Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮН БОРБОР АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮНӨ ТААСИРИ БОЛОБУ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Соңку эки-үч жылдын ичинде мурдагы совет биримдигине кирген бир катар өлкөлөрдө элдик толкундоолордун натыйжасында бийлик алмашты. Анын ичинде Борбор азия өлкөлөрүнүн арасынан Кыргызстанда биринчи жолу ынкылап ишке ашырылды. Буга байланыштуу айрым саясатчылар эгерде аймактагы өлкө президенттери келечекте да бийликте калууга аракет жасай турган болсо, ал өлкөлөрдө да Кыргызстандагыдай окуя орун алаарын айтышууда. Айрымдары ага макул эмес.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен бир дагы өлкөдө соңку он беш жылдан бери мамлекет башчы алмаша элек. Ал эми мурдагы совет биримдигине кирген өлкөлөрдөн Украина менен Грузияда элдик толкундоолордун натыйжасында бийлик алмашты.

Буга байланыштуу айрым байкоочулар Украина жана Грузиядагы окуялар Кыргызстанга олуттуу таасирин тийгизгендигин, ошол эле мезгилде Кыргызстандагы ынкылап үрп-адаты, каада-салты окшош Борбор Азия өлкөлөрүндөгү бийлик алмашууга олуттуу таасир тийгизээрин айтышууда.

Кыргызстандагы революцияга жетекчилик кылган Эл биримдиги координациялык кеңешинин төрагасынын орун басары Ишенгүл Болжурова Кыргызстанда болгон окуялардан коңшу өлкөнүн жетекчилери сабак алышы керек дейт:

-Элди эч качан алдап, аларды макоо катары көрбөш керек. Элди жакырчылыкка жеткирбеш керек. Эгерде күчкө салып, демократияны жокко чыгарып, элдин наркын, ыйманын бузуп, калп айтып, жакырчылыкка алып барса эртели кеч Кыргызстандагыдай окуя болот. Ошондуктан Кыргызстандагы окуялардан коңшу өлкөлөрдүн президенттери сабак алышы керек.

Ишенгүл Болжурованын жогорудагыдай пикирине өзбекстандык журналист Барно Исакова буларды кошумчалады:

- Кыргызстандагы ыңкылап коңшу өлкөлөргө күчтүү таасир көрсөттү. Алар да Кыргызстандагыдай жол менен бийлик алмаштырууга мүмкүн экендигине ишенип калышты. Ошондой эле аймактагы мамлекеттердин элдери ушундай ынкылап кылыш үчүн эмнелерди жасаш керек деп ойлоно башташты.

Белгилей кетүүчү нерсе, айрым атуулдардын пикиринде, коңшу өлкөлөрдө Кыргызстандагыдай окуялар кайталанбайт:

- Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдө Кыргызстандагыдай окуя кайталанбашы ыктымал. Анткени бул өлкөлөрдүн жетекчилери өзгөчө авторитардык ыкма менен башкарышууда. Ошондой эл бул өлкөлөрдүн оппозияциясы куугунтукка алынып же түрмөдө же чет өлкөгө качып кетүүгө аргасыз болушууда. Мындан сырткары бул өлкөлөрдө жарандык коом аябай алсыз, - дейт жаш саясат таануучу Марат Казакбаев.

Ал эми «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын башчысы Эдил Байсалов болсо Кыргызстандагы окуядан кийин коңшу өлкөлөрдүн мамлекет башчылары өз бийлигин уланта алышпайт дейт:

- Бизде болгон окуялар Борбор Азия өлкөлөрүнө абдан чоң тийгизет. Эми Казакстандын президенти Назарбаев алты жыл эле президент болот. Анын алты жылдан кийин өз бийлигими кызым Даригага өткөрүп берем деген планы анык ишке ашпай калды. Муну биздин революциянын жыйынтыгы катары кароого болот. Ошондуктан Казакстанда алты жылдан кийин буларда да бийлик алмашуу болот деп айтсак жарашат.

XS
SM
MD
LG