24-марттагы бийлик алмашуудан аз өтпөй Кыргызстандын Жогорку соту жаңы шайланган депутаттарды каттоо мыйзам бузуулар менен өткөнү ырасталып, ошондон ал жараксыз деп табылган. 26-мартта Борбордук шайлоо комиссиянын төрагасы Сулайман Иманбаев өз арызы менен кызматтан чегинип, төрагалык милдетти аткаруу иши комиссия мүчөсү Туйгуналы Абдраимовго жүктөлгөн.
27-мартта Жогорку Кеңеш депутаттарынын жыйынына келген Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Абдраимов жаңы парламент ишин баштоого укуктуу экенин ырастаган чечимин жарыя кылды. Жаңы парламент ишин баштоого убакты-сааты келгенин Феликс Кулов да ырастады.
Кыргызстандын күч министрликтеринин ишин жетектеген «Арнамыс» партиясынын лидери өлкөдөгү саясий кырдаал кылоосунан жанып, жагдай жакшырып баратканын маалымдады:
- Биздин жолубуз конституциялык жол болуш керек. Башка жол жок. Менин оюм ушундай.
- Бишкектеги абал тууралуу айта кетсеңиз?
- Азыр тынчып калды.
Анткен менен Кыргызстандагы жагдайды курчутчу дагы бир чатактын башы кылтыйып чыга келди. Ушу тапта убакты-сааты жеткен парламенттин кош палатасы ыйгарым укугун 26-июндагы президенттик шайлоого чейин узартып, ишин уланта бере тургандыгын ырастаган.
«Шоро» фирмасынын президенти Табылды Эгембердиев парламент мүчөлөрү эл талабын ойлобой, дагыле жеке кызыкчылыктарынан чыгалбай жатканына нааразы экенин жашырган жок.
- Мына, элдин көтөрүлгөнү эмнеден башталган? Эки маселе коюлган. Калыс шайлоо өтсүн. Бул шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайра өткөрүлсүн. Экинчи талап кошумча болчу. Президенттин отставкасын сурашкан. Бул кошумча талап эле. Эчким, жанагы жыйынды уюштуpуп аткандар да президент кызматын таштап кетет, деп ойлогон да эмес, чынбы? Анан таптакыр тескери болуп, парламент калып, президент кетип калбадыбы. Мындай кырдаалда укуктук жол жок. Эгер укуктук жагына, Конституцияга таяна турган болсок, Аскар Акаевичти кайра ордуна алып келип коюш керек. Ал киши шайлоо өткөрүш керек. Андан кийин гана барып башка жол кетет. Буга эл макул болобу? Болбойт. Өткөн иш өттү. Элдин баарына шерменде болдук. Инвестициянын баары токтоду, чет элдиктер кетип атышат. Ушундай кырдаалда дагы эле баякы кыргызчылык, бийлик талашуу жүрүп атат.
Парламент депутаты Соронбай Жээнбеков азыркыдай кысталыш кырдаалда президент милдетин аткарып аткан өкмөт башчы Курманбек Бакиев талаштуу маселени так чечкен чечимин жарыя кылышы керек деп эсептейт:
- Ушу талаш боюнча, мен ойлойм, Курманбек Бакиев өзүнүн кескин сөзүн айтып, бир жагына токтош керек. Эгер ал киши токтобосо бул талаш боло берет.
Жаңы парламенттин айрым мүчөлөрү буга чейин эл алдында ант берип, ишке киришкен. Ага катышпай калган оппозициячыл депутаттардын көбү бул ирет кесиптештери алдында ант берип, кайрадан Кыргызстан гимни ойнолуп, жаңы парламент ишин баштады. Буга нааразы болгон шайлоочулар эми нааразылык билдирүүнүн башкача жолдоруна өтүшөрүн, тынч жыйындарды байма-бай уюштура тургандыктарын билдиришти.
Бул күнү Кемин районунун Чымкоргон айылынын миңге чукул тургундары нааразы болуп жол тосушканы маалымдалды. Көп элди дүргүткөн имиш сөздүн чын-бышыгын жеринен тактоо үчүн Конституциялык сот төрайымы менен белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев ушу тапта ал жерге барып айылдыктар менен сүйлөшүүдө.