Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:32

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАҢЫ ӨКМӨТҮНӨ ЕККУ КӨМӨКТӨШӨТ


27-мартта Кыргызстанга ЕККУнун башкы катчысы Ян Кубиш келди. Ушул күнү өткөрүлгөн маалымат жыйынында ал Кыргызстандын жаңы өкмөтүнүн жетекчиси менен жолугушуп, алдыдагы кызматташуу багыттарын талкууларын билдирди. ЕККУнун учурдагы төрагасынын атайын өкүлү Алойс Петерлинин билдирүүсү боюнча ЕККУ чукул арада үч багытта көмөк көрсөтөт.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун башкы катчысы Ян Кубиш Кыргызстандагы эки күндүк визити маалында жаңы өкмөт башчысы менен жана өкмөт мүчөлөрү менен жолугушат. Анда Кыргызстанда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бул эларалык уюмдан кандай жардам керектигин аныктап, мындан аркы кызматташуу жолдорун тактайт.

Ал эми ЕККУнун учурдагы төрагасынын атайын өкүлү Алойс Петерли 23-марттан бери жүргүзгөн аракеттин негизинде жаңы өкмөт менен уюмдун ортосундагы байланыш жөнгө салынды. Алойс Петерлинин айтымында, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев уюм менен кызматташууга өкмөт даяр экендигин жана уюмдан кандай жардам керектигин аныктап чыгаарын билдирди.

Ал эми ЕККУ кыргыз бийлигинин мыйзамдуу жана чечкиндүү чечимдерди кабыл алуусуна көмөктөшүүнү биринчи даражадагы милдети деп аныктады. Ал үчүн жакын арада үч багыттан турган чараларды ишке ашырат. Анын биринчиси - коопсуздукту камсыз кылып, өкмөттүн иштөөсүн жөнгө салуу үчүн ар кандай кеңештерди берүү. Мындай милдетти аткаруу үчүн алдыдагы 2-3 күндүн ичинде Венадан Кыргызстанга уюмдун эксперти келип, Конституциялык түзүлүш жана башка саясий чечимдер боюнча кеңештерди берет.

Алойс Петерлинин айтымында, экинчи багыт абдан маанилүү:

-Экинчи багыт – бул президенттик шайлоо өткөрүүгө даярдык көрүүгө жардам берүү. Бул иште биз БУУнун Өнүгүү программасы менен кызматташууну улантууну ылайык көрүп турабыз. Бул ишке ошондой эле жарандык коомду, Борбордук шайлоо комиссиясын тартуу зарыл. Мындай иш-чараларды жүргүзүү жагынан биздин тажрыйбабыз бар.

Алойс Петерлинин айтымында, уюм Кыргызстандагы президенттик шайлоо алдындагы кырдаалга үзгүлтүксүз байкоо салып, БШКга техникалык жардам берет. Андан тышкары БШКнын мүчөлөрүн атайын даярдыктан өткөрүп, шайлоочулар арасында да шайлоо укуктары боюнча окууларды өткөрүүгө даярдык көрө баштады.

ЕККУ жардам бере турган үчүнчү багыт бул - коопсуздукту камсыз кылууга негиз берчү аракеттерди көрүү. Ал үчүн ЕККУ Кыргызстандын тартип коргоо органдарын реформалоо боюнча буга чейин ишке ашырып келген программасын кайра карап чыгууга даяр:

- Азыркы жаңы кырдаалга байланыштуу аталган программаны аткаруудан тышкары дагы башка аракеттерди көрүү муктаждыгы көбөйдү. Ушундан улам биздин жардамдардын багытын кайра карап чыгуу зарылдыгы пайда болду. Менин оюмча, коопсуздукту камсыз кылуу чараларын кайра карап чыгуу керек.

ЕККУнун өкүлдөрү Кыргызстандагы саясий окуяга жана мурунку бийлик менен азыркы өкмөттү салыштырып баа бере албасын баса белгилешти. Алардын айтымында, Кыргызстандагы мыйзамдуу иштеп жаткан парламент кандай чечимдерди кабыл алса уюм аны таанып, өкмөт менен кызматташууга даяр.

Бирок Алойс Петерлинин айтымында, өлкөдөгү акыркы окуяларга тиешеси бар бардык саясий күчтөрдүн диалог түзүп, бир мунасага келиши абдан маанилүү. Анткени, Кыргызстандагы саясий кризис жакшырган менен али толук чечиле элек:

- ЕККУ Кыргызстандагы бардык саясий партиялар жана тараптар саясий мунасага келиши абдан маанилүү деген пикирде экендигин мен айткым келет. Анткени анын негизинде бүтүндөй мамлекет жеңишке ээ болот.

XS
SM
MD
LG