Бейөкмөт уюмдар коалициясынын билдирүүсү боюнча, кайра шайлоо Бишкектеги 5, Баткендеги 3, Жалалабаттагы 3, Нарындагы 2, Ош облусундагы 3, Таластагы 1 жана Чүйдөгү 2 шайлоо округунда өткөрүлүшү керек.
Анткени коалициянын 1 миң 735 кыска мөөнөттүү, 120 узак мөөнөттүү байкоочусунун баамында бул округдарда мыйзам бузуу башка округдарга салыштырмалуу өтө көп жана одоно болду. Ошон үчүн өлкөнүн ар тарабынан келген атуулдар аталган округдарда гана эмес бүтүндөй 75 округдагы шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышууда.
Коалициянын атынан шайлоодо байкоочу болушкан Аскар Абдрасулов менен Медетбек Балтабаев 30-мартта «Алатоо» аянтына пикетке чыгышты:
- Жаңы парламентке каршы болуп чыгып жатабыз. Шайлоо биринчи күндөн баштап туура эмес болгон. Ага карабастан парламентте ошол адамдар отурушат. Биз ошолорго каршыбыз. Жаңы парламент жалаң акчанын, бийликтин күчү менен куралган парламент болду. Баары Акаевдин адамдары. Ошон үчүн парламенттин жаңысын да, эскисин да таратышсын дагы, кайра шайлоо өткөрүшсүн. Эл шайласын, калыстык менен, чындык менен шайлансын.
Пикетке чыккан атуулдар 13 пункттан турган талабын билдиришти. Аны Жогорку Кеңешке Кымбат Байматова башында турган топ жеткирди. Анын пикиринде жаңы парламент атуулдардын мүдөө-талаптарын эске албай жатканы нааразылыкты ого бетер күчөтүп жатат:
- Ушунча күндөн бери аткарбаган талапты эми качан аткарат? Бирөө улуусунуп, бирөө сулуусунуп жатат. Эл менен эсептешкен жери жок. Жаңы парламент эски парламент болушуп, өздөрүнүн шапке, папке талашмай оюнун дагы эле басылтпай жатышат. Элдин мүдөөсүн аткарбаса толкуган эл кайра толкуп келет, алар келебиз деп кыйкырып атат. Төрага Текебаев жана парламент толугу менен кетсин деп жатышат. Элдин тилеги мына ушул.
Ал эми Нарын облусундагы талапкерлердин катуу талашы менен шайлоочулардын нааразылыгын жараткан №33 Нарын шайлоо округунан депутат болгон Карганбек Самаков атуулдардын мындай талабына негиз жок деген ойдо. Анын баамында, атуулдар жеңилип калган талапкерлердин көкүтүүсү менен гана пикетке чыгып жатышат:
- Бул абдан туура эмес. Мына мага каршы 7 жолу, округдук комиссияга каршы 20дан ашык арызды сотко беришти. Бир да жерде мыйзам бузууга далил болгон жок. №33 Нарын шайлоо округундагы шайлоону жокко чыгаруу деп жазууга же айтууга эч кимдин акысы жок. Ансыз деле курч кырдаалды курчутуп, элдин бүйүрүн кызытып, элди көтөрүүнүн кереги жок. Мисалы, мен мандатка жабышкан жерим жок. Керек болсо элдин кызыкчылыгы үчүн, элдин тынчтыгы үчүн мандатыбызды өткөрүп берип деле кетебиз. Ошондуктан бул жалпы Кыргызстандын элинин пикири эмес. Жалпы 75 округдун баарында туура эмес шайлоо болду деген жарабайт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын милдетин аткарып жаткан Туйгуналы Абдраимов талаштуу округдарда кайра шайлоо өткөрүлсүн деген бейөкмөт уюмдар коалициясынын билдирүүсүн азыр ансыз да татаал болуп турган кырдаалды курчута турган билдирүү деп баалады. Анын айтымында, мындай демилгенин ишке ашышы мүмкүн эмес:
-Бул жерде коалициянын эч кандай тиешеси жок. Коалиция бейөкмөт уюм катары өзүнүн оюн гана билдирди. Эми бардык округдарды кайрадан текшерип чыгуунун кажети жок. Шайлоо өттү, албетте, кээ бир жерлерде мыйзам бузуу болду. Бирок тартипти жеңген талапкер да, жеңилген талапкер да бузду. Чын эле он тогуздан ашык округда шайлоо одоно бузуулар менен өттү. Алар боюнча убагында каралбай калган арыздар бар экен. Азыр ошолорду Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү кирген комиссия текшерип жатат. Анан кайсы округда талаш кандай чечилээрин азырынча айтуу кыйын. Андан тышкары бир нече округдун талапкерлеринин арыздарын сот карап жатат. Сот кандай чечим кабыл алаарын кийин гана айтууга болот.
Бейөкмөт уюмдар коалициясы кайра шайлоо өткөрүлсүн деп тизмелеген округдардын арасында №39 Куршаб шайлоо округу да бар. Бул округдан талапкер болгон Адахам Мадумаровдун айтымында, чын-чынына келгенде жаңы парламентти таануу саясий чечим болду. Бирок ага карабастан эл талап кылган талаш округдардагы маселени бийлик кайра карап чыгууга милдеттүү:
- Аталган округдардагы талашты бийлик мыйзам чегинде карап чыгыш керек. Жаңы президент болобу, эски президент болобу же азыр күчүндө турган премьер-министр болобу - баары мыйзамга моюн сунууга милдеттүү. Саясатка караганда мыйзамга көбүрөөк көңүл буруп, баш ийиш керек. Демек, эл талап кылып жаткан 20 округдагы шайлоону кайра карап чыгып, мыйзамга ылайык кайра шайлоо өткөрүү зарыл.