Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

САХАРОВ МУЗЕЙИ БОЮНЧА СОТ ИШИ ЖАНА ОРУСИЯДАГЫ ДИН ЭРКИНДИГИ


Москва соту шаардагы Андрей Сахаров атындагы музейдин директорун жана анын орун басарын диний жана улуттук жек көрүүчүлүктү козуткан деп тапты. Чырлуу көргөзмөгө байланыштуу кабыл алынган бул чечимди Орусиянын славян чиркөөсү колдоп кабыл алды, бирок укук коргоочулар сөз эркиндигине жана абийир эркиндигине сокку урулганын айтышууда.

Сөз болуп жаткан көргөзмө 2004-жылы январь айында ачылып, 96 саат өтпөй жабылып калган эле. "Динден сак бол" деген аталыштагы бул көргөзмөдө 42 сүрөткердин 42 чыгармасы коюлган болчу, анын максаты – диндин коомдогу орду тууралуу талкуу баштоо эле. Анын ордуна сот иши башталды.

Өздөрүн Атамекен кайра жаралуу кыймылы деп атаган уюмдун активисттери көргөзмөнүн бир катар экспонаттарын талкалап салышкан. Алардын намысына тийген чыгармалардын арасында Иса пайгамбар «Кока-Коланын» эмблемасында «Бул менин каным» деген жазуу менен катар тартылган сүрөт эле. Кол салгандар мүлктү талкалады деп соттолуп, бирок православ чиркөөсү жана Мамдуманын бир нече мүчөсү кийлигишкенден кийин, акталып чыгышкан.

Кийин Сахаров музейинин директору Юрий Самодуровго, анын орун басары Людмила Василевскаяга жана аталган сүрөттүн автору Анна Михальчукка улуттар жана диндер аралык жек көрүүчүлүктү козуткан деп, Орусиянын кылмыш кодексинин 282-беренеси боюнча айып коюлду. Сүрөткер Михальчук кийин акталып чыкты, бирок ушул дүйшөмбүдө Маскөө соту Самодуров менен Василевскаяны күнөөлүү деп тапты. Экөө ар бири 100 миң рублдан айып төлөөгө милдеттендирилди.

Маскөө патриархатынын маалымат катчысы Всеволод Чаплин сот өкүмү динзарларды коргогон чечим болду деп билдирди. Ал эми атактуу укук коргоочу Андрей Сахаровдун жесири Елена Боннер Азаттыкка дүйшөмбүдө чыккан сот чечими Орусияда сөз эркиндигинин чектелүү экендигинин дагы бир далили болуп калды деп билдирди:

- Бул окуя Орусияда абийир эркиндиги жок экендигин далилдейт. Бирок Православ чиркөөсү каалагандай иш жүргүзүүгө, башка диндерди кемсинтүүгө, атеизмге тыйуу салууга укугу бар экен, - деди Елена Боннер.

Ал эми соттолгондордун адвокаты Юрий Шмидт бул чиркөөнү өзүнүн саясий кызыкчылыгын көздөп жатат деп күнөөлөдү. Анын көз карашын Орусиянын радикалдык партиясынын жетекчиси Николай Храмов да колдоду.

- Биз бул сот ишине абдан кабатырбыз, Бул өз алдынча окуя эмес, бул Орусия федерациясын секулярдык, мыйзамга негизделген мамлекеттен иш жүзүндө православ дини мамлекеттик дин болгон өлкөгө айландыруу аракети. Маскөө патриархаты мурдагы коммунисттик партиянын борбордук комитетинин идеологиялык бөлүмүнүн милдетин өзүнө алып жатат, - деди адвокат.

Айыпка жыгылган музейдин директору Юрий Самодуров "Биринчи жолу сот мамлекеттин атынан чыгып, өз өкүмү менен Батыш дүйнө таанымына жакын, бирок Орусияга бөтөн исскуство бар, исскуствонун бир түрү экинчисинен төмөн турат деген бүтүм чыгарып отурат деди.

Самодуров менен Василевскаянын соттун чечимине каршы арыз берүүгө он күн убактысы бар. Алар керек болсо Страссбургдагы Адам укуктарынын Европалык сотуна да кайрылабыз деп жатышат.

XS
SM
MD
LG