Жаңы Жогорку Кеңештин түштөн кийинки жыйынын түшкө чейинки шайланган анын төрагасы Өмүрбек Текебаев ачып, эки маселени күн тартибине киргизип кароону сунуштады. Анын биринчиси Курманбек Бакиевди өкмөт башчылыкка дайындоо, экинчиси 24-мартта болгон окуяны иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүү. Өмүрбек Текебаев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыялоодон мурда өлкөдөн чыгып кеткен Аскар Акаев менен сүйлөшүү жүргүзүү керек деген оюн билдирди:
- Эгерде биз ал кишиге барбай туруп, сурабай туруп, ушундай чечим кабыл алсак эл да ынанбайт. Жок дегенде аттуу-баштуу адамдардан, саясий күчтөрдөн турган делегация таап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн соң, «мынакей жердештер, биз болгон аракетти жасадык, бирок абал ушул бойдон калды. Биз мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону Конституцияны бузуу менен дайындадык» десек эл ынанат.
Депутат Каныбек Иманалиев аны колдоп, Акаев менен байланыш бар экенин, ошол жак менен маселени макулдашуу керек деген оюн ачыктады.
Бир катар депутаттар буга каршылык билдирди. Алар Курманбек Бакиевди легитимдүү Эл өкүлдөр жыйыны шайлаганын айтты. Депутат Жантөрө Сатыбалдиев бийлик бутактары кол койгон меморандумда Бакиевди Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан шайланганын тааныганбыз деп, кайра шайлоо тууралуу Текебаевдин сунушуна каршы чыкты:
- Эл өкүлдөр жыйынынын премьер-министрди шайлаганын тааныганбыз. Ошондон сиз кайта турган болсоңуз, сиз да өзүңүздүн позицияңызды айтып коюңуз. Андай оюн болсо... Андай оюн болбойт.
Андан кийин бир катар депутаттар Курманбек Бакиев өлкөдөгү абал тууралуу маалымат берсин деп сунушташты. Борбордук трибунага чыккан убактылуу өкмөттүн башчысы Бакиев азыркы учурда эң биринчи кезекте борбордо абалды турукташтыруу жана жазгы талаа жумуштарын өткөрүү керек деп билдирди. Бакиев убактылуу өкмөттүн кайсы парламент иштей тургандыгы жөнүндө да пикирин ачыктады.
Анын айтымында, эски парламенттин мөөнөтү аяктады. Ал эми жаңы Жогорку Кеңештин бардык эле депутаттарын мыйзамсыз шайланып келди деп айтышка болбойт. Талашы бар 15-20 шайлоо округундагы маселени болсо сот жана Борбордук шайлоо комиссиясы аркылуу чечиш керек деген оюн билдирди.
Андан кийин төрага Өмүрбек Текебаевдин сунушу менен Курманбек Бакиевди өкмөт башчы катары бекитүү маселеси добушка коюлуп, жыйынга катышып отурган 58 депутаттын элүү төртү Бакиевди премьер-министрликке бекитишти.
Ошол замат эле Курманбек Бакиев Жогорку Кеңештин алдына ант берди:
- Мен, Бакиев Курманбек Салиевич, Кыргыз Республикасынын премьер-министринин кызматына киришип жатып, өз элимдин жана Жогорку Кеңештин алдында Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын ыйык сактоого, өз ишимде мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптерин гана карманууга, мага жогорку ишенич менен тапшырылган милдеттерин ар-намыстуулук жана кажыбас-кайраттуулук менен аткарууга ант берем.
Ал андан кийин депутаттардын бир катар суроолоруна жооп берди. 24-марттын түнүндө талоончулуктан жабыркагандардын баарына эле эмес, майда соода жайлары таланып-тонолгон атуулдарга өкмөт тарабынан жардам көрсөтүлөрүн билдирди.
Бакиев ошондой эле эч кимди куугунтукка албасын, ал эми Аскар Акаев кааласа мекенине келүүгө толук укуктуулугун айтып өттү.
Жогорку Кеңештеги сөзүнөн кийин Курманбек Бакиев парламент имаратынын алдына чогулган 200гө чукул адамга кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымат берди. Ал адамдардын айрымдары Бакиев деп ураан чакырса, дагы бир тобу жаңы Жогорку Кеңеш тарасын деп кыйкырды.
28-мартта эски Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны жабык эшик артында жыйын өткөрдү. Бул палатанын депутаты Валерий Дилдин билдирүүсүнө караганда, 29-мартта Эл өкүлдөр жыйыны дагы бир жолу чогулуп, билдирүү кабыл алат. Анда палатанын тарагандыгы жөнүндө маалымат берилмекчи.