Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

АСКАР АКАЕВ ДАЙЫНЫН ӨЗҮ БИЛГИЗЕТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кызматтан четтетилген президент Аскар Акаевдин азыр каякта экенин эч ким билбейт. Аңгыча анын иш бөлмөсүндөгү жашыруун кагаздары табылганы дайын болду. Бейөкмөт уюмдар жана айрым депутаттар Аскар Акаев жашынып жаткан өлкө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызматтан кеткендиги жөнүндө арызын жаздыртуу демилгесин айтышууда. Акыркы маалыматтар боюнча белгилүү болгондой Аскар Акаев Орусиядагы "Эхо Москвы" үналгысы аркылуу суроолорго жооп берээри ачыкка чыкты.

Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев 28-мартта парламентте сүйлөгөн сөзүндө Аскар Акаевге кайрылып, каякта жүрсө да дайнын билдирип, азыркы бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү өтүндү.

Анын үстүнө Владимир Путин ОРТ каналы аркылуу Аскар Акаевди Орусия кабыл алаарын ишаара кылган. Орус басма сөз каражаттары жазганга караганда, Аскар Акаевдин өтүнүчү боюнча Путин ага саясий башпаанек берди.

Кызматынан четтетилген президенттин атынан интернет-баракчаларга жөнөтүлгөн кайрылууларды эске албаганда ыңкылаптан кийин Аскар Акаевдин өзү да, анын депутат балдары да таптакыр унчуга элек.

Аскар Акаевдин колу жок, бирок анын атынан жазылган алгачкы каты “Кабар” агенттигинин сайтына жарыяланды. Андан кийинки каты чет өлкөлүк интернет-баракчаларда да жарык көрдү.

Премьер-министр Курманбек Бакиев дагы мындай кайрылуулар Аскар Акаевден келип жатканына күмөндүгүн билдирди. "Кабар" маалымат агенттигинин жетекчиси Кубан Табалдиев бул кайрылууларга ишенээр-ишенбести эл өзү чечсин дейт:

- Бизге Аскар Акаев өзү телефон чалган жок. Бирок ишенимдүү булакка шилтеме жасалып келди. Ал мурда да бизге маалымат келип жүргөн электрондук дарек болуп саналат. Аскар Акаевдин колу жок, бирок биздин дарекке келгенден кийин пайдаландык. Ишенээр-ишенбести ар ким өзү чечсин.

Бир палаталуу парламенттин спикери Өмүрбек Текебаев тез арада мамлекеттик комиссия түзүп, Аскар Акаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү демилгеси менен чыкты. Анын пикиринде, Аскар Акаев Москвада экени чын болсо анда орус бийлигин, жок дегенде Сергей Лавров өңдүү министрлерин ортомчу кылыш керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Жантөрө Сатыбалдиев ортомчулардын кажети жок деген ойдо. Депутаттын пикиринде, жакынкы күндөрү Аскар Акаев өзү дайынын билгизет. Бир-эки күн, ашып кетсе бир- эки апта калды. Сатыбалдиев мырзанын пикиринде, конституциялык нормалар сакталыш үчүн Аскар Акаевдин кызматтан кеткени жөнүндө арызын алыш керек.

ЕККУнун башкы катчысы Ян Кубиш менен жолугушканда бейөкмөт уюмдар андан Аскар Акаевге өз демилгеси менен арызын жазышына таасир көрсөтүүнү суранышты. "Демократия жана атуулдук коом үчүн" коалициясы кызматынан четтетилген президент менен анын отставкасы жөнүндө гана сөз болушу ыктымал деп санайт.

Коалициянын жетекчиси Эдил Байсаловдун пикиринде, Аскар Акаев тараптан болгон кандайдыр бир шарттарга көнүү же башка да шарттарды койуу өңдүү маселелер четке кагылып, күн тартибинде жалгыз гана арызын жаздырып алуу турушу керек.

Бирок Кыргызстандын жаңы бийлиги Аскар Акаевди издеп убараланыштын кажети жок деп санагандар бар. Башкы прокурордин милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров ыңкылаптан кийин кызматтан кеткен президент арызын жазууга мажбур болорун, жазбаса өлкөнү таштай качканы үчүн жоопко тартыш керек деген ойдо:

- Аскар Акаев арызын жазбаса, анда өлкөнү таштай качып, өз жанын сакташ үчүн жашынганы үчүн да мыйзам боюнча жоопкерчиликтер каралган.

Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева “өлкөдө стабилдүүлүк орногондон кийин Аскар Акаев кайсы өлкөдө жатканы билинет, ошондо ал өлкөдөн кыргыз бийлиги Аскар Акаевди өткөрүп берүүнү талап кылат” деп билдирген.

P.S. Акыркы маалыматтар боюнча белгилүү болгондой Аскар Акаев Орусиядагы "Эхо Москвы" үналгысы аркылуу суроолорго жооп берээри ачыкка чыкты.

XS
SM
MD
LG