Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:07

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫН СУНУШТАРЫ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө салуу, туруктуулукту орнотуу маселеси саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын көңүл борборунда турат. Алар азыркы кырдаалдан чыгуунун жолдору боюнча сунуштарын өлкөнүн убактылуу өкмөтүнө жолдоп жатышат.

Оппозициялык партиялар, бейөкмөт уюмдар акыркы жылдары айрым атуулдардын «Аскар Акаевдин жетекчилигиндеги бийлик кетсин!» деген талаптарын колдоп келишкен. Кыргызстанда акыркы күндөрү түзүлгөн саясий кырдаалды жөнгө салуу маселеси атуулдук коомдун эң жигердүү институттары болуп эсептелген саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдарды тынчсыздандырууда.

Бир катар саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдар өлкөдө түзүлгөн кырдаалды турукташтыруу боюнча сунуштарын убактылуу өкмөткө билдирип жатышат.

Партиялар негизинен убактылуу өкмөттөн эң алды менен өлкөдө стабилдүүлүктү орнотуу, экономикалык, жана социалдык абалды жакшыртуу, коопсуздук маселелерине көңүл буруунун зарылдыгы жөнүндө айтышууда.

«Акыйкат жана прогресс» партиясы убактылуу өкмөт учурда экономикалык жана социалдык маселелерден тышкары өлкөнүн тышкы саясатын да тез арада аныкташы керек деген пикирин билдирүүдө. Бул жөнүндө аталган партиянын төрагасы Муратбек Иманалиев мындай дейт:

- Менин пикиримде, албетте, башкы көңүл азыр эң ириде экономикалык, социалдык маселелерге бурулуш керек. Коррупцияланган долбоорлордун баары тазаланып, кайрадан ишке киргизилүүгө тийиш. Азыр убактылуу өкмөттүн алдында турган башкы маселелердин бири - өлкөнүн тышкы саясаты кандай багытта жүргүзүлө тургандыгын аныктап, жарыялашы керек. Анткени азыр дүйнөлүк коомчулук кызып жатат: бийликке келген жаңы жетекчилер өлкөнүн тышкы саясатын кандай багытта жүргүзөт, тышкы саясаттын башкы артыкчылары эмне болот деп. Ошондуктан кыска мөөнөттүн ичинде убактылуу өкмөт тышкы саясатын аныктоого зарыл.

Өлкөдөгү көпчүлүк партиялар атуулдарды өлкөдөгү кырдаалдын турукташына салым кошууга, тынчтанууга чакырган кайырлууларын Кыргызстан элине жолдошту. Мындай кайрылууну «Жаңы күч» партиясы да кабыл алды. Сөз партиянын төрайымы Токон Шайлиевада:

- Эң биринчиден, биздин мамлекетте тынчтык, туруктуулук болушу керек. Анткени биздин өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн бизге чет өлкөлүк инвестициялар керек, туристтерди алып келишибиз керек. Ошондуктан биздин партиябыз элди тынчтыкка чакырып, кайрылды. Биздин өлкөдө тынчтык болооруна биз ишенебиз.

Айрым партиялардын өкүлдөрү болсо азыркы убактылуу өкмөт кызмат бөлүштүрүү менен алек болбостон, эл Ак үйгө чейин талап кылып келген мүдөөлөрдү аткарышы керек дешет:

- Эл биринчиден, Аскар Акаевдин кетишин, экинчиден, жаңы парламенттин таратылышын талап кылган. Биринчи талабы аткарылып, экинчиси аткарылбай калды. Элдин талабы аткарылышы керек, жаңы парламент таратылууга тийиш, - дейт Курманбек Дыйканбаев.

Кээбир саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдар учурдагы кырдаалдан чыгуунун башка жолдорун да сунуштап жатышат. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмунун төрагасы Эдил Байсалов бул маселе боюнча пикирин мындайча билдирди:

- Азыр Бишкекте кырдаал турукташып калды. Албетте, экономикалык, социалдык маселелер азыркы убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн көңүл борборунда болушу керек. Эми убактылуу өкмөт башка маселелерден мурда өлкөдө мыйзамдуу түрдө президенттик шайлоону өткөрүүгө шарт түзүп, ушул багытта иш жүргүзүүгө тийиш. Бизге легитимдүү өлкө башчысы керек. Анткени, буга чеийнки президент Аскар Акаев легитимсиз президент болчу, ал шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоо аркылуу бийликке келген.

Бишкек шаарында соңку күндөрү орун алган башаламандык, каракчылыктарга байланыштуу көпчүлүк партиялар менен бейөкмөт уюмдар элдик кошуундарды түзүп, борбор калаадагы ири мекеме, ишкана, соода түйүндөрүнүн имараттарын коргоого алышты.

Бир катар бейөкмөт уюмдар эларалык уюмдарга Кыргызстанда түзүлгөн опурталдуу кырдаалдан чыгуу үчүн жардам сурап кайрылышты.

XS
SM
MD
LG