аскар Акаевди өлкөнүн карамагына өткөрүп алууга байланышкан маселе али күн тартибинде жок. Мындай пикирин 25-мартта «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева билдирди. Роза Отунбаевага ушул эле күнү тышкы иштер министрлигин жетектөө сунушталды.

Роза Отунбаева Тышкы иштер министрлик кызматына жаңыдан киришип жаткандыгын эскертип, маалымат жыйынында тышкы саясат маселесине басым жасаган жок.

- Мен силерге ачык эле айтып коеюн, бул жерде азырынча вакуум болуп атат окшойт, байланышка чыга элекпиз. Азыр бул жердеби же кеттиби, билбейм, мурдагүнү оппозиция менен бийликти сүлөштүрүүнү каалаган ЕККУнун атайын жөнөтүлгөн өкүлү, Словениянын мурдагы премьер министри мурдагүнү келген. Бирок анын алдында Акаев оппозициядан сүйлөшөргө киши жок, ал үчүн оппозиция түшүнүксүз болуп жатат деп эки жүздүү билдирүү жасаган.

Журналисттердин суроолоруна жооп берген Роза Отунбаева ошондой эле Казакстан өңдүү кошуна өлкөлөр менен кызматташтык мамилеле боюнча бир пикирге келерин белгиледи:

- Эч бир өлкө эч бир максат менен биз жакка эч бир аскер бөлүктөрүн жөнөтпөй тургандыгына биздин үмүтүбүз бар.

Роза Отунбаева ошондой эле Орусияны тамыры терең стратегиялык өнөктөш катары атап, оор жагдай түзүлгөн шартта ар дайым жардамга келеринен күмөнү жогун билдирди.

Маалымат жыйынына Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын жаңы дайындалган төрагасы Ишенбай Кадырбеков, Координациялык кеңештин катчысы Виктор Черноморец катышып, алар журналисттердин көңүлүн дээрлик учурдагы кырдаалга бөлүп, оппозициянын акыркы аракеттерине түшүндүрмө беришти.

Маалымат берүүчүлөрдүн айтымына караганда, демонстранттардын Өкмөт үйүн чукул ээлеп, анын артынан талап-тоноочулуктун күчөп кетишине мурдагы бийликтин чагымы себепкер болгон. Ага жараша оппозиция андан аркы аракеттерди өздөрү мурда түзгөн планга жараша эмес, чукул жүргүзүүгө аргасыз болгон. Ишенбай Кадырбековдун айтымында:

- Бийлик күч колдонорун, ага жараша кызуу кандуу, кемсинген, таяк жеген жаштар жооп кайтарганда, анан таяктар, ага жооптор эмне болорун болжолдоо кыйын болмок. Бийлик ушуга чейин жетери ойго келбеген иш.

24-мартта башталган талап-тоноолор учурда Бишкек шаарында уланууда. Муну жөнгө салуу үчүн Феликс Кулов жетекчиликке алган күч структуралары элдик кошундар менен бирге аракеттенип жатышат. Мындай маалыматты азыркы бийлик байма-бай айтып жатат. Бул жолку маалымат жыйынында да Координациялык кеңештин катчысы Виктор Черноморец өлкөдөгү бардык кырдаал көзөмөлдө экенин билдирди:

- Дагы бир жолу кайталап коеюн, кырдаал татаал, бирок көзөмөлдө. Тартип коргоо органдары бүгүн түнү кечээ түнкүнүн кайталанбашы үчүн аракеттерди көрүүдө.

Черноморецтин айтымында, бардык күч структуралары азыркы бийликтин колунда, бирок аскер күчтөрүн пайдаланууга негиз жок. Анткен менен, парламенттин 25-марттагы отурумунда айрым депутаттар кырдаал көзөмөлдөн чыгып баратканын белгилеп, өзгөчө кырдаал киргизүүнү талап кылышты. Бирок көпчүлүк колдогон жок.

Маалымат жыйынында тышкы иштер министри Роза Отунбаева өлкөдөгү кырдаалды калыпка салуу азыркы өкмөттүн башкы милдети экенин белгиледи. Муну кызматтан четтетилген президент Акаевге байланыштуу суроого жооп берип жатып белгиледи:

- Аскар Акаевди өлкөгө өзүңүз айткандай, өткөрүп алабызбы? Муну мезгил жеткенде чечебиз. Азыр бизге кырдаалды тынчытуу керек.

Айрым байкоочулар талап-тоноону токтотуу үчүн ириде демонстрация учурунда Бишкекке жер-жерлерден келген шайлоочуларды үйлөрүнө кайтаруу аракеттерин көрүшү зарыл деп эсептешүүдө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG