Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

БОЛОТ ЖАНУЗАКОВДУН БАШЫ ЖАРЫЛЫП, АБДЫГУЛ ЧОТБАЕВДИН КАБЫРГАСЫ СЫНГАН


24-мартта өкмөт үйүн тартып алуу маалында бир топ мамлекеттик кызматкерлер токмок жешкен. Алардын 30га жакынына медициналык жардам көрсөтүлгөн.

24-мартта Алатоо аянтында тынч митинг өткөрүп жатышкан элге ак шапке кийген спортчу жигиттер каршы туруп, элди сабай баштаган.

Толкуган эл аларга каршы туруп, кырдаал курчуп кетип, өкмөт үйүнө багыт алышып, кыжырданган элдин айрым өкүлдөрү алдынан чыккан мамлекеттик кызматкерлердин кээ бирлерин сабап салышкан.

Өкмөт үйүн кайтарган Улуттук гвардиянын жоокерлерине “Элге каршы курал колдонуп, ок чыгарбагыла. Элди атпагыла”, деп толкуган эл менен жоокерлердин ортосунда арачы болгон Улуттук гвардиянын командачысы Абдыгул Чотбаевди жаш жигиттер көкала кылып сабап, эки кабыргасын сындырып, эсин оодарып салышкан.

Ооруканадан чыгып, учурда үйүндө дарыланып жаткан генерал-полковник Абдыгул Чотбаев ошол күнкү окуя жана өзүнүн ал-абалы тууралуу мындай деди:

-Биз митинг тынч өтүшүн кааладык. Ак шапке кийген жигиттер элди каршы алып, элди сабай баштады. Элдин кыжыры кайнап, колуна таш алып, өкмөт үйүнө бет алды. Мен Улуттук гвардиянын жоокерлерин өкмөт үйүнө киргизип, элге каршы ок атпагыла деп, ортого түшүп, арачы болуп, таяк жеп, эки кабыргам сынып, башым чайкалды. Жоокерлерди тынчытып, аларды өкмөт үйүнөн чыгарып баратканда, токмок жедим. Мени тааныгандар «Бул генерал Чотбаев» дешип, арачы болушту. Элдин мындай күтүүсүз аракетке барышына жакырдык жана президенттин үй-бүлөсүнө нааразылык түрткү берди. Азыр ооруканадан чыгып, үйдө укол алып дарыланып жатам. Абалым бир аз дурус. Эң негизгиси жаңы өкмөткө жардам берип, элдин тынчтыгын сактап, келечекти ойлойлу.

24-марттагы окуя учурунда өкмөт үйүндө президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков сабалып, башы чайкалып, далысы сынып, жаракат алып, ооруканадан 26-мартта эсине келди. Анын ден соолугу күндөн күнгө жакшы болуп баратканын жубайы Жумагүл Жанузакова айтып, мындай деди:

- Учурда Болоттун абалы дурус. Күндөн күнгө жакшы болуп келатат. Дос-тааныштар абалын сурап жатышат. Азыр жолдошум ооруканада жатат. Ага учурда тынчтык керек болуп турат.

Айрым маалымат булактарында “Болот Жанузаковдун абалы оор, эсине келе албай жатат” деген имиштер айтылууда. Ошондуктан Болот Жанузаковдун жеке коопсуздугун эске алуу менен бир ооруканага которуп, ар дайым жанында болуп аткан иниси, өлкөнүн чукул кырдаалдар жана экология министринин орун басары Канат Жанузаков агасынын абалы тууралуу мындай деди:

-Агам Болоттун башы жарылып, кабыргалары сынып, маталып, далысы сынып кеткени анык. Ооруканада дарылап жатабыз. Абалы күндөн күнгө жакшы болуп баратат. Бир-эки айга чейин ооруканада жатып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу керек.

Ушул күнкү окуяга күбө болгондордун айтымында толкуган элдин айрым өкүлдөрү өкмөт үйүнүн ичинен өлкөнүн коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкуловду, коргоо министри Эсен Топоевди, президентин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев баш болгон 30дан ашуун мамлекеттик кызматчыларды токмоктоп салышкан.

Окуя маалында Өкмөт үйүндө эсин жоготкон Абдил Сегизбаевдин учурда ден соолугу жакшы экенин президентин жана премьер-министрдин кызматын убактылуу аткаруучу Курманбек Бакиевдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жабыр тарткандарга медициналык жардам көрсөтүлгөнүн, бирок алардын кызмат абалы, кимдер экендиги ачык айтылбаганын, айрымдары жеңил жаракат алып, ошол күнү үйлөрүнө кайтып кетишкенин Улуттук хирургиялык борбордун бөлүм башчысы Дүйшөн Сыргаев айтып мындай деди:

-24-мартта биздин борборго 40тан ашуун жабыр тарткан атуулдар кайрылып, медициналык биринчи жардам көрсөтүлдү. Алардын он бири ооруканага жаткырылды. Жабыр тарткандардын коопсуздугун эске алуу менен алардын аты-жөнүн ачык айтуу эртелик кылат. Ошондой болсо да учурдагы абалды эске алып, бардык жабыркоочуларды бекер дарылап, колдон келген жардамды берип жатабыз.

Өкмөт үйүн алуу учурунда жабыр тарткан мамлекеттик кызматчылардин айрымдары Бишкектеги 1-ооруканадан, Улуттук госпиталдан жана жеке менчик ооруканалардан медициналык биринчи жардам алышкан. Алардын көбү жеңил жаракат алышкан.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG