Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

ТИЛСИЗ ЖООДОН 2000 КИШИ КУРМАН БОЛДУ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Өткөн түнү Индонезиянын Суматра аралынан алыс эмес жерде деңиз түбүндө болгон жер титирөөдөн бери дегенде 2000 киши набыт кетти. Деңиз зилзаласынын очогу декабрь айында болгон жер титирөөнүн чордонунда жайгашканы кабарланууда. Сейсмологдор бул жолку деңиз жер титирөөсү да суунун тоодой толкунун пайда кылып, бирок бул ирет суу жээкти карай эмес, тескери жакка багыт алганын айтышат. Күчү Рихтер боюнча 8,7 даражага жеткен силкинүүдөн айрыкча Нияс аралы катуу жабыркады.

Жер титирөөдөн чыккан суу ташкындан Инди мухитинде жайгашкан Нияс айрыкча катуу жабыркады. Айрым маалымат булактары цунаминден аралда 2000ден ашык киши курман болгонун, адамдардын көбү үйлөрдүн урандыларында калып, мерт болгону кабарлашууда.

Ташкындаган деңиз суусу аралдын инфраструктурасынын 70 процентинен кем эмес бөлүгүн кыйратып же түп-тамыры менен жууп кетти.

Индонезиянын президентинин өкүлү Силалахи аралдын калкы медициналык жана гуманитардык жардамга абдан муктаж болуп турганын, бирок Нияс аралынын административдик борбору Гунуң Ситолинин аэропорту иштен чыгып калганыктан, учактарды кабыл ала албай жатканын билдирди:

- Арал анча чоң эмес. Анда 700 миңге жакын киши жашайт. Биз жардамдын кандай болбосун түрүнө муктажбыз. Бирок аралдын негизги аэропорту, анын диспетчердик мунарасы менен учуп конуу тилкелери кыйрап калгандыктан, учактарды кабыл ала албайт,- деди өкүл.

Цунаминин жакындап келатканы алдын ала эскертилип, бийликтер эвакуациялоо үчүн шашылыш чара көрүшкөнү менен алаамат калк ичинде чоң дүрбөлөң түшүргөнү маалымдалат.

Жакындап келаткан тилсиз жоодон жанын ала качкан миңдеген кишилер бала-чакасы менен түнү бою дөңсөөлүү жерлерге агылышкан. Анткени 300 миң кишинин өмүрүн алып кеткен декабрдеги цунами көптөгөн адамдардын күнү бүгүнкүдөй эсинде эле.

Улуттар Уюмунун чукул кырдаалдар боюнча координатору Ян Егеланд декабрдеги алааматтан кийин адамдар суу ташкындан коркуп калышканын баяндайт:

- Биз ташкын жалпы элдин жүрөк үшүн алганын көрдүк. Бул элге гумжардам көрсөтүүгө эле эмес, кыйраган чарбаны калыбына келтирүүгө да кедерги болмокчу.

Цунамиден жанын ала качкан миңдеген адамдар Индия менен Шри Ланкада дагы уйкусуз түндү өткөрүшүп, бактыга жараша таңы менен цунами аларга жетпей калганы маалым болду. Бирок окумуштуулар деңиз жер титирөөлөрү келечекте дагы кайталанышы мүмкүн экенин эскертип, жоготуулардын алдын алуу үчүн региондо цунами жөнүндө алдын ала так маалымат берип туруучу сейсмикалык орток системаны куруу зарыл экенин баса белгилешүүдө.

Дүйшөмбү күнү цунами болору жөнүндө Тынч Океандагы Гавай аралдарында жайгашкан станция эскерткен.

XS
SM
MD
LG